"Тутум" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

no edit summary
(Created page with "thumbnail|Энергетикалык көзөмөлдөө тутуму. '''Тутум''' ({{lang-ru|система}}) - бир бүтүндү...")
 
 
'''Тутум''' ({{lang-ru|система}}) - бир бүтүндүктү түзгөн бир канча өз ара байланышкан нерселер же кубулуштар. Мисалы: тикбурчтуу координаталар тутуму.
'''Система''' ([[Грек тили|грек]]. sistema – бөлүктөрдөн куралган бүтүн нерсе, биримдик, жүйө) – бири-бири менен өз ара байланышып турган элементтердин (бөлүкчөлөрдүн) белгилүү бир бүтүндүктү, биримдикти түзгөн жыйындысы.
 
Система түшүнүгү узак тарыхый өнүгүш мезгилинде кыйла өзгөрүүлөргө учуроо менен, 20-к. жарымынан баштап негизги [[Философия|философия]]-[[Методология|методологиялык]] жана атайын илимий түшүнүктөрдүн биринен болуп калды. Азыркы учурда Система конструкциялоо жана изилдөө иштери менен байланышып, [[Кибернетика|кибернетикада]], [[Системалык техника|системалык техникада]], системалык талдоолордо, ж. б. колдонулат.
 
Байыркы грек. философиясы жана илиминде ([[Евклид]], [[Платон]], [[Аристотель]], [[Стоицизм|стоиктер]]) билимдин системалуулугу (ырааттуулугу) жөнүндөгү ой-пикирлер пайда болгон ([[Логика илими|логика]], [[Геометрия|геометрия]]. аксиомалык түзүлүштөр). Система жөнүндө билимди 17–18-к. [[Спиноза, Бенедикт|Спиноза]], [[Лейбниц, Готфрид Вильгельм|Лейбниц]], [[Линней, Карл|К. Линней]], [[Кондильяк, Этьен Бонно де|Кондильяк]], И. Г. Ламберт 19–20-к. [[Германия|немис]] классик [[Философия|философия]] өкүлдөрү [[Кант, Иммануил|Кант]], [[Гегел, Георг Вилгелм Фридрих|Гегель]], [[Шеллинг, Фридрих Вильгельм Йозеф|Шеллингдер]] өркүндө-түшкөн.
 
Система иш жүзүндө бардык нерсе, түшүнүктөрдө, көрүнүштөрдө ([[Жаратылыш|жаратылышта]], [[Коом|коомдо]]) кездешкендиктен, ал илимде мазмун да, форма да жагынан ырааттуу түзүлүшкө ээ бүтүндүккө ([[Биримдик|биримдик]], [[Топ|топ]], [[Жамаат|жамаатка]]) мүнөздүү негизги принциптерди табууда, аныктоодо эң чоң мааниге ээ. Мында: бүтүн аркылуу бөлүктүн, бөлүк аркылуу бүтүндүн касиеттери жана алардын өз ара карым-катышы, байланышы белгилүү болот. Мезгилдин өтүшү менен статикалык Система өзгөрүүгө учурабайт да, кыймылдуу (динамикалык) Система өзгөрүүгө учурайт. 20-кылымда Системалык изилдөөлөрдүн өнүгүшү менен, анын максат жана милдеттери, логика-методологиялык принциптери так аныкталууда.
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
*[[Философия: энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
 
[[Category:Философия]]
[[Категория:Инженердик Графика]]
1 019

edit