'''Ашуу''', '''БельБел''' - бул тоо кыркасынын же массивинин ийилиши. [[Тоо]] кыркаларынын арасындагы адам өтө ала турган бийиктиктер, өтмөк [[жол|жолдор]]. [[Кыргыздар|Кыргыз]] эли тоо аралап көчүп-конуп жүргөндүктөн жердин [[Уук учтук|уусун]] жакшы билишкен. Кайсыл тарапка кайсыл ашуу аркылуу, кайсыл [[Мезгилдүү алым|мезгилде]] ашса боло тургандыгы дайын болгон. Ашуулар жер өзгөчөлүктөрүнө жараша, көбүн учурда, [[кыш]] мезгилинде кар басып жабылып калышат. Кээ бир бийик ашуулар [[жай|жайдын]] бир-эки айы гана ачык болушат. Азыр ашуулар аркылуу даңгыр [[Автоунаа жолдору|унаа]] жолдору салынган. Эң белгилүү ашуулардын бири [[Төө-Ашуу]] ашуусу. [[Бишкек (шаар)|Бишкек]]-[[Ош (шаар)|Ош]] жолунда жайгашкан. Бийиктиги 3185 метр. [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] эн бийик ашуу Кызыл-Арт ашуусу.