Кыргызстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
89-сап:
 
 
== ЭгемендууЭгемендүү Кыргыз Республикасы ==
Президентти шайлоо жана мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндөгү Декларация
1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген.Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн.Мыйзам чыгыруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн.СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген.1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган.1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан.Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган.
1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынынтарыхыйшаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарынышаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген.
1991-ж. 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен.1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоо.КМШнын түзүлүшү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган.Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кыргызстан" булагынан алынды