Рыскулов Искендер Муратбекович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
40-сап:
 
==Чыгармачылыгы==
[[File:[[Жумадылов, Советбек|С.Жумадылов]] - Эдигей.jpg|thumb|150px|"Кылым карыткан күн" спектаклинен сахна. Эдигей-С.Жумадылов]]
И.Рыскуловдун Ош кыргыз драма театрыннын сахнасында койгон, алгачкы “Эч кимге айтпа” ([[Абдымомунов Токтоболот|авт.Т.Абдумомунов]]) спектаклинен тартып эле кыргыз театр режиссурасына чыгармачылык фантазияга бай, метафоралык образдуулуккка умтулган, ушунусунан улам эч кимдикине окшобогон өз жүзү бар, мурдагы режиссерлор сыңары адабий түп нускага көз каранды болбогон, жалаң гана театрдын “тили” менен ойлогон таланттуу инсандын кошулганы айгине болгон.<br>
Ушундан тартып И.Рыскулов областтык театрдын сахнасында ондонгон мыкты спектаклдерди жаратты.<br>
Ал койгон “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” ([[Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович|Ч.Айтматовдун]] повесттеринин негизинде сахналыштырган), “Жүз катын” ([[Өмүралиев, Бакы|авт.Б.Өмүралиев]]), “Кадыр түн”, “Күнөстүү арал” ([[Гапаров Мурза|авт. М.Гапаров]]), “Кам санаба, апаке!” (авт.Н.Думбадзе), “Он экинчи түн”, “Гамлет”, “Ричард III” ж.б. спектакледери И.Рыскуловду Советтер Союзунун Ю.Любимов, Г.Товстоногов, А.Эфрос, М.Захаров, Р.Стуруа, Э.Някрошюс, Ф.Касымов сыяктуу онго жетпеген мыкты театр режиссерлорунун катарына кошту.