'''Дави́д Ви́лья Са́нчес''' (испанча David Villa Sánchez;) - испандык футболчу, [[Бaрселонa_Атлетико Мадрид(Футбол_клубу)|БарселонаАтлетико Мадрид]] клубунун алмаштыргыс жана [[Испания]] курама командысынын чабуулчусу. [[Европа]] жана дүйнөнүн чемпиону. Давиддин атактуу футболчу болушуна атасы [[Хосе Мануэль Вильянын]] салымы зор. Футболчу Испаниядагы [[Лангрео]] деген [[көмүр]] кени чыккан шаарчага жакын жайгашкан [[Туилья]] аттуу айылда туулуп-өскөн. Мына ошол [[шахта|шахтада]] иштеген атасы уулунун да өзүнө окшоп кенде иштөөсүн каалаган эмес. Бул максатта ал уулуна топ сатып берет жана баары ошондон башталат. Кичинекей Давид атасынын белегин ойноп көрүп, топ менен ойноону (футболду) түбөлүккө сүйүп калган десек болот. Ошондо атасы уулуна топ алып берүү менен испан футболуна чоң белек тартуулап жатканын билбесе керек.