Маша жана Аюу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
37-сап:
== Эл аралык деңгээлге чыга алган ==
Негизи, аталган мультсериалды 3төн 9 жашка чейинки кичинекей балдар үчүн деп болжолдошкон. Бирок мультфильм жаратуучуларды ата-энелер да калтырбай көргөнү таң калтырган. “[[Түнүңөр бейпил болсун, балдар]]” берүүсүнүн көрүүчүлөрүнүн 24 пайызы гана балдар, ал эми 76 пайызы чоңдор болуп чыккан. Бул да болсо мультфильмдин чоңдор арасындагы популярдуулугунан кабар берет.
Мындан сырткары [[француз]], [[испан]], [[кыргыз]], [[эстон]], [[латыш]], [[литва]] тилдерине которулган. Эл аралык деңгээлге чыга алган “Маша менен аюу” мультфильми 1 жарым жыл аралыгында 16 сыйлык алган. Кыргызстанда "Jyrgal Media" борбору тарабынан 2010, 2011-жылдары 20 сериясы кыргызчаланган.
 
Авторлордун билдирүүсүндө, мультфильм [[Европа|Европада]] жакшы кабыл алынууда. Анткени [[анимация]] дүйнөсүндө классикага айланган “[[Том менен Жерри]]”, “[[Сениби, шашпа!]]” мультфильмдери диалогдук түрдө эки адамдын сүйлөшүүсү аркылуу алардын кыймыл-аракетин берсе , “Маша менен аюуда” [[диалог]] жок. Аюу [[эмоция|эмоциясын]] ымдап, [[мимика]] жана [[клоун|клоундук]] аракеттери менен гана түшүндүрө алат. Анимацияда клоунада эң татаал болуп эсептелет. Бул режиссёрдон бир топ түйшүктүү эмгекти талап кылары анык.
 
Ал эми Кыргызстанда жеке ишкер Жыргалбек Ажиматовдун котормо борбору "Жыргал Медиа" тарабынан 2010, 2011-жылдары 20 сериясы кыргызчаланган. Кыргыз коомчулугу кыргызча котормолорун аябай кызуу кабыл алышкан жана калктын басымдуу көпчүлүгү оң баасын берип келишет. Машанын үнүн коштогон Жыргалбек кызы Акбермет. Которгон жана даярдаган Жыргалбек Ажиматов. Кыргыз телеканалдары да "Жыргал Медиа" борборунда кыргызчаланган "Маша жана Аюу" мультфильминин серияларын эфирден берип турушат.
 
== Алган сыйлыктары ==