"Интернет" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м (Bot: Migrating 172 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q75 (translate me))
Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50 миллион колдонуучусун топтой алды. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланды.
 
== Интернет колдонуучулар ==
 
2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкектиктер болуп саналат.. Тагыраак айтканда интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10% Ош облусуна туура келет. Ал эми болгону колдонуучулардын 13% гана калган облус жана шаарларга тиешелүү. Натыйжада, Бишкекте «дүйнөлүк желеге» кошулгандардын саны көбөйгөнү менен өлкөнүн калган бөлүктөрү бул тармактан алигиче артта калууда.
 
==Кыргызстанда уюлдук телефондор аркылуу интернетке киргендер аз эмес==
Anonymous user