Түгөлбай Сыдыкбеков: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Tynchtyk Chorotegin moved page Сыдыкбеков Түгөлбай to Сыдыкбеков, Түгөлбай: Тегатынан (фамилиясынан) соң үтүр коюлду.
мNo edit summary
1-сап:
Сыдыкбеков, Түгөлбай (14.5.1912 – 19.7.1997) - кыргыздын чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Эл баатыры.
 
==Кыскача өмүр жолу==
5-сап:
 
Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков Түп районундагы Кең-Суу айылында 1912-жылы туулган.
 
Кийинчерээк өзүнүн мектепке бара элек кызы Динарага 15-апрелден 15-майга чейинки күндөрдү жазган кагаз тилкелеринин бирин суурдуртуп, ага негизденип, шарттуу түрдө 14-май күнүн өзүнүн туулган күнү катары тандап алган.
 
1928–1931-жж. Фрунзедеги айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган.
 
1931–1936-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-жж. Кыргызмамбаста редактор болгон.
 
Кыргыз адабиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т.Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен узатты.
 
==Чыгармачылыгы==
Line 14 ⟶ 20:
Жазуучу «Манас жана Алмамбет» эпикалык драмасын (1942-ж.) (К.Рахматуллин менен авторлош), «Күчтүү жүрөк», «Канжар», «Кыштак кожоюндары» аттуу пьесаларды жазган.
Т.Сыдыкбеков А.С.Пушкиндин, Н.А.Некрасовдун, Д.Бедныйдын, А.П.Чеховдун, А.Серафимовичтин, М.Шолоховдун ж. б. чыгармаларын кыргызчага которгон.
 
Сүрөткердин турмушунда “Көк асаба” романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон, ал Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхый басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун “кара сандыгына” кабылып, көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийди. Автобиографиялык жана тарыхый, өмүр баяндык мазмундагы “Жол” (1982), “Бел-белес” (1996) романдары кыргыз эли тарабынан жылуу кабыл алынды. “Мезгил сабактары”, “Табылга” (1992), “Мен миң жыл жашадым” деген китептерине анын мезгил жана адам, коом жана инсан, тарых, тил, илим-билим, улуттук мурас, маданият ж.б. темалардагы атуулдук позициясын айкындаган макалалары жана маектешүүлөрү киргизилген.
 
==Сыйлыктары жана наамдары==
Line 20 ⟶ 28:
 
1936-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
 
Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1968-ж).
 
Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954-ж).
 
Т.Сыдыкбековдун «Люди наших дней» деп аталган романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган.
 
Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Элдердин достугу» ордендери, СССРдин көп медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамо-таларыграмоталары менен сыйланган.
 
Кыргыз Республикасынын туңгуч Баатыры.
 
==Чыгармалары==
Line 284 ⟶ 298:
* Т.Сыдыкбековдун диссиденттик ишмердиги - http://www.azattyk.kg/content/kyrgyz_ussr_collapse_azattyk_chorotegin/24303659.html <br>
* Т.Сыдыкбековдун өмүрү тууралуу - [http://slovari.yandex.ru/~книги/БСЭ/Сыдыкбеков%20Тугельбай/ "Яндекс.Словари"]
* http://kmborboru.wordpress.com/2012/05/23/ky-rgy-z-adabiyaty-ny-n-alp-chy-nary-t-g-lbaj-sy-dy-kbekov/
* http://shkolazhizni.ru/archive/0/n-52886/
* http://kmb3.kloop.kg/index.php/2012/05/23/arstanbek-sy-dy-kbekov-atam-k-r-g-ch-kishi-bolchu-2/
* http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/kp2/akyndar/section41.html
* http://kabar.kg/kyr/society/full/25597
 
[[Категория:Кыргызстан]]