Нобель сыйлыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Нобель сыйлыгы.jpg|300270 px|thumb|Нобель сыйлыгы]]
Нобель сыйлыгы- жыл сайын берилүүчү эл аралык сыйлык. Ал швед инженер-химиги, ойлоп-тапкыч жана ө.ж. ээси [[Нобель Альфред Бернхард]] тарабынан белгиленген.
==Сыйлыктын келип чыгышы==
Нобельдин керээзи боюнча калган казынасынан Нобель фондусу түзүлгөн (31 миллиондон ашык швед крону); бул каражат акцияга, заёмго жана облигацияга айландырылып, алардан түшкөн киреше тептеӊ бешке бөлүнөт да, Нобель сыйлыгы катары [[физика]], [[химия]], [[физиология]] же [[медицина]] жана [[адабият]] жаатындагы мыкты эмгек авторлоруна жана тынчтык чыӊдоого эмгеги өткөндөргө берилет. 1968- жылы [[Швеция|Швециянын]] мамлекеттик банкы өзүнүн 300- жылдык тоюнда Нобелдин урматына жыл сайын экономика илим жаатына да берилчү сыйлык бекитти.
Нобель сыйлыгы А.Альфред Нобелдин сүрөтү бар алтын медаль, диплом жана акчадан (30- 70 миӊ доллар) турат.
==Сыйлыкты ыйгаруу тартиби==
Нобель сыйлыгын ыйгаруу А.Нобельдин керээзине ылайык [[Стокгольм|Стокгольмдогу]] Король ИАга (физика, химия, экономика боюнча), Король Каролин мед.- хирургия институтуна (физиология же медицина боюнча) жана Швед академиясына (адабият боюнча), Норвегия парламентинин Нобель комитетине (тынчтыкты чындоо иши боюнча) тапшырылган. Нобель сыйлыгы кандидаттардын расасына, улутуна, динине жана жынысына карабастан ыйгарылат. Нобель сыйлыгынын тынчтыкты чындагандарга берилчүсүнөн башкасы бир кишиге бир гана жолу берилет. Өтө баалуу ийгилик жаратышканы үчүн М.Склодовская-Кюри (1903, 1911), Л.Полинг (1956, 1972) гана эки мертебе берилген.