Пишпек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
ПИШПЕК'''Пишпек''' – Қырғыз Республикасынын борбору [[Бишкек шаары]]нын мурдағы аты. Пишпектин аймағында отуруқташқан турмуш 18-қылымдын ақырында қайра жанданған. [[Қырғыз]] феодалдарынын ички чыр-чатақтарынан пайдаланып, Қоқон хандығынын аскер башчысы Лашкер Қошбеги Чүй өрөөнүн басып алған жана Ташкенге кетчү кербен жолдун боюна [[Бишкек]] чебин қурған (1825). Ал Пишпек болуп өзгөргөн. Пишпек чебинде хан аскерлери жана хандын салық жыйноочулары турған. Чептин айланасында соодагерлер, қол өнөрчүлөр жана дыйқандар жашаған қыштақ болғон. Барымтаға қармалғандардан башка қырғыздар Пишпекте жашаған эмес. 1860-жылы 4-сентябрда Пишпекти Верный шаарынан келген орус аскерлери убақтылуу ээлеген, кийин қайра қоқондуқ бийликке өткөн. 1862-жылы Байтик баатыр баштаған чүйлүк қырғыздар орус аскерлеринин жардамы менен Пишпекти қоқондуқтардан бошотуп, чепти қыйратқан. 1864-жылы Пишпек чебинин ордуна, Тоқмоқтоғу казак-орустардын башқаруу мекемелери Пишпек шаарына көчүрүлгөн. Пишпек уезддин борбору болуп қалған. 1924-жылдан Қара Қырғыз автономия облусунун борбору болғон. 1926-жылы 12-майдан [[Фрунзе]] шаары деп аталған. Қырғызстан эгемендүү өз алдынча мамлекет болғондон кийин, шаар Қырғыз Респуликанын борбору болуп қалды жана Бишкек деген түпкү аты 1991-жылы 5-февралда қайтарылып берилген.
 
== Адабият==
*Қырғыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындағы Қырғыз мамлекеттик педагогикалық университети.
 
[[Category: Қырғызстан]]
[[Category: ТарыхҚырғызстан]]
[[Category: Илим Тарых]]
[[Category:Илим]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Пишпек" булагынан алынды