Кургак учук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 118 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q12204 (translate me)
27-сап:
9. Сизде жагымдуу жылмаюу болот, сиз татымды жана жытты сезе аласыз жана жүзүңүздө көп бырыш түшпөйт. <br>
10. Сиз акчаңызды үнөмдөйсүз, себеби сиз тамеки сатып албайсыз жана тамекинин түтүнүнүн таасиринен улам пайда болуучу оорулардан дарыланууга акча коротпойсуз. <br>
== Башка органдардын кургак учугучук тууралуу ==
'''Кургак учук''' — түрдүү органдарда, көбүнчө өпкөдө өзгөчө сезгенүү пайда кылуучу [[Жугуштуу оорулар|жугуштуу оору]]. Кургак учуктун козгогучтарын — микробактерияларын 1882-ж. немец окумуштуусу [[Кох, Роберт|Р. Кох]] ачкан.<br />
Кургак учук адамдын жашоо шартына байланыштуу болору жана өлүмгө учуратуучу дарт экендиги байыртан эле белгилүү болгон. Жер шарында өтө көп таралган оорулардын бири болуп, ''млн''догон кишини өлүмгө учураткан.
 
== Жаныбырлар кургак учугу ==
Кургак учук менен жаныбарлар (уй, тоок, күрп жана башкалар) да ооруйт. Алар кишилерге ооруну жугузат (мисалы, оорулуу уйдун сүтүн ичкенде, тооктун жумурткасын жегенде, саанчылар, мал баккандар жана башкалар). Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган оорулуу кишиден жугат. Микобактерия караңгы, кир, нымдуу тамда бир нече ай, оорулуунун кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3—4 ай, кургаган какырыкта 30 күнчө, сууда, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Төмөнкү температурага, жегичтерге жана кислоталарга туруктуу, ошондуктан жугушсуздандырууда өзгөчө чара көрүүнү талап кылат. Алар жогорку температураны көтөрө албайт, тике тийген күн нурунан бир нече минутада эле өлөт. Кургак учук козгогучтарынын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы жана башкалар) белгилүү. Адамдар адатта кишинин кургак учугу менен ооруйт, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ал эми канаттуулардыкы менен адамдар өтө эле сейрек ооруйт. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар менен мал таратат. Өзгөчө кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам өтө коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүз аарчы, кийим-кечеси жана башкалар) аркылуу жугат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кургак_учук" булагынан алынды