Теодор Герцен: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
3-сап:
==Өмүр таржымалы==
1959-жылы [[Бишкек]] сүрөт окуу жайын, 1966-ж. [[Москва]]да жогорку көркөм-өнөр жай окуу жайынын монументалдык-жипопись бөлүмүн бүтүргөн. <br>
 
Профессор В. Ф. Бордиченконун классында окуган. 1959—60-жылы Бакай-Ата районунун «Красная Заря» колхозунда сүрөтчү, 1966-жылдан кыргыз сүрөт фондусунда сүрөтчү-монументалист. <br>
 
Герцен монументалист катары негизинен мозаика жана фреска техникасында иштейт. Ал [[Кемин району]]ндагы Ильич совхозунун клубундагы «Дем алуу» (1967), Кочкор районунун «Соңкөл» совхозунун клубунун фойесиндеги «Жылкычылар» аттуу мозаиканын (1977), Бишкек шаарындагы «Ай-Пери» салонундагы «Аялдар» аттуу паннонун жана башка көптөгөн чыгармалардын автору. [[Ош]] кыргыз драма театрын, Киров суу сактагычын жасалгалаган. <br>
 
[[File:Герцен Теодор Теодорович_1.jpg|150px|left|thumb|Пейзаж]]
 
==Жетишкендиктери==
Герцен Кыргызстанда алгачкылардан болуп өндүрүштүк интерьердеги монументалдык живописти түзүүгө киришип, көптөгөн мозаикаларды түзгөн. <br>