Садырбаев, Дооронбек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
32-сап:
Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган. Кыргыз акыны [[Алыкул Осмонов]] туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан. 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган.<br>
==Коомдук ишмердүүлүгү==
1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар [[Дудаев]], [[Гамсахурдия]] сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган. [[Түркия]]да да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду. Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти. Ошондон тартып көзү өткөнчө ал [[Кыргызстан]]дын [[Жогорку Кеңеш]]инин депутаты (1995-2008) болгон. 2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири - мурдагы элчи жана, мурдагы тышкы иштер министри жана [[Кыргызстандагы өткөөл мезгил|өткөөл мезгилдеги]] президент [[Роза Отунбаева]] болгон).<br>
 
==Өмүрүнүн акыркы мезгили==
2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан каза тапкан.<br>