Жусуп Абдрахманов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
5-сап:

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында [[Каракол]] уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Атасы - Абдрахман Балапанов - манап, бий жана 3 жыл болуш болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан, ошол жылы келтеден өлгөн. Энеси жана 7 бир тууганы [[Нарын облусу|Нарында]] казак-орустар тарабынан көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Жусуп иниси Токо экөө томолой жетим калышкан.

1912-15-жылдарда Сазановка кыщтагында орус-тузем мектебин окуп бүтүрөт, андан кийин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайынан окуйт. 1916-жылы эл менен бирге [[Кытай|Кытайга]] качып барып келүүгө аргасыз болот. Кайра келгенден кийин орусча билген 16 жашар тири карак өспүрүм Каракол гарнизонунда атбагар болот. 1918-жылдан баштап коомдук ишке аралашат. Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейи көтөрүлөт.
Адегенде 1919-жылы [http://Верный Верныйдагы] командирлик курстан, андан кийин [[Ташкен|Ташкендеги]] аскердик жогорку мектептен окуйт. !918-19-жылдардажылдарында түндүк Жети-Суу фронтунда ак казактар менен салгылашат. Ден соолугуна байланыштуу демобилизацияланып кетпегенде, Жусуптан көрүнүктүү аскер начальниги өсүп чыгышы да мүмкүн эле.1919-жылдан баштап ал партиялык-советтик курулушка баш-оту менен киришет.

Жусуп Абдрахманов [[Кыргыз мамлекетинин коомдук-саясый түзүлүшү|Кыргыз мамлекетин]] түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. 1920-жылы ВЛКСМ дын III- cъездине катышып, ошол жерде [http://В.И.%20Ленин В.И. Ленин] (Ульянов) менен президиумда отуруп, аны менен бирге иштешкен. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеп турат.