Тагай конфедерациясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
{{Тарыхый мамлекет
Макала жазылууда...
|аталыш = Тагай конфедерациясы
|расмий аталыш = Аркалык (чыгыш) кыргыз урууларынын бирикмеси
|мартаба = конфедерация
|гимн =
|байрак =
|байрактын_түшүндүрмөсү =
|герб =
|гербтин_түшүндүрмөсү =
|карта =
|өлчөм =
|түшүндүрмө =
|p1 =
|flag_p1 =
|p2 =
|flag_p2 =
|p3 =
|flag_p3 =
|p4 =
|flag_p4 =
|негизделген =
|жоюлган =
|s1 =
|flag_s1 =
|s2 =
|flag_s2 =
|s3 =
|flag_s3 =
|s4 =
|flag_s4 =
|ураан =
|борбор =
|шаарлар =
|тил = кыргыз тили
|акча_бирдиги =
|кошумча_көрсөткүчтөр =
|көрсөткүчтүн_мазмуну =
|аянт =
|калк = Кыргыздар
|башкаруу_формасы =
|сулале =
|башкаруучулардын_даражасы = Чоң бий:
|ажо1 = Мааматкул бий
|башкарган_жылы1 = 50-жж
|башкаруучулардын_даражасы2 = <!--Кийинки ажонун даражасы өзгөргөндө колдонулат-->
|ажо2 = Жайыл хан
|башкарган_жылы2 = 60-70-жж.
|башкаруучулардын_даражасы3 =
|ажо3 = Хан Садыр
|башкарган_жылы3 = 70-жж. экинчи жарымы
|башкаруучулардын_даражасы4 =
|ажо4 = Атаке бий
|башкарган_жылы4 = 80-90-жж.
|башкаруучулардын_даражасы5 =
|ажо5 = Эсенгул бий
|башкарган_жылы5 =
|башкаруучулардын_даражасы6 =
|ажо6 =
|башкарган_жылы6 =
|дин = Ислам
|кошумча_көрсөткүчтөр1 =
|көрсөткүчтүн_мазмуну1 =
|Баскыч1 =
|Убакыт1 =
|Жыл1 =
|Баскыч2 =
|Убакыт2 =
|Жыл2 =
|Баскыч3 =
|Убакыт3 =
|Жыл3 =
|Баскыч4 =
|Убакыт4 =
|Жыл4 =
|Баскыч5 =
|Убакыт5 =
|Жыл5 =
|Баскыч6 =
|Убакыт6 =
|Жыл6 =
|Баскыч7 =
|Убакыт7 =
|Жыл7 =
|Баскыч8 =
|Убакыт8 =
|Жыл8 =
|Баскыч9 =
|Убакыт9 =
|Жыл9 =
|Баскыч10 =
|Убакыт10 =
|Жыл10 =
|Баскыч11 =
|Убакыт11 =
|Жыл11 =
|кошумча_көрсөткүчтөр2 =
|көрсөткүчтүн_мазмуну2 =
|чейин = Кыргыз мамлекеттик бирикмеси
|ч1 =
|ч2 =
|ч3 =
|ч4 =
|ч5 =
|ч6 =
|ч7 =
|кийин = Кокон хандыгы
|к1 =
|к2 =
|к3 =
|к4 =
|к5 =
|к6 =
|к7 =
|кошумча =
}}
 
'''АркаТагай конфедерациясы''' — XVIII кылымдын орто чени - XIX кылымдын биринчи чейрегине чейинки мезгилде жашаган, [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] түндүк-батышчыгыш аймактарын жердеген [[кыргыз уруулары|кыргыз урууларынын]] бирикмеси. Бул бирикмеге айрым тарыхчылар '''Тагай конфедерациясы''' деген аталышты да берип келишет, убагындаУбагында кытайлар тарабынан '''Чыгыш буруттары''' деп аталган, ал эми кыргыз элинин тарыхый өз эстутумунда '''Аркалык кыргыздар''' катары эскерилип келет. Калмак жапырыгынан улам түштүк-батыш тарапка сүрүлгөн түндүк кыргыз уруулары [[Жуңгар хандыгы|Жуңгар хандыгынын]] алсыроо убагында ата журтуна — Аркага — кайтып келип, [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгына]] киргенге чейин дээрлик 70-90 жылча, [[Батыш-кыргыз конфедерациясы|Батыш-кыргыздары]] менен удаа эле көзкарандысыз бирикмени түзүп турушкан.
 
== Тарыхы ==
Line 12 ⟶ 126:
50-жылдардын ортолорунда [[Цин империясы|Цин империясынын]] калмактарга келтирген чоң кыргыны жана артынан [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстанды]] каратып алуусу коңшулаш мусулман журттарына чоң коркунуч алып келген эле. Ушул окуялардан кийин [[Казак хандыгы]], [[Кокон хандыгы]] сыяктуу эле Батыш кыргыздары (1759) менен Арка кыргыздары (1758) да Цин империясынын үстөмдүгүн убактылуу таанууга аргасыз болушкан. Бул мезгилдерде теңиртоолук кыргыздар географиялык шарттан улам 4 бирикмеге бөлүнүп тураары; Чыгыш (арка) кыргыздары, Батыш кыргыздары, Каратегин кыргыздары (башчысы Кожомжар бий) жана Кашкар атрабындагы кыргыздар (Ациму? бек ж. б.) болгондугу кытай булактарында катталып калган. <br />
1758-жылы цин генералы Чжао Хуей Санташ аркылуу Аркалык кыргыздардын жергесине кирип келип, эң алгач [[Түлкү баатыр]] менен Үкүгө жолугуп, анан башка бардык улук бийлерди Цинге баш ийүүгө чакыргын. Кыргыздардын Цин бийлигин таануусу автономдук түрдө болгон, бирок, бул деле беш жылдан ашпаган убакытка чейин созулган. Ошол мезгилдердеги кыргыздар жана алардын жерлери тууралуу кытайлар тарабынан бир топ маалыматтар чогултулган.<br />
Бул мезгилде Арка (чыгыш) кыргыздары оң (тагай уулдары) жана сол болуп экиге бөлүнгөн жана жалпысынан 15 уруудан (бешөө сол, оноо оң) турган. Алардын чоң бийи бир эле учурда оң бөлүктүн жана өзүнүн уруусунун улук бийи болгон [[Мааматкул бий]] болгон. Ага сол бөлүктүн чоң бийи Каработо бий да баш ийген.
[[Каработо бий|Каработо бийге]] баш ийген сол бөлүк негизинен Таласта орун алып, төрт уруудан; саруу (Акбай), кытай (Каработо бий), кушчу (Майтак), кытай-кушчулардан (Эшбото) турган. Оң бөлүккө болсо саяк (Арзымат бий), чекир саяк (Түлкү бий), сарыбагыш-бугу (Черикчи бий) ж. б. кирген.
 
Бул мезгилде кыргыздардын Цин империясына болгон алгачкы элчилигинде [[Черикчи бий]], [[Түлкү баатыр|Түлкү бий]] жана [[Нышаа баатыр|Нышаа баатырлар]] болгон. Ысыккөлдүн Цин империясынын карамагынан кыргыздардын карамагына өтүшүнө Черикчи бийдин салымы чоң болгон.
 
=== Келишпестик жылдары ===
Кыргыз-казак жерлеринде кытай бийлигинин таасири анча болбогондуктан, кыргыздар менен казактар өзалдынча жер ээлөөнү уланта беришкен эле. Мисалы, 60-жылдардан баштап Атаке баатыр, Бердике ж. б. баатырлардын башчылыгындагы кыргыздар Чүй, Кемин, Ысыккөл аймактарын ээлеп, кыргыздар көчүп келе башташкан. Бул аракеттердин аягы кыргыз-казак чегара маселесине барып такалган. Буга кошумча, Мааматкулдун өлүмүнөн соң аркалыктарда бирине бири баш ийгиси келбеген баатыр-бийлердин ортосундагы ич-ара келишпестиктердин күч ала башташы да чоң маселеге айланган. Алар [[Садыр баатыр]] (Хан Садыр), [[Жайыл баатыр]] (Жайыл хан), Болот бий, [[Атаке бий|Атаке баатыр]] сыяктуу баатыр-бийлер болгон. 1765-80-жылдар бою кыргыз-казак ортосунда бир канча чабыштар жүргөн. Орто чендерде казак ханы [[Абылай хан|Абылай ханга]] баш ийүүгө аргасыз болгон жылдар да өткөн.
 
1774-75-жж. Казак хандыгынын ханы Абылай хан аркалыктардын чоң бийи Жайыл хандын өлүмүнө себеп болгон "Жайылдын кыргыны" салгылашын ишке ашырат.
 
Кыргыздардын кийинки чоңу Хан Садыр Абылайга карата катуу каршылык көрсөткөн саясатты жүргүзгөн. Акыры 1759-жылы Абылай хан аны да туткундап өлтүрүүгө жетишкен соң, аркалык кыргыздар анын бийлигин таанууга аргасыз болушкан. көп өтпөй 1781-жылы Абылай хан каза табып, кыргыз-казак ортосундагы кагылыштар кайрадан жанданган.
 
=== Бейпил жылдар ===
[[File:Атакенин_каты.jpg|thumb|left|Атаке бийдин [[Орусия]] ханышасы Екатарина 2ге жазган каты|200px ]]
80-жылдардан баштап аркалык кыргыздарда ички жана тышкы чыр чатактардын токтогондугу байкалат. Бул убактарда бирикмедеги уруу башчылардын чоң бийи катары Атаке баатыр таанылган. Анын убагында 1785-88-жылдары Орус империясына болгон алгачкы элчилик ишке ашырылган. Капитан Андреевдин 1885-жылга таандык маалыматтарына караганда, бул учурда Атаке бийге (князь Атекай) баш ийген 10 уруулук бирикменин (волость) болгондугу маалым;
# Сарыбагыш (атекайбагышская) уруу бирикмеси, улугу Атаке бий (князь Атекай) Тынай уулу;
# Чекирсаяк уруу бирикмеси, улук бийи Кедей (Гадай) Түлкү уулу;
# кокшинская (куши?), улугу Иваула бий;
# бустумак, улугу Ташибек бий;
# могол, улугу Бирназар бий;
# желдең-кесек (айльден кисейская), улугу Шапак бий;
# солто уруу бирикмеси - Гашибек бий;
# бугу - Бирназар бий;
# кытай - Муса бий;
# сару, улугу Сейит баатыр Садык баатыр уулу.
 
90-жылдардан - кийинки кылымдын алгачкы жылдарына чейин бул бирикменин чоң бийлик орду Мааматкул бийдин небереси Эсенгул бийде болгон. Анын 1891-жылы Кокон ханы [[Нарбото бий|Нарбото бийге]] элчи жөнөткөндүгү маалым.
 
Соңку убактарда бул аймакта Тайлак баатырдын ишмердүүлүгүнү кеңири тааныла баштаган.
Соңку убактарда чоң бий болгондор болгон эмес. Эл оозунда Кокон хандыгынан коркунуч жакындаган убактарда [[Тайлак баатыр|Тайлак баатырга]] — "эки тизгин бир чылбырды" — чоң бийлик укукту берүү боюнча ойлор болгондугу айтылат. Бирок анын эрте келген өлүмү буга жеткирген эмес.
 
1831-жылы кыргыздар [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгынын]] курамына кирген. Мындан тарта, экиге ажыраган кыргыздар бир мамлекеттин курамында жакындашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
 
== Административдик түзүлүш ==
XVIII кылымдын 50-жж. Арка (чыгыш) кыргыздары оң (тагай уулдары) жана сол болуп экиге бөлүнгөн жана жалпысынан 15 уруудан (бешөө сол, оноо оң) турган. Алардын чоң бийи бир эле учурда оң бөлүктүн жана өзүнүн уруусунун улук бийи болгон [[Мааматкул бий]] болгон. Ага сол бөлүктүн чоң бийи Каработо бий да баш ийген. [[Каработо бий|Каработо бийге]] баш ийген сол бөлүк негизинен Таласта орун алып, төрт уруудан; саруу (Акбай), кытай (Каработо бий), кушчу (Майтак), кытай-кушчулардан (Эшбото) турган. Оң бөлүккө болсо саяк (Арзымат бий), чекир саяк (Түлкү бий), сарыбагыш-бугу (Черикчи бий) ж. б. кирген.
 
Капитан Андреевдин 1885-жылга таандык маалыматтарына караганда, бул учурда Атаке бийге (князь Атекай) баш ийген 10 уруулук бирикменин (волость) болгондугу маалым;
# Сарыбагыш (атекайбагышская) уруу бирикмеси, улугу Атаке бий (князь Атекай) Тынай уулу;
# Чекирсаяк уруу бирикмеси, улук бийи Кедей (Гадай) Түлкү уулу;
# Кушчу уруусу (кокшинская (куши?)), улугу Иваула бий;
# Чоро уруусу (бустумак), улугу Ташибек бий;
# Моңолдор уруусу, улугу Бирназар бий;
# желдең-кесек (айльден кисейская), улугу Шапак бий;
# солто уруу бирикмеси - Гашибек бий;
# бугу уруу бирикмеси - Бирназар бий;
# кытай уруусу - Муса бий;
# Кабасаяк уруусу, улугу Сейит баатыр, Садыр баатырдын иниси.
 
 
== Эскертүүлөр ==
{{Эскертүүлөр}}
 
== Интернеттеги шилтемелер ==
http://www.history.krsu.edu.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=382%3A----------xviii-&catid=24&Itemid=56&limitstart=2
 
== Колдонулган адабияттар ==