Кыпчактар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
13-сап:
 
== Кыпчактар ==
'''Кыпчактар''' – [[Борбордук Азия]]дагы байыркы түрк урууларынын бири. Кээ бир синологдордун (мисалы, Ф. Хирт, П. Будберг) көз карашы боюнча Кыпчактар тууралуу алгачкы маалыматтар кытай хроникаларында «сйе» жана «яньто», Тонйукукта «сир» түрүндө кездешет. Кийин сйелер яньтолорду багындырып сйеяньто (Сыр-Тардуш) уруусун түзгөнү жана алар уйгур, байегу, тунло, пугу сыяктуу эле хунндардын тйелэ (телес, теле) уруусунун бир бутагы экени айтылат. [[Махмуд Кашгари]] кыргыз, огуз, тухси, чигил, ягма ж. б. менен бирге Кыпчактар да таза түрк тилинде сүйлөгөнүн белгилесе, мусулман жазма даректеринде «кыфчак», «кыбчак», орус жыл баяндарында «половцы», батышта «куман», «коман» түрүндө берилген. Бирок кээ бир окумуштуулардын (мисалы, Султанов Т. И., Кляшторный С. Г.) ою боюнча байыркы кытай хроникаларында кездешкен «кюеше» («цзюше») этноними фонетикалык жактан Кыпчактарга эч кандай тиешеси жок. Жазма маалыматтарда алгачкы жолу уйгурлардын каганы Моюн Чурдун эстелигинде эскерилип (751-ж.), уйгурлар 50 жыл аларга көз каранды болгону айтылат. Кытай хроникалары боюнча жужаңдардын империясы кулагандан кийин (552) сеяньтолор [[Түрк]], анан Батыш Түрк кагандыгына карап, башка түрк уруулары менен Чыгыш Тянь-Шандан баштап, Түштүк-Батыш Алтай аймагын ээлешкен. Түрк каганатынын кыйрашы менен (630) саясий аренага сеяньто жана уйгурлар чыгып, көп өтпөй эле кээ бир түрк урууларына (тогуз-огуз) бириккен сеяньтолор Ильтэр тукуму башында турган өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишкен. Кыпчактардын күчөп баратышы Тан империясын кооптонгдуруп тургандыктан, алар 630–640-жылдары [[уйгур]] жана [[огуз]] уруулары менен союз түзүп, сеяньтолорду катуу кырышкан. 735-жылдан баштап сир этноними жоголуп, 8-кылымдагы руника тексттери менен араб маалыматтарында ([[Ибн Хордадбек]], [[Гардизи]], [[Ибн ал-Асир]]) Кыпчактар (кыбчак, хифджак ж. б.) түрк урууларынын бири экени жана алар кара, ак, сарылар болуп бөлүнгөнү тууралуу айтылат. Бул уруу бирикмеси 8–9-кылымдарда кимактар менен этносаясий карым-катнашта болуп, 10–11-кылымдарда эки багытка – түштүктө [[Мавераннахр]], батышта Волга боюна тараган. Бул мезгилде Кыпчактардын кайрадан күч алышы менен печенегдер Дон, Дунай дарыясынын жээктерин карай чегинет. Махмуд Кашгаринин эмгегинде 9-кылымда Кыпчактар имак, карабөрүк, субар, каңлы, токсаба, бөрүлүү сыяктуу уруулардан турган. Кээ бир араб, фарси даректери боюнча 12–13-кылымдарда [[Иртыш]]тан Дунайга чейинки эбегейсиз зор аймакка үстөмдүк кылышкандыктан, ал жерлер Дешт и-Кыпчак (Кыпчак талаасы) деп аталып калган. 13-кылымда моңголдордун чабуулуна байланыштуу Кыпчактардын бир бөлүгү аларга баш ийип калышса, айрымдары Балкан жарым аралын көздөй жылып кеткен. Батый хан негиздеген Алтын Ордонун негизги бөлүгүн Кыпчактар түзүп, ал ыдырагандан кийин ар кайсы улустун курамында калышкан. Негизинен Кыпчактар ээлеген аймактын этностук абалы бир кылка болгон эмес, ошондуктан алар кимак, кыргыз, печенег, булгар, хазар, берендей, истяк ж.б. угро-фин этнокомпоненттерине сиңип турушкан. Мисалы, азыркы [[каракалпак]], башкыр, [[лакай]], кыргыз, түркмөн, алтай, [[ногой]] жана крым татарлары сыяктуу түрк тилдүү элдердин курамында кыпчак уруулары көп кездешет. [[Казак]] эли болсо өздөрүнүн этногенезин Кыпчактар аркылуу түзүлгөн деп эсептешет. Кыргыздардын ичиндеги Кыпчактар санжырада бир нече уруктардан куралат. Ичкилик (Булгачы) курамына кирип, көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча байыркы Кыпчак уруулары мненн түз байланышы бар этностук компонент болуп саналат. Санжыра маалыматтарында Кыпчактар тогуз уруу: таз, торайгыр, кожомшүкүр, жартыбаш, шерден, кармыш, жаманак, омонок, алтыке болуп таралат. Көпчүлүк бөлүгү Түштүк Кыргызстанда (Фергана өрөөнү) туруп, кыргыздар менен жашагандар жалпы жонунан «кыргыз кыпчак» («тору кыпчак»), өзбектерге жакындар «сарт кыпчак» («сары кыпчак»), казактар менен аралаш тургандар «казак кыпчак» («кара кыпчак») деп аталып калган деп айтылат. Бирок илимий көз караштар боюнча аларды өзбек, каракалпак ж. б. курамындагы Кыпчактар менен салыштырууга болбойт, алардын түзүлүшү башкача экени байкалып, ал эми казактардын ичиндеги Кыпчактарда да торайгыр тобу кездешет. Ошондуктан алардын теги алтайлык уруулар менен байланышта болгон деп кароого болот. Негизинен Түндүк Кыргызстандын Чүй (Аламүдүн, Кант, [[Чүй]], [[Кемин]] ж. б. районндор), [[Нарын]] (Нарын, Ак-Талаа, Ат-башы, Кочкор ж. б.), [[Ысык-Көл]] (Тоң, Түп) өрөөндөрүнүн кээ бир айылдарында уруу-уруу болуп чогуу турушат. Негизинен бул аймактарда жашаган Кыпчактар өздөрүнүн түпкү тегин Түштүк Кырггызстандан чыккан деп эсептейт жана кыргыз эпосторунун башкы каармандары [[Эр Төштүк]], Курманбек, Жаныш, Байыш, Эр Үрбү, Шырдакбек сыяктуу баатырлардын уруусу Кыпчак экени айтылат. Ал эми Мажму ат-Таварихте 92 боолуу өзбектин (илатийа) бири катары эскерилип, башка бир оозеки санжыраларда да Абубакир Садык деген адамдан 92 уул болуп, анын чоң атасы Кыпчак болгон.
Түрк тилдеринин классификациясы боюнча батыш хунн тобундагы кыпчак бутагы орто кылымдан баштап кийинки кыргыз, казак, түркмөн, уйгур, каракалпак, татар, башкыр, кумык, карачай, балкар, көчмөн өзбек, коңурат, катаган, лакай ж. б. элдердин калыптанышына чоң таасир тийгизгени белгиленет. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө да кыпчак тилинин таасир тийген. Ал эми ар кайсы элдин курамына кирген (мисалы, каракалпак-кыпчак, казак-кыпчак, ногой-кыпчак, башкыр-кыпчак ж. б.), кыпчак уруу аталыштарындагы эн тамга, этноним, тамга белгилеринин ортосунда этногенетикалык жалпылыктар бар.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кыпчактар" булагынан алынды