Эндокрин тутуму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 75 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q11078 (translate me)
11-сап:
== Эпифиз ==
Эпифиз мээ жарым шарларынын алдындагы без, чоңдугу буурчактан кичирээк, таламустун (көрүү дөңчөсүнүн) үстүндө жайгашкан. Формасы карагайдын тобурчагына окшош. Ички секреция бези катарында мелатонин гормонун бөлүп чыгарып, теридеги пигмент клеткаларынын аракетин күчөтөт. Андан тышкары эпифиз организмдеги суткалык жана сезондук өзгөрүүлөргө ыңгайланууну, биологиялык, ошондой эле организмдин бир катар системаларын анын ичинде жыныс циклдерин жөнгө салуусу болжолдонот.
 
== Калкан сымал без ==
Калкан сымал без эки бөлүктөн туруп, орто жеринен бири-бири менен мойнокчо аркылуу туташып, алкымда, кекиртектин эки жагында жайгашкан. Бул без бөлүп чыгарган тироксин гормону организмде негизги зат алмашуу процессинин деңгээлин жогорулатат. Бездин гипо-жана гиперфункциялык жөндөмү адамды ар түрдүү ооруга дуушар кылат. Без функциясынын күчөшү Базедов оорусун ([[Диффузиялык ууландыруучу богок]]) пайда кылса, гипофункциясы (гормондун аз бөлүнүп чыгарылышы) микседема оорусуна алып келет. Бездин чоңоюп кетиши богок оорусу деп аталат. Калкан сымал бездин артында түйүн сымал, чоңдугу буурчактын данындай калкан сымал бездин жанындагы без жайгашкан. Ал төрт безден турат. Бул без бөлүп чыгарган гормон денеде кальций менен фосфор алмашууну жөнгө салат. Гормондордун жетишсиздиги булчуңдардын иретсиз, өтө тез жана титиреп жыйрылуусуна алып келет, өлүмгө дуушар кылат.