Кыргызстан тарыхы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
25-сап:
Б.з.ч. VIII-VII сактар күчтүү Ассирия, Урарту мамлекеттерине коркунуч келтирип турган. Сактардын Зарина аттуу падышасы Мидия падышачылыгы менен азыркы Ирандын территориясында Парфиядагы бийлик үчүн ийгиликтүү салгылашып турган. Б.з.ч. 558-жылы бийликке келген перс падышасы Кир 20 жылга жетпей Кичи Азияны, Закавказьени, Сирияны, Палестинаны, Орто Азияны басып, күчтүү держава түзөт. 543-539-жылдары Кир аскерлерин түндүк-чыгышка карай багыттап, болжолу сактарды багынткан. Кир сактар менен согушпастан гана, кээде жардам сураган учурлары болгон; Лидия падышасы Крез менен согушканда сактар жардам берген. 530-жылы Падыша аял Томиристин колунан жеңилген Кирдин өлүмүнөн соң сактар көзкарандылыктан бошойт. 522 жылы бийликке келген I Дарий кайра 519-ж. сактардын жерин басып алат. Айрым сак уруулары убактылуу I Дарийдин бийлиги астында болгону менен, катуу басмырланбаган. Сактарга ишеним көргөзүлүп перс падышасынын тандалма аскерлеринин катарында перс падышасынын гвардиясында, "он миң өлбөстөр" гвардиясында кызмат өтөшкөн. Грек-перс согушунда сактар перстер тарапта согушкан. 518-жылы I Дарий масагеттерге каршы жортуулга чыгып жеңишке жетише алган эмес.
 
=== Хуннулар ===
Б.з.ч. III кылымдын акырында негиделген хуннулардын Улуу дөөлөтү, Мете (Модэ) шанүйдүн мезгилинде, 203-201 жылдары түндүктү карай багытталган жортуулдарында хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь (кыргыз), цайли калктарын баш ийдиргени белгилүү.