Шеримбек Шаршеев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
38-сап:
Циркте Ш. Шаршеев сегиз айча иштеген соң, маданият министрлиги аны ошол эле 1985-жылы Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрына директорлукка которот.

1986-жылы Ш. Шаршеевдин демилгеси менен Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Москва шаарына чыгармачылык гастролго баруу мүмкүнчүлүгүн алат. Театрдын Москва шаарындагы гастролу өтө ийгиликтүү өтөт. Айрыкча режиссер [[Рыскулов, Искендер|Искендер Рыскулов]] койгон спектаклдер борбордук адистердин жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыйт.

Гастроль ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып, кыргыз көрүүчүлөрүнө театрдынчыгармачылыктеатрдын чыгармачылык отчетун берет.

[[File:Шаршеев Шеримбек - спектаклден.jpg|250px|left|thumb|"Эне" спектаклинен:Ш.Шаршеев-Тони, Б.Кыдыкеева - Долорес эне]]
Ш. Шаршеев Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрынын Москвадага, андан соң республиканын ичиндеги гастролун ийгиликтүү өткөргөндөн кийин, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаарынын Биринчи май райондук комитети, театрдын ичиндеги интригандардын, көрө албастардын шыбыроосу менен аны ээлеген ордунан бошотууну Кыргыз ССРинин маданият министрлигинен катуу талап этет. Маданият министрлиги партиялык жетекчиликтин талабын эки кылбастан туруп, Ш.Шаршеевди Ысык-Көл театрына катардагы артист кылып жиберет.

1988-жылы жаңыдан түзүлгөн Кыргыз ССРинин театр ишмелер союзунун жетекчилиги, партиянын чечимине карабастан, Ш.Шаршеевди аталган уюмдун Театр фондун уюштурууга жана түзүүгө чакырат.