Шеримбек Шаршеев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
41-сап:
[[File:Шаршеев Шеримбек - спектаклден.jpg|250px|left|thumb|"Эне" спектаклинен:Ш.Шаршеев-Тони, Б.Кыдыкеева - Долорес эне]]
Ш. Шаршеев Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрынын Москвадага, андан соң республиканын ичиндеги гастролун ийгиликтүү өткөргөндөн кийин, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаарынын Биринчи май райондук комитети, театрдын ичиндеги интригандардын, көрө албастардын шыбыроосу менен аны ээлеген ордунан бошотууну Кыргыз ССРинин маданият министрлигинен катуу талап этет. Маданият министрлиги партиялык жетекчиликтин талабын эки кылбастан туруп, Ш.Шаршеевди Ысык-Көл театрына катардагы артист кылып жиберет.

1988-жылы жаңыдан түзүлгөн [[КыргызстанКыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзуСоюзу|Кыргыз ССРинин театр ишмелер союзунун]] жетекчилиги, партиянын чечимине карабастан, Ш.Шаршеевди аталган уюмдун Театр фондун уюштурууга жана түзүүгө чакырат.

Ш.Шаршеев Театр фондун ийгиликтүү уюштуруп, нукка салгандан кийин 1988-жылдын жай мезгили аяктап калган учурда Ысык-Көл театрынын коллективи аны кайрадан директорлук кызматка чакырып туруп алышкандыктан, ал экинчи ирээт көл кылаасындагы театрга жетекчи болуп кетет.

Ошол эле жылдын күзүндө Кыргыз ССРинин театр ишмерлер союзу аны “[[Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович|Айтматов жана театр]]” эларалык фестивалын өткөрүп берүүгө чакырат. Ш. Шаршеев аталган фестивалды өтө жогорку уюуштуруучулук деңгээлде өткөрөт. Фестиваль чоң абройго ээ болот.

Анын уюштуруучулук жөндөмүнүн өтө жогору экени бааланып, бир жагынан КПССтин (Советтер Союзунун коммунисттик партиясы) үстөмдүгү СССРдин Конституциясынан алынып, коммунисттердин диктаты биротоло жоюлган соң, 1991-жылы Ш. Шаршеев Кыргыз Республикасынын маданият министринин 1-орун басары болуп дайындалат.

1994-жылдан тартып Ш.Шаршеев [[“Манас” эпосуМанас]]нун” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо” мамлекеттик башкы дирекциясынын башкы директорлугуна дайындалат.

Аталган кызматта Ш.Шаршеевдин уюштуруучулук жөндөмү айрыкча көрүнөт: “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо” эларалык аземи өтө жогорку деңгээлде ишке ашырылганына бүтүндөй Кыргызстандын коомчулугу күбө болгон.

Ш. Шаршеев эгер жетекчилик жагына өтпөгөндө өз учурунда эле сөзсүз таланттуу чыгармачыл инсан катары жумурай журтка таанылмак. Анын театрда ойногон ролдору, жазган драмалары буга толук далил боло алат.