Бакен Кыдыкеева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
{{Маданият ишмери
{{delete}}
|Ысымы = Бакен Кыдыкеева <br />[[Файл: Народный артист СССР Бакен Кыдыкеева.jpg|thumb]]
Бакен Кыдыкеева – азыркы кыргыз эли үчүн бул ысым жаңы улуттук маданияттын символу десем аша чаппас элем. Кыргыз элинин байыркы замандарынан бери картайбай келе жаткан рухий салттарынын өрнөгүндө тарбия алган, дээрин секелек кыз кезинен эле манасчылар, төкмөлөр, куу дулдар сыяктуу эл ичинен өнөрпоздордун тандайларынан чаң чыккан улуттук улуу таланттардын кереметтүү искус ствосу ээлеген, табиятынан оюнга ынак Бакен Кыдыкеева он төрт жашынан тартып театр өнөрүнө аралашып, кийин жалпы улуттук масштабдагы улуу актрисага айланды. Мындай дөөлөткө жалпы улуттук масштабдагы улуу инсандын кадырбаркына ээ болгон өнөр ээлери кыргыз элинде өтө сейрек. Ошол сейрек инсандардын бири Бакен Кыдыкеева.
|Расмий ысымы =
|Сүрөтү = Файл: Народный артист СССР Бакен Кыдыкеева.jpg
|Туурасы =
|Сүрөттүн аталышы =
|Туулганда берилген ысымы = Бакен Кыдыкеева
|Туулган жылы = [[20-октябрь]] [[1923-жыл]]
|Туулган жери = Төкөлдөш айылы, <br />Пишпек уезди, [[Туркестан АССРи]], [[РСФСР]],[[СССР]]
|Каза болгон жылы = 30.12.1993
|Каза болгон жери = [[Бишкек]], [[Кыргыз Республикасы]]
|Жарандыгы = [[Кыргызстан]]
|Кесиби = актриса
|Театр = Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театры<br />Тянь-Шань музыкалык драма театры<br />Пржевальск драма театры<br /> [[Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры]]
|Сыйлыктары =
{{{!}} style="background:transparent"
{{!}} {{Ленин Ордени}}
{{!}}}
{{{!}} style="background:transparent"
{{!}}{{СССР эл артисти|1970}}
{{!}}}
|imdb_id =
|Сайты =
}}
 
'''Бакен Кыдыкеева''' ([[1923]] — [[1993]]) — советтик жана [[Кыргызстан|кыргыз]] [[театр]] жана [[кино]] актрисасы . [[СССР эл артисти]] (1970).
Бакен Кыдыкееванын ушул өзгөчөлүгү эпикалык ай көлдүгү, даанышмандыгы дароо баамга түшө турган касие ти. Улуу актрисанын европалык репертуардан тартып, орус драматургиясы, кыргыз пьесаларында жараткан ар кьш об раздарын бириктирип турган ички жалпьшык да, алардын рухий дүйнөлөрүнүн айкөлдүгү. Сабырдуулук айкөлдүктүн башаты. Сабырдуулук даанышмандыктын белгиси. Кыязы “Бакен, Бакен” атыгып, эл оозунан түшпөй, кыргыздардын жүрөгүнө өтө сүймөнчүлүктүү болгонунун эң башкы сыры да актрисанын ушул касиети. Дегинкиси, театр адистеринин, калемгерлердин мүнөз дөмөсү менен “эл кызы” атка көчкөн улуу актриса кыргыз театры үчүн кайталангыс, уникалдуу көрүнүш. Бакен Кыдыкеева сахналык жашоосунда да, жеке турмушунда да бул ыйык сезимге аяр мамиле кьшган, алпештеп таза сактаган, ошого берилген, аны эч качан сатпаган адам. Тагдырдын кандай гана соккулары болбосун кабагымкашым дебестен, солк этпей көтөрө билген, эрки күчтүү аял заты.
 
== Кыскача өмүрбаяны ==
Бакен Кыдыкееванын ысымы менен кыргыздын улуттук маданиятынын көптөгөн тарыхый башталыштары, окуяла ры тыгыз байланышып турат. Кыргыздын улуттук алгачкы толук метраждуу көркөм киносу да Бакен Кыдыкеева менен байланышкан. “Салтанат” чыны менен эле “кыргыз кереме ти” деп аталган улуттук кинонун чыныгы салтанаты болуп калды. Улуттук көркөм маданияттын символуна айланды. “Төкөлдөштүн төрт кызы” деп атагы кеткен Сабира Күмү шалиева, Сайра Кийизбаева, Даркүл Күйүкова эжелеринин эң кенжеси, тирүү легендага айланганы Бакен Кыдыкеева болуп эсептелет.
1923-жылы 20-октыбрьда Төкөлдөш [http://persona.rin.ru/view/f/0/19000/kydykeeva-baken] айылында (учурда Бишкек шаары) туулган.
 
Орто мектепти 7-класска чейин окуп, окуусун 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрында (учурда Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жаш көрүүчүлөр мимлекеттик театры) уланткан
Ушул кезге чейин Бакен Кыдыкеева жөнүндө жазылган эки китеп Бакен Кыдыкееванын таланты, анын кыргыз те атры менен киносунда ээлеген орду, 20кьшымдагы улуттук көркөм маданияттагы баасы жөнүндө улам жаңы көз караш жаралып турарында эч кандай шек жок. Бакен Кыдыкеева жараткан образдар кылымдарга чейин ташка тамга баскандай болуп сакталып турат. Кыскасы, Бакен Кыдыкееванын таланты улуттук тарыхта өз баасын алды.
 
Бакен Кыдыкееванын атасы, анын театралдык окуусуна каршы болгондугуна байланыштуу, ал 14 жашында театрды таштоого мажбур болот. Театрга келип, кетүүгө арыз жазаар күнү, театрдын режиссеру [[Самарин-Волжский, Арнольд Маркович|А. Самарин-Волжский]] Бакен Кыдыкееванын эмне жумуш келгенин ойго албай, [[Лопе де Вега|Лопе де Веганын]] «[[Овечий источник]]» спектаклына башкы каарман Лауренсиянын ролун берет. Бакен Кыдыкеева, арыз жазуу үчүн келгенин айта албай рольдон баш тартпай аны алат. Атасынын каарынан коркуп, бир нече күн үйүнө келген эмес. Спектакльдын үчүнчү күнүндө Бакен Кыдыкеева үйүнө келгенде, эшик алдында гезит окуп жаткан атасын көрөт. Атасы Бакен Кыдыкееванын жанына басып келип - "Бакен, бул жерде жазылып жүрөт: Бакен Кыдыкеева «Овечий источник» спектаклында башкы каармандын ролун мыкты аткарды" - деп, бул сенсинби?" Бакен Кыдыкеева корккондугунан башын ийкегенде, атасы чекесинен сүйүп, анын эң биринчи күйөрманы болуп калат.
Булак: [http://kyrgyzinfo.ru Кыргыз Инфо. Эстебесов Дастан]
 
1941-1944-жылдары актриса [[Пржевальск|Каракол]] жана [[Нарын|Нарын шаары]] обоастык театрларынын актрисасы, 1944-жылдан баштап [[Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры|Кыргыз академиялык драма театрынын]] актрисасы болуп эмгектенет.
 
Бакен Кыдыкеева өз таланты менен кыргыз сахнасын багынтып, кино жаатында да ролдорду аткарган. Анын чыгармачылык биографиясында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. Аны "алгачкы" деп аташкан, анткени Бакен Кыдыкеева алгачкылардан болуп х [[Шекспир, Вильям|шекспирдеги]] айымдардын ролдорун жана башка дүйнөлүк пьесалардын авторлорунун чыгармаларын биринчилерден болуп кыргыз сахнасына алып чыккан. Ал биринчилерден болуп, алгачкы улуттук толук метраждуу "Салтанат" деп аталган кинотасмасында баш каармандын ролун аткарган. [[Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович|Чыңгыз Төрөкуловичтин]] алгачкы «Бетме-бет» спекталинде биринчилерден болуп Сейденин ролун аткарган.
 
Бакен Кыдыкеева бир гана Кыргызстанда эмес, аны кошуна өзбек, казак киностудиялары байма-бай чакырып турушкан. Кыргыз ССР кинематографистер Бирикмесинин мүчөсү.
Үч жолу турмушка чыккан. 33 жашында кызы кырсыктан каза болгон, эки уулу бар. Алардын бири апасынын жолуна түшүп музыка жаатында эмгектенет.
Расмий документтер боюнча, Бакен Кызыкеева 1994-жылдын 15-январында көз жумган.
 
<gallery>
Файл:Baken Kydykeeva with jurt.jpg|
Файл:Baken Kydykeeva.jpg|
Файл:Kydykeeva Baken.jpg|
Файл:Бакен Кыдыкеева.jpg|
</gallery>
 
=== Театралдык ролдору ===
* Лауренсия ([[Лопе де Вега]], “[[Овечий источник]]”)
* Бермет (К. Эшмамбетов, “Саранжы-Бөкөй”)
* Гулаим (О. Сарбагишев, “Көөкүль”)
* Оксана (К. Эшмамбетов, “Черный туман”)
* Айганыш (К. Жантөшев, “Курманбек”)
* Жаркын (А.Куттубаев, К. Маликов, “Жаңыл-Мырза”)
* Варя ([[Константин Симонов|К. Симонов]], “[[Русские люди]]”)
* Айдай (Р.Шүкүрбеков, “Месть”)
* Бермет (Р.Шүкүрбеков, “Друзья”)
* Мария Антоновна ([[Гоголь, Николай Васильевич|Н.В. Гоголь]], “[[Ревизор (комедия)|Ревизор]]”)
* Жесси (К. Симонов, “Русский вопрос”)
* Ульяна Громова ([[Фадеев, Александр Александрович|А.Фадеев]], «[[Молодая гвардия (роман)|Молодая гвардия]]»)
* Какей (М. Токобаев, «Горемычный Какей»)
* Дездемона ([[Шекспир, Вильям|В.Шекспир]], «[[Отелло]]»)
* Лариса Огудалова ([[Островский, Александр Николаевич|А.Н.Островский]], «[[Бесприданница]]»)
* Айша ([[Абдумомунов, Токтоболот|Т.Абдумомунов]], «Курман»)
* Варвара ([[Максим Горький]], «Егор Булычев и другие»)
* Анаргүль (Т.Абдумомунов, «Узкое ущелье»)
* Си Эр (Хе Цзинь, Чжин Дин Нин, «Седоволосая дева»)
* Ведьма (А. Көбөгөнов, «Болот и Тынар»)
* Майсалбүбү (Т.Абдумомунов, «Узкое ущелье»)
* Катерина (А.Н. Островский, «[[Гроза]]»)
* Фань И (Цао Юй, «Тайфун»)
* Комола ([[Тагор, Рабиндранат|Рабиндранат Тагор]], «Дочь Ганга»)
* Елена Андреева ([[Чехов, Антон Павлович|А.П. Чехов]], «[[Дядя Ваня]]»)
* Анна Каренина ([[Толстой, Лев Николаевич|Л.Н. Толстой]], «[[Анна Каренина]]»)
* Фань И (Цао Юй, «Тайфун»)
* Cейде ([[Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович|Ч. Айтматов]], «[[Лицом к лицу (книга)|Лицом к лицу]]»)
* Ксения Ивановна (С.Алешин, «Палата»)
* Гонерилья (В.Шекспир, «Король Лир»)
* Софья ([[Грибоедов, Александр Сергеевич|А. Грибоедов]], «[[Горе от ума]]»)
* Любовь Яровая ([[Тренев, Константин Андреевич|К. Тренев]], «[[Любовь Яровая (пьеса)|Любовь Яровая]]»)
* Мария Александровна (И. Попов, «Семья»)
* Жамал (А. Дыйканбаев, «Живая вода»)
* Эркеайым (Ш. Садыбакасов, «Сивый скакун»)
* Мать Долорес ([[Чапек, Карел|Карел Чапек]], «[[Мать]]»)
* Королева (Тамара Габбе, «Волшебные кольца Альманзора»)
* Комиссар ( [[Вишневский, Всеволод|Вс. Вишневский]], «[[Оптимистическая трагедия (пьеса)|Оптимистическая трагедия]]»)
* Каныкей ([[Садыков, Жалил|Ж. Садыков]], «[[Семетей]] – сын [[Манас]]а») и др.
 
=== Фильмографиясы ===
* Салтанат («Салтанат» тасмасы), 1955
* Бурма («Токтогул» тасмасы), 1959
* Райхан («Перевал» тасмасы), 1961
* Чернуха («Первый учитель» тасмасы), 1965
* Слепая («Белые горы» тасмасы), 1964
* Толгонай («[[Материнское поле]]» тасмасы), 1967
* Комиссар («Всадники революции» тасмасы), 1968
* Жена Жарасбая («Выстрел на перевале Караш» тасмасы), 1968
* Джайдар («Бег иноходца» тасмасы), 1968
* Мекке («Тайна предков» тасмасы), 1972
* Сеиль («Улица» тасмасы), 1972
* Хадича-хон («Встречи и расставания» тасмасы), 1973
* Санем (киноальманах «Ласточки прилетают весной»), 1974
* Мать Алпамыса («Алпамыс идет в школу» тасмасы), 1976
* Ибрагимова («Поле Айсулуу» тасмасы), 1976
* Асылкан («Зеница ока» тасмасы), 1976
* Батма («Как пишется слово Солнце|Аманат» тасмасы), 1978
* Салтанат («Каныбек» тасмасы), 1978
* Мать («На ринг вызывается...» тасмасы), 1979
* «Процесс» тасмасы, 1979
* Бермет Шакировна («Тринадцатый внук» тасмасы), 1982
* Кумриапа («Наш внук работает в милиции» тасмасы), 1984
* «Через две весны» тасмасы, 1985
* «Зять из провинции» тасмасы, 1985
* Мать Саргалдая («Гибель во имя рождения» тасмасы), 1988
 
== Сыйлыктары жана наамдары ==
* [[Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти]] ([[1947]])
* [[Кыргыз ССРнин эл артисти]] ([[1956]])
* [[СССР эл артисти]] ([[1970]])
* [[Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгы]] (1970)
* [[Бүткүлсоюздук кинофестиваль|Бүткүлсоюздук кинофестивалынын]] «Актердук жумушу үчүн байге» номинациясынын лауреаты, 1977-жыл)
* [[Ленин Ордени]]
* Медалдар.
 
== Шилтемелер ==
* [http://www.literatura.kg/articles/?aid=97 Талант жана тагдыр. «Кыргызстандын жаңы адабияты»]
* [http://www.kino-teatr.ru/kino/acter/w/sov/28489/bio/ Бакен Кыдыкеева]
* [http://kyrgyzinfo.ru/tekst/kyrgyz-tili/baken-kydykeeva-uluu-aktrisa.html Бакен Кыдыкеева – улуу актриса]
* [http://kyrgyzsalam.net/gezitter-turmogu/661-baken-kydykeeva-unutuldubu.html Бакен Кыдыкеева унутулдубу?]
 
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Кыргызстан‎]]
[[Категория:Маданият]]
[[Категория:Артистер]]
[[Категория:Театр]]
[[Категория:Кино]]