Жумгал району: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
95-сап:
[[Category:Кыргызстандын райондору]]
[[Category:Нарын облусу]]
Жумгал району Нарын облусунун Кочкор, Ак - талаа райондору менен, чектешетТүштүк батышынан Жалал - абад облусунун Казарман району, батышынан Жалал - абад облусунун Токтогул району, Түндүк тарабы болсо Чүй облусу жана Чүй облусунун Жайыл райондору менен чектешип турат. Түндүк чыгыш тарабынан келген Бишкек - Жумгал жолу Кочкор району аркылуу өтөт. Кочкор районунан өтүп Кызарттын бели аркылуу ашканда Жумгал өрөөнү башталат.
Жумгал районунун Чыгыш тарабынан киргендеги биринчи айыл Доскулу айылы (Жумгал завхоз эски аты), Доскулу айылынан өтүп сол тарапта Кызарт айылы, оң тарапта (Сандык тоо тарабында) Лама айылы, Лама айылын улантып Чоң - дөбө жана Таш - дөбө айылдары уланат. Доскулу аркылуу уланган Бишкек - Жумгал жолунда Кызарттан соң Куйручук айылы келет. Ошол эле жолдо Түгөл - сай айылы орун алган. Куйручук айылы аркылуу Түндүк тарапка баруу менен Чоң - дөбө айылына жетет, Түгөл - сай айылы аркылуу Түндүк тарапка кеткен жол менен Таш - дөбө айылына жетүүгө болот. Бишкек - Жумгал жолу менен түз жол улантуу менен Түгөл - сай айылынан кийин Эмкин айылы орун алган, айыл жолдон болжол менен 5 км узактыкта жолдун түштүк тарабында калат. Андан кийинки айыл болсо Кашка - кыя атту кичинекей ашуудан өткөн соң Каракече көмүр кенинин кайрылышында орун алган Дыйкан айылы жолубуздан чыгат. Дыйкан айылынан соң Жумгал районунун борборуна эң жакын жайгашкан Байзак баатырдын айылы Байзак айылы орун алган.Байзак айылынан өткөнүбүздө Жумгал районунун борбору Чаек кыштагына жетебиз.
Чаек кыштагында Райондук оорукана, Маданият үйү, Мидин Алыбаев атындагы орто мектеп, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы орто мектеп, жана башка бир канча мектеп, базар, Шортон муз аянтчасы сыяктуу бир катар көрүнүктүү жерлери бар.