Жүрөк: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 10 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q2419844 (translate me) |
No edit summary |
||
5-сап:
[[File:Жүрөк.png|thumb|right|Кишинин жүрөгүнүн А — арт жагынан көрүнүшү, Б — узунунан жара кесилиши; 1— жүрөктүн учу; 2—сөл карынча; 3—оң карынча; 4—сол кулакчасы; 5—перикард (кесилип салынган); 6— жогорку көңдөй вена; 7—толто; 8—өпкө артериясынын оң жана сол бутагы; 9—жүрөктүн таажы сымал венасы; 10—сол өпкө венасы; 12—сол дүлөйчө; 13—оң дүлөйчө; 14—төмөнкү көңдөй вена; 15— жүрөктүн таажы сымал артериясы; 16— оң дүлөйчө көңдөйү жана өпкө веналарынын тешиктери; 17—кош капкалуу клапан; 18—сол карынча көңдөйү; 19—сол карынчанын булчуңдуу капталы; 20—карынчалардын ортосундагы булчуңдуу тосмо; 21— оң карынча көңдөйү; 22— үч капкалуу клапан; 23-оң дүлөйчө көңдөйү жана төмөнкү көңдөй вена тешиги; 24— дүлөйчөлөр ортосундагы тосмо.]]
Толто менен өпкө артериясынын уңгусунда жарым ай сымал клапандар жайгашып, карынчалар жыйрылып бүткөндө канды кайра агызбай тосуп калат. Кээ бир ооруларда (мисалы, ревматизм, атеросклероз жана башка) Жүрөк клапандары бузулуп, жабылбай калып, Жүрөктүн иши бузулат да жүрөк кемтиги пайда болот. Жүрөктүн өткөргүч, [[Кан-тамырлар|кан тамыр]] жана нерв системалары бар. Дүлөйчөлөр менен карынчалардын туура ырааттуу жыйрылышын
Жүрөктө алмашуу процесси өтө жогору болгондуктан андагы капиллярлар да өтө жыш, ар бир булчуң талчалары капилляр менен камсыз болгон. Жүрөктүн нерв системасы жүрөк ишин жөнгө салып турат. Жүрөккө адашма нервдин, ошондой эле симпат нервдин талчалары кирет.
|