Тагай конфедерациясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
6-сап:
=== Ата журтту кайтарып алуу ===
1680-жылдын аягы – 1690-жылдын башталышында калмак баскынчылыгына туруштук бере албаган, калмактарга жакын жайгашкан айрым кыргыз уруулары түштүк-батыш тарапка көчүүгө мажбур болушкан. Бул уруулардын көбүнчөсү тагай тектүү уруулар менен айрым сол уруулар болгон жана Фергана өрөөнүнөн Гиссар, Кулябга чейинки жерлерге киришкен. Ушундан тарта, алар мусулман журттарынын калмактарга каршы күрөшүнүн активдүү катышуучары катары тааныла баштаган. Бул күрөштүн көрүнүктүү жетекчилеринин бири болгон Мааматкул бий 1732-жылдар чамасында Кетментөбө өрөөнүнө кыргыздарды топтоп, калмактарга каршы күрөштү уланткан.
Ушул мезгилде [[Кетментөбө, өрөөн|Кетментөбөдө]] [[Мааматкул бий]] башында турган түндүк кыргыз урууларынын өз алдынча чакан конфедерациясы – мамлекет түзүлүшү калыптанган. Мааматкул бийдин байтактысы ошол өрөөндүн Коңурөгүз деген жеринде жайгашып, солто уруусунун башчысы Кошой бий анын жардамчысы болгон. Өрөөн табигый чепке окшош болгондуктан калмактарга каршы аскердик иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана уруулардын саясий биригишине ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 1740-жылдын 2-жарымында Мааматкул бийдин жана Кошойдун жетекчилиги менен калмактардын күчтөрү топтолгон Таластын оозу Капкага, Чүйдүн Каракыштагына, Сокулукка жана Акбешимге кыргыз кошуундары чабуул коюп, Алатоону баскынчылардан бошотуу процесси башталган. Жуңгар хандыгынын Цин империясы тарабынан жок кылынышына чейин кыргыздар Талас, Жумгал, Атбашы жерлерин ээлеп калууга жетишип калышкан эле.
 
=== Цин империясын таануу ===
[[File:Qianlong Horse.jpg|thumb|right|Qianlong Horse|Кыргыз элчиси Кытай императору Цянлунга аргымак тартуулап жаткан учур. 1757-жылы Жузеппе Кастильони тарткан сүрөт.]]
50-жылдардын ортолорунда [[Цин империясы|Цин империясынын]] калмактарга келтирген чоң кыргыны жана артынан [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстанды]] каратып алуусу коңшулаш мусулман журттарына чоң коркунуч алып келген эле. Ушул окуялардан кийин [[Казак хандыгы]], [[Кокон хандыгы]] сыяктуу эле Батыш кыргыздары (1759) менен Арка кыргыздары (1758) да Цин империясынын үстөмдүгүн убактылуу таанууга аргасыз болушкан. Бул мезгилдерде теңиртоолук кыргыздар географиялык шарттан улам 4 бирикмеге бөлүнүп тураары; Чыгыш (арка) кыргыздары, Батыш кыргыздары, Каратегин кыргыздары (башчысы Кожомжар бий) жана Кашкар атрабындагы кыргыздар (Ациму? бек ж. б.) болгондугу кытай булактарында катталып калган. <br />
1758-жылы цин генералы Чжао Хуей Санташ аркылуу Аркалык кыргыздардын жергесине кирип келип, эң алгач [[Түлкү баатыр]] менен Үкүгө жолугуп, анан башка бардык улук бийлерди Цинге баш ийүүгө чакыргын. Кыргыздардын Цин бийлигин таануусу автономдук түрдө болгон, бирок, бул деле беш жылдан ашпаган убакытка чейин созулган. Ошол мезгилдердеги кыргыздар жана алардын жерлери тууралуу кытайлар тарабынан бир топ маалыматтар чогултулган.<br />
Бул мезгилде Арка (чыгыш) кыргыздары оң (тагай уулдары) жана сол болуп экиге бөлүнгөн жана жалпысынан 15 уруудан (бешөө сол, оноо оң) турган. Алардын чоң бийи бир эле учурда оң бөлүктүн жана өзүнүн уруусунун улук бийи болгон [[Мааматкул бий]] болгон. Ага сол бөлүктүн чоң бийи Каработо бий да баш ийген. Каработо бийге баш ийген сол бөлүк негизинен Таласта орун алып, төрт уруудан; саруу (Акбай), кытай (Каработо бий), кушчу (Майтак), кытай-кушчулардан (Эшбото) турган.
[[Каработо бий|Каработо бийге]] баш ийген сол бөлүк негизинен Таласта орун алып, төрт уруудан; саруу (Акбай), кытай (Каработо бий), кушчу (Майтак), кытай-кушчулардан (Эшбото) турган. Оң бөлүккө болсо саяк (Арзымат бий), чекир саяк (Түлкү бий), сарыбагыш-бугу (Черикчи бий) ж. б. кирген.
 
Бул мезгилде кыргыздардын Цин империясына болгон алгачкы элчилигинде [[Черикчи бий]], [[Түлкү баатыр|Түлкү бий]] жана [[Нышаа баатыр|Нышаа баатырлар]] болгон. Ысыккөлдүн Цин империясынын карамагынан кыргыздардын карамагына өтүшүнө Черикчи бийдин салымы чоң болгон.
 
=== Келишпестик жылдары ===
Кыргыз-казак жерлеринде кытай бийлигинин таасири анча болбогондуктан, кыргыздар менен казактар өзалдынча жер ээлөөнү уланта беришкен эле. Мисалы, 60-жылдардан баштап Атаке баатыр, Бердике ж. б. баатырлардын башчылыгындагы кыргыздар Чүй, Кемин, Ысыккөл аймактарын ээлеп, кыргыздар көчүп келе башташкан. Бул аракеттердин аягы кыргыз-казак чегара маселесине барып такалган. Буга кошумча, Мааматкулдун өлүмүнөн соң аркалыктарда бирине бири баш ийгиси келбеген баатыр-бийлердин ортосундагы ич-ара келишпестиктердин күч ала башташы да чоң маселеге айланган. Алар [[Садыр баатыр]] (Хан Садыр), [[Жайыл баатыр]] (Жайыл хан), Болот бий, [[Атаке бий|Атаке баатыр]] сыяктуу баатыр-бийлер болгон. 1765-80-жылдар бою кыргыз-казак ортосунда бир канча чабыштар жүргөн. Орто чендерде казак ханы [[Абылай хан|Абылай ханга]] баш ийүүгө аргасыз болгон жылдар да өткөн.
 
=== Бейпил жылдар ===
[[File:Атакенин_каты.jpg|thumb|left|Атаке бийдин [[Орусия]] ханышасы Екатарина 2ге жазган каты|200px ]]
80-жылдардан баштап аркалык кыргыздарда ички жана тышкы чыр чатактардын токтогондугу байкалат. Бул убактарда бирикмедеги уруу башчылардын чоң бийи катары Атаке баатыр таанылган. Анын убагында 1785-88-жылдары Орус империясына болгон алгачкы элчилик ишке ашырылган. Капитан Андреевдин 1885-жылга таандык маалыматтарына караганда, бул учурда Атаке бийге (князь Атекай) баш ийген 10 уруулук бирикменин (волость) болгондугу маалым;
# Сарыбагыш (атекайбагышская) уруу бирикмеси, улугу Атаке бий (князь Атекай) Тынай уулу;
# Атаке бийдин алдындагы сарыбагыш уруу бирикмеси (атекайбагышская);
# Чекирсаяк уруу бирикмеси, улук бийи Кедей (Гадай) Түлкү уулу;
# кокшинская (куши?), улугу Иваула бий;
# бустумак, улугу Ташибек бий;
Line 30 ⟶ 34:
# сару, улугу Сейит баатыр Садык баатыр уулу.
 
90-жылдардан - кийинки кылымдын алгачкы жылдарына чейин бул бирикменин чоң бийлик орду Мааматкул бийдин небереси Эсенгул бийде болгондугуболгон. Анын 1891-жылы Кокон ханы [[Нарбото бий|Нарбото бийге]] элчи жөнөткөндүгү маалым.
 
Соңку убактарда чоң бий болгондор болгон эмес. Эл оозунда Кокон хандыгынан коркунуч жакындаган убактарда [[Тайлак баатыр|Тайлак баатырга]] — "эки тизгин бир чылбырды" — чоң бийлик укукту берүү боюнча ойлор болгондугу айтылат. Бирок анын эрте келген өлүмү буга жеткирген эмес.
 
1831-жылы кыргыздар [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгынын]] курамына кирген. Мындан тарта, экиге ажыраган кыргыздар бир мамлекеттин курамында жакындашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
 
== Эскертүүлөр ==