Кыргыз тилинин азыркы абалы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
32-сап:
==Кечиримсиз каталыктар==
2-3 жыл мурдагы «Эмнемди жесем?» - деген күлкү келтирген жарнама эсиңерде бар чыгар. Азыр абал жарнама маселесинде мурдагыдан болор-болбос оңолгонсуп калды. Ошентсе да, кемчиликтер дагы эле толтура.<br>
 
Бир кичинекей мисал. Азыр сыналгыдагы жарнамалардан «саркеч» деген терминдин "модалуу" дегендей мааниде туура эмес колдонулушун жолуктуруп жүрөбүз. Муну Токтогулдун «Алымкан» деген ырынан алышкан окшойт. Ырда «Саркечтеп сайган жоолугуң,…Көккечтеп сайган жоолугуң» деген саптар бар. Бул терминди чечмелеп көрөлү. Жоолукту кештелеп саймалайт.. Сайманын сары кеште, көк кеште ж.б. деген түрлөрү бар. Демек так айтсак: «Сары кештелеп сайган жоолугуң» - болот. Бирок, бул сап ырдалганда жогоркудай кыскартылып калат. Демек, "саркеч" деген модалуу деген маанини бербейт.<br>
 
"Уюлдук телефон" эмес, "уюк телефон" деген туура. Сөздүн маанисин унутпайлы жана туура колдонолу.<br>
 
==Юдахинден бери чубалган ката==
Биздин [[гимн|гимнибиздеги]] «бейкут» термини тууралуу айтпай коё албайбыз. [[Фарси тили|Фарси тилинен]] кирген «бей» мүчөсү кыргызча «сыз» мүчөсүнө туура келип, "жок" дегенди билдирет. Алсак, бейбаш – башсыз, башы жок, бейбак – бактысыз, багы жок, бейтаалай – таалайсыз, таалайы жок. Ал эми "кут" сөзүнүн орусчасы "благодать" дегенди билдирип, кыргыздын турмушунда "кут болсун", "куттуктайм", "кутман" сыяктуу сөздөр жакшылык каалаган учурларда дайыма айтылат. Эми "бей" менен "кут" экөөнү жамап туруп, маанисине сереп салып көрөлүчү. Демек, "бейкут" – "кутсуз", "куту жок" дегенди билдирет турбайбы. «[[Бейкут]]» жакшылыкты билдирген сөз деген тараптагылар [[К.К.Юдахин|К.Юдахиндин]] сөздүгүнө таянышат экен. Юдахин жаңылбас болуптурбу? «Бей» мүчөсү башка бардык учурда «сыз» мүчөсүн, жок дегенди туюндуруп, жалгыз эле ушул учурда жакшылыкты билдирип калыптырбы?<br>