Тагай конфедерациясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Макала жазылууда...
 
'''Арка конфедерациясы''' — XVIII кылымдын орто чени - XIX кылымдын биринчи чейрегине чейинки мезгилде жашаган, [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] түндүк-батыш аймактарын жердеген [[кыргыз уруулары|кыргыз урууларынын]] бирикмеси. Бул бирикмеге айрым тарыхчылар '''Тагай конфедерациясы''' деген аталышты да берип келишет, убагында кытайлар тарабынан '''Чыгыш буруттары''' деп аталган, ал эми кыргыз элинин тарыхый өз эстутумунда '''Аркалык кыргыздар''' катары эскерилип келет. Калмак жапырыгынан улам түштүк-батыш тарапка сүрүлгөн түндүк кыргыз уруулары [[Жуңгар хандыгы|Жуңгар хандыгынын]] кулашынаналсыроо соңубагында ата журтуна — Аркага — кайтып келип, [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгына]] киргенге чейин дээрлик 70-90 жылча, [[Батыш-кыргыз конфедерациясы|Батыш-кыргыздары]] менен удаа эле көзкарандысыз бирикмени түзүп турушкан.
 
== Тарыхы ==
=== Ата журтту кайтарып алуу аракети ===
1680-жылдын аягы – 1690-жылдын башталышында калмак баскынчылыгына туруштук бере албаган, калмактарга жакын жайгашкан айрым кыргыз уруулары түштүк-батыш тарапка көчүүгө мажбур болушкан. Бул уруулардын көбүнчөсү тагай тектүү уруулар менен айрым сол уруулар болгон жана Фергана өрөөнүнөн Гиссар, Кулябга чейинки жерлерге киришкен. Ушундан тарта, алар мусулман журттарынын калмактарга каршы күрөшүнүн активдүү катышуучары катары тааныла баштаган. Бул күрөштүн көрүнүктүү жетекчилеринин бири болгон Мааматкул бий 1732-жылдар чамасында Кетментөбө өрөөнүнө кыргыздарды топтоп, калмактарга каршы күрөштү уланткан.
Ушул мезгилде Кетментөбөдө Мааматкул бий башында турган түндүк кыргыз урууларынын өз алдынча чакан конфедерациясы – мамлекет түзүлүшү калыптанган. Мааматкул бийдин байтактысы ошол өрөөндүн Коңурөгүз деген жеринде жайгашып, солто уруусунун башчысы Кошой бий анын жардамчысы болгон. Өрөөн табигый чепке окшош болгондуктан калмактарга каршы аскердик иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана уруулардын саясий биригишине ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 1740-жылдын 2-жарымында Мааматкул бийдин жана Кошойдун жетекчилиги менен калмактардын күчтөрү топтолгон Таластын оозу Капкага, Чүйдүн Каракыштагына, Сокулукка жана Акбешимге кыргыз кошуундары чабуул коюп, Алатоону баскынчылардан бошотуу процесси башталган. Жуңгар хандыгынын Цин империясы тарабынан жок кылынышына чейин кыргыздар Талас, Жумгал, Атбашы жерлерин ээлеп калууга жетишип калышкан эле.
 
=== Цин империясын таануу ===
50-жылдардын ортолорунда Цин империясынын калмактарга келтирген чоң кыргыны жана артынан Чыгыш Түркстанды каратып алуусу коңшулаш мусулман журттарына чоң коркунуч алып келген эле. Ушул окуялардан кийин Казак хандыгы, Кокон хандыгы сыяктуу эле Батыш кыргыздары (1759) менен Арка кыргыздары (1758) да Цин империясынын үстөмдүгүн убактылуу таанууга аргасыз болушкан. Бул мезгилдерде теңиртоолук кыргыздар географиялык шарттан улам 4 бирикмеге бөлүнүп тураары; Чыгыш (арка) кыргыздары, Батыш кыргыздары, Каратегин кыргыздары (башчысы Кожомжар бий) жана Кашкар атрабындагы кыргыздар (Ациму? бек ж. б.) болгондугу кытай булактарында катталып калган. <br />
=== Толук калыптанышы ===
1758-жылы цин генералы Чжао Хуей Санташ аркылуу Аркалык кыргыздардын жергесине кирип келип, эң алгач Түлкү баатыр менен Үкүгө жолугуп, анан башка бардык улук бийлерди Цинге баш ийүүгө чакыргын. Кыргыздардын Цин бийлигин таануусу автономдук түрдө болгон, бирок, бул деле беш жылдан ашпаган убакытка чейин созулган. Ошол мезгилдердеги кыргыздар жана алардын жерлери тууралуу кытайлар тарабынан бир топ маалыматтар чогултулган.<br />
Бул мезгилде Арка (чыгыш) кыргыздары оң (тагай уулдары) жана сол болуп экиге бөлүнгөн жана жалпысынан 15 уруудан (бешөө сол, оноо оң) турган. Алардын чоң бийи бир эле учурда оң бөлүктүн жана өзүнүн уруусунун улук бийи болгон Мааматкул бий болгон. Ага сол бөлүктүн чоң бийи Каработо бий да баш ийген. Каработо бийге баш ийген сол бөлүк негизинен Таласта орун алып, төрт уруудан; саруу (Акбай), кытай (Каработо бий), кушчу (Майтак), кытай-кушчулардан (Эшбото) турган.
 
Бул мезгилде кыргыздардын Цин империясына болгон алгачкы элчилигинде Черикчи бий, Түлкү бий жана Нышаа баатырлар болгон. Ысыккөлдүн Цин империясынын карамагынан кыргыздардын карамагына өтүшүнө Черикчи бийдин салымы чоң болгон.
 
=== Келишпестик жылдары ===
 
=== Бейпил жылдар ===
80-жылдардан баштап аркалык кыргыздарда ички жана тышкы чыр чатактардын токтогондугу байкалат. Бул убактарда бирикмедеги уруу башчылардын чоң бийи катары Атаке баатыр таанылган. Анын убагында 1785-88-жылдары Орус империясына болгон алгачкы элчилик ишке ашырылган. Капитан Андреевдин 1885-жылга таандык маалыматтарына караганда, бул учурда Атаке бийге (князь Атекай) баш ийген 10 уруулук бирикменин (волость) болгондугу маалым;
# Атаке бийдин алдындагы сарыбагыш уруу бирикмеси (атекайбагышская);
# Чекирсаяк уруу бирикмеси, улук бийи Кедей (Гадай);
# кокшинская (куши?), улугу Иваула бий;
# бустумак, улугу Ташибек бий;
# могол, улугу Бирназар бий;
# желдең-кесек (айльден кисейская), улугу Шапак бий;
# солто уруу бирикмеси - Гашибек бий;
# бугу - Бирназар бий;
# кытай - Муса бий;
# сару, улугу Сейит баатыр Садык баатыр уулу.
 
90-жылдардан - кийинки кылымдын алгачкы жылдарына чейин бул бирикменин чоң бийлик орду Мааматкул бийдин небереси Эсенгул бийде болгондугу маалым.
 
== Эскертүүлөр ==
 
== Интернеттеги шилтемелер ==
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/ktjb2.pdf Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары / К. Жусаев (жооптуу ред.). — Бишкек: КТМУ, 2003. — ISBN-10(13) 9967-21-839-8]
* [http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/taryh/aristov_usuni/index.html ''Аристов Н. А.'' Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. — Бишкек: Илим, 2001. — ISBN-10(13) 5-8355-1132-9]
 
{{Категория:Кыргызстан тарыхы}}