Тагай конфедерациясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Макала жазылууда... '''Арка конфедерациясы''' — XVIII кылымдын орто чени - XIX кылымдын биринчи чейрег..."
 
No edit summary
1-сап:
Макала жазылууда...
 
'''Арка конфедерациясы''' — XVIII кылымдын орто чени - XIX кылымдын биринчи чейрегине чейинки мезгилде жашаган, [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] түндүк-батыш аймактарын жердеген [[кыргыз уруулары|кыргыз урууларынын]] бирикмеси. Бул бирикмеге айрым тарыхчылар '''Тагай конфедерациясы''' деген аталышты да берип келишет, убагында кытайлар тарабынан '''Чыгыш буруттары''' деп аталган, ал эми кыргыз элинин тарыхый өз эстутумунда '''Аркалык кыргыздар''' катары эскерилип келет. Калмак жапырыгынан улам түштүк-батыш тарапка сүрүлгөн түндүк кыргыз уруулары [[Жуңгар хандыгы|Жуңгар хандыгынын]] кулашынан соң Аркаата депжуртуна аталган атаАркага журтуна кайтып келип, [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгына]] киргенге чейин дээрлик 70-90 жылча, [[Батыш-кыргыз конфедерациясы|Батыш-кыргыздары]] менен удаа эле көзкарандысыз бирикмени түзүп турушкан.
 
== Тарыхы ==
=== Ата журтту кайтарып алуу аракети ===
1680-жылдын аягы – 1690-жылдын башталышында калмак баскынчылыгына туруштук бере албаган, калмактарга жакын жайгашкан айрым кыргыз уруулары түштүк-батыш тарапка көчүүгө мажбур болушкан. Бул уруулардын көбүнчөсү тагай тектүү уруулар менен айрым сол уруулар болгон жана Фергана өрөөнүнөн Гиссар, Кулябга чейинки жерлерге киришкен. Ушундан тарта, алар мусулман журттарынын калмактарга каршы күрөшүнүн активдүү катышуучары катары тааныла баштаган. Бул күрөштүн көрүнүктүү жетекчилеринин бири болгон Мааматкул бий 1732-жылдар чамасында Кетментөбө өрөөнүнө кыргыздарды топтоп, калмактарга каршы күрөштү уланткан.
Ушул мезгилде Кетментөбөдө Мааматкул бий башында турган түндүк кыргыз урууларынын өз алдынча чакан конфедерациясы – мамлекет түзүлүшү калыптанган. Мааматкул бийдин байтактысы ошол өрөөндүн Коңурөгүз деген жеринде жайгашып, солто уруусунун башчысы Кошой бий анын жардамчысы болгон. Өрөөн табигый чепке окшош болгондуктан калмактарга каршы аскердик иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана уруулардын саясий биригишине ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 1740-жылдын 2-жарымында Мааматкул бийдин жана Кошойдун жетекчилиги менен калмактардын күчтөрү топтолгон Таластын оозу Капкага, Чүйдүн Каракыштагына, Сокулукка жана Акбешимге кыргыз кошуундары чабуул коюп, Алатоону баскынчылардан бошотуу процесси башталган. Жуңгар хандыгынын Цин империясы тарабынан жок кылынышына чейин кыргыздар Талас, Жумгал, Атбашы жерлерин ээлеп калууга жетишип калышкан эле.
 
=== Цин империясын таануу ===
=== Толук калыптанышы ===
 
 
== Эскертүүлөр ==