Маша жана Аюу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
26-сап:
 
== Жаралуу тарыхы ==
«Маша менен аюу» кичинекей балдардын аудиториясына арналган. Үч көлөмдүү графикада тартылган мультфильмди алгач 2009-жылы жаш көрүүчүлөр “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнөн көрө башташкан. Мультфильмдин автору – [[Кузоков Олег|Олег Кузовковдун]] мультипликацияда 20 жылдык иш тажрыйбасы бар. “Маша менен аюу” мультсериалын жаратуу идеясы ага мындан 14 жыл мурун [[Крым|Крымда]] эс алып жүргөн кезинде келген. Ал тууралуу Олег мындай дейт: “Пляжда эч нерседен тартынбаган кичинекей шок кыз бар эле. Кыз бүт чоңдорду сууга секиртип, токойдо издеттиргенине күбө болдум. Акыркы күндөрү анын ата-энеси кызынын ар бир баскан кадамын аңдып калышкан болчу. Бир чети кичинекей кыздын шоктугуна күлкүм келсе, бир чети ата-энесине боорум ооруган. Ошондо ошол шок кыз жөнүндө күлкүлүү бир [[мультфильм]] жараткым келген. [[2007]]-жылы демөөрчүлөрдү таап, колдоо алганда гана планымды ишке ашырууга кириштим”,- дейт. Демек, мультфильмдеги Машанын чыныгы жашоодогу прототиби бар.
 
[[Файл:Маша.jpg|250px|thumbnail|left]]
41-сап:
Авторлордун билдирүүсүндө, мультфильм [[Европа|Европада]] жакшы кабыл алынууда. Анткени [[анимация]] дүйнөсүндө классикага айланган “[[Том менен Жерри]]”, “[[Сениби, шашпа!]]” мультфильмдери диалогдук түрдө эки адамдын сүйлөшүүсү аркылуу алардын кыймыл-аракетин берсе , “Маша менен аюуда” [[диалог]] жок. Аюу [[эмоция|эмоциясын]] ымдап, [[мимика]] жана [[клоун|клоундук]] аракеттери менен гана түшүндүрө алат. Анимацияда клоунада эң татаал болуп эсептелет. Бул режиссёрдон бир топ түйшүктүү эмгекти талап кылары анык.
 
Ал эми Кыргызстанда жеке ишкер Жыргалбек Ажиматовдун котормо борбору "[[Жыргал Медиа]]" тарабынан [[2010]], [[2011]]-жылдары 20 сериясы кыргызчаланган. Кыргыз коомчулугу кыргызча котормолорун аябай кызуу кабыл алышкан жана калктын басымдуу көпчүлүгү оң баасын берип келишет. Машанын үнүн коштогон Жыргалбек кызы Акбермет. Которгон жана даярдаган [[Ажиматов Жыргалбек |Жыргалбек Ажиматов]]. Кыргыз телеканалдары да "Жыргал Медиа" борборунда кыргызчаланган "Маша жана Аюу" мультфильминин серияларын эфирден берип турушат.
 
== Алган сыйлыктары ==