Рыскулов Искендер Муратбекович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
41-сап:
==Чыгармачылыгы==
[[File:С.Жумадылов - Эдигей.jpg|thumb|150px|"Кылым карыткан күн" спектаклинен сахна. Эдигей-С.Жумадылов]]
И.Рыскуловдун Ош кыргыз драма театрыннын сахнасында койгон, алгачкы “Эч кимге айтпа” ([Абдымомунов Токтоболот|авт.Т.Абдумомунов]]) спектаклинен тартып эле кыргыз театр режиссурасына чыгармачылык фантазияга бай, метафоралык образдуулуккка умтулган, ушунусунан улам эч кимдикине окшобогон өз жүзү бар, мурдагы режиссерлор сыңары адабий түп нускага көз каранды болбогон, жалаң гана театрдын “тили” менен ойлогон таланттуу инсандын кошулганы айгине болгон.

Ушундан тартып И.Рыскулов областтык театрдын сахнасында ондонгон мыкты спектаклдерди жаратты.

Ал койгон “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” ([[Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович|Ч.Айтматовдун]] повесттеринин негизинде сахналыштырган), “Жүз катын” ([[Өмүралиев, Бакы|авт.Б.Өмүралиев]]), “Кадыр түн”, “Күнөстүү арал” ([[Гапаров Мурза|авт. М.Гапаров]]), “Кам санаба, апаке!” (авт.Н.Думбадзе), “Он экинчи түн”, “Гамлет”, “Ричард III” ж.б. спектакледери И.Рыскуловду Советтер Союзунун Ю.Любимов, Г.Товстоногов, А.Эфрос, М.Захаров, Р.Стуруа, Э.Някрошюс, Ф.Касымов сыяктуу онго жетпеген мыкты театр режиссерлорунун катарына кошту.
И.Рыскуловдун Ош кыргыз драма театрында 1982-жылы койгон “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектакли, Жаштар театрларынын Тбилисиде өткөн Бүткүлсоюздук фестивалында өтө жогору баага татыган. Айрыкча [[Байдөбөтов, Дүйшөнбек|Д.Байдөбөтовдун]] Органы актердук өнөрдүн үлгүсү катары бааланган.

Ош театрынын ошол мезгилин “Искендер Рыскуловдун доору” деп атоо чындыкка жакын келет. Эмне дегенде, анын ошол учурдагы ар бир койгон спектакли Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Советтер Союзунун театр журтчулугунун ичинде маданий окуяга айланып, анын оюндарын көрүү үчүн Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Киев шаарларынан, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн театр адистери тынымсыз Ошко каттап турушкан.

И. Рыскулов ошол мезгилдеги кыргыз режиссерлоунун ичинен биринчи жолу Советтер Союзунун башка республикаларында жана айрым социалисттик мамлекеттерде да алардын чакыруусу менен бир кыйла оюндарды койгон.

Ош драма театрындагы И.Рыскуловдун чыгармачылыгын туу чокусу катары В.Шекспирдин “Ричард III” трагедиясы боюнча коюлган спектакль айтылат.

Ушул эле спектаклди ал Кыргыз академиялык драма театрына да көчүрүп, ошол эле чыгармачылыл ийгилигинен кем калбаган оюн жараткан.

Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында “Жаныбарым, Гүлсары!”, “Кылым карыткан күн”, “Саманчынын жолу” (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде), “Саадак какты” ([[Жакиев Бексултан|авт.Б.Жакиев]]), “Акын жана Ажал” ([[Мамбетакунов Кадырбай|авт.К.Мамбетакунов]]), “Курманжан-датка” ([[Жакыпов, Мамат|авт.М.Жакыпов]]), “Дөңгөлөк доошундагы турмуш” (А.Куросаванын сценарийинин негизинде), “Кагылайын, Манасым!” (авт.[[Кулмамбетов, Жаныш Осмонович|Ж.Кулмамбетов]]) сыяктуу чыгармачылык бедели өтө жогору спектаклдерди жаратты.
Айрыкча “Акын жана Ажал”, “Дөңгөлөк доошундагы турмуш” спектаклдерин 1980-жылдардын ичиндеги И.Рыскуловдун эң жогорку чыгармачылык ийгиликтери катары баалоого болот.

Ал эми “Кылым карыткан күн” спектакли 1988-жылы Москвадагы Улуттар театрынын ачылыш аземине катышуу укугуна ээ болгон.