Кыргызстан тарыхы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
19-сап:
 
=== Сак урууларынын биримдиги (б.з.ч.VI-II кылымдар) ===
{{Main|Сактар}}
Андан кийинки тарых Кыргызстандын жергесинде жана жамаатташ жайгашкан аймактарда биздин заманга чейинки VIII-II кылымдарда жашаган сак урууларынын тарыхы менен байланыштуу.
 
Line 26 ⟶ 27:
 
=== Хуннулар ===
{{Main|Хуннулар}}
Б.з.ч. III кылымдын акырында негиделген хуннулардын Улуу дөөлөтү, Мете (Модэ) шанүйдүн мезгилинде, 203-201 жылдары түндүктү карай багытталган жортуулдарында хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь (кыргыз), цайли калктарын баш ийдиргени белгилүү.
 
Line 33 ⟶ 35:
 
=== Давань мамлекети (б.з.ч. IV-I кылымдар) ===
{{Main|Даван малекети}}
Даван мамлекети фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юан (Дабан) деп аталган, б.з.ч. биринчи миң жылдыктын акырынан б.з. биринчи миң жылдыгынын башына чейин жашаган Фергандагы мамлекет болгон. Кытайдын хань империясы менен соода байланышы болгон. «Дабан асман аргымактары» менен таанылышкан; ошонун айынан б.з.ч. 104-102-жылдары кытайлыктар согуш ачып, натыйжада Эрши талкаланат. Кийинки борбору Гуйшан шаары болуп, хань бийлигин таануудан баш тартышкан. Б.з. 42-36 жылдары түндүк хуннулардын шанүйү Чжичжи давандыктарга жортуул уюштуруп, баш ийдире алган эмес. Кийин хун жана Кушан империялары бир канча ирет басып алганга аркеттенген. V кылымында Ферганадагы Дабан мамлекетинин ордун түрктөр, эфталиттер басып алган.
 
Line 39 ⟶ 42:
 
=== Усунь урууларынын мамлекети (б.з.ч.II- б.з. V кылымдар) ===
{{Main|Усундар}}
Усундар б.з.ч. II кылымда Дунхуан аймагында (районунда) жана Хуанхэ дайрасынын жогорку агымы тарапта жашап, II кылымдын ортосунда (болжолу б.з.ч. 160 жылдары) Чыгыш Теңир-Тоого ооп келип жергиликтүү калкты багындырып Или жана Иссык-Көл, Теңир-Тоо, Алай аймактарынан конуш алган. Археологиялык маалыматтарга карганда жергиликтүү сактардан калган журту усундар менен аралашып жашап кеткен. Б.з.ч. 161-158-жылдардын аралыгында хуннулардан көзкаранды эмес деп жарыяланып, “Усун го” – усундардын мамлекети түзүлгөн. Усундардын башчысы куньмо (күн-бий, күн баг) наамында болгон. Калкы 120 миң түтүн, аскеринин саны 188 800гө жеткен бул мамлекеттин борбору Ысык-Көл аймагындагы Чигу шаары (Чигучен – кызыл өрөөндөгү шаар) болгон. Ал шаардын орду тууралуу учурда Кытайдагы Шаты, Ысык-Көлдөгү Сары-Булуң, Кызыл-Суу, Тоңдогу Кан-Дөбө чеби менен байланыштырылган бир канча пикирлер бар. Б.з.ч. I кылымдын акырында усундардын күн-бийи Унгуйминин кол башчылыгы астында хуннулар менен салгылашып жеңишкен. Негизинен мал чарбачылык менен кесиптенишип, ошону менен бирге эле отурукташып, дан эгиндерин айдап, туруктуу кыштакта жашаган журту болгон. Кийин алар батыш түрк каганатынын элине жуурулушкан.
 
Line 51 ⟶ 55:
 
=== Батыштүрк (Он ок) каганаты (603-658) ===
{{Main|Батыштүрк каганаты}}
Биринчи түрк каганатындагы 20 жылга жакын созулган ич-ара тартыш 603-жылы империянын биротоло эки мамлекетке бөлүнүшүнө алып келет. Биринчи Түрк каганатынан өз алдынча Батыш түрк каганаты бөлүнгөндөн кийин ал "Он Ок Эли" деген мамлекет болуп атала баштайт.
Мамлекеттин согуштук-административдик системасы "Он Ок Будун" деп аталган. Ал "дулу" жана "нушиби" деген ар бири беш уруудан турган канаттарга бөлүнгөн. "Ар бир муундагы башчыга бирден ок берилип, аларды Он Ок деп аташкан. Ар бир "ок" керек болгон учурда 10000 аскер берүүгө тийиш болгон". Андан тышкары алар он жана сол канатка бөлүнүшкөн. Кагандын тактысы Теңир-Тоо аймагында жайгашкан. Батыш түрктөрдүн "негизги ордосу" Жети-Суу жана Борбордук Теңир-Тоо болуп, батыш түрктөр каганатынын курамына Орто Азиянын көпчүлүк бөлүгү, Поволжье, Приурале аймагы Казахстан, Алтай, Жунгария, Чыгыш Туркстан кирген. Ал эми Алтай Батыш түрк каганатынын "чыгыш чек арасы" болгон.
 
=== Түргөш каганаты (699-744) ===
{{Main|Түргөш каганаты}}
704 жылы Кулан шаарында батыш түрктөрүнүн Ашина Син деген акыркы каганын түргөш каганы Мохэ Даган Үч жилэ өлтүрүп, өзүн каган деп жарыялашы менен Батыш түрк каганаты жашоосун токтотту. Түргөштөр теги жагынан "Он Ок Будун" элинин "дулу" деп аталган чыгыш канатына киргендерини бири болгон. Түргөштөр "кара" жана "сары" түргөш деген эки канатка бөлүнгөн. Түргөш каганатын негиздеген Yчжиле (Yч-Элик) ак сөөк, сары түргөштөрдөн чыккан өкүл болгон. Батыш түрктөрүнүн Бешбалыкка сүрүлүп чыгарылып, алардын Ашина уруусунун өкүлдөрү тан наместнигинин колдоосу менен бирге кетиши түргөштөрдүн күчөшүнө түрткү берген. Каган Yч-Элик (Yчжиле) өзүнүн эки ордосун Суяб жана Күнгүт (Кюнгют) шаарларында орноткон. Yч-Элик каза болгондон кийин каган ордо тагына уулу Сакал-Каган (Согэ) келет. Анын 300 000 миң жоокерден турган бараандуу аскери болгон. 712-713- жылдан Чабыш-чур Сулук « элди чогултуп" өзүн түргөштөрдүн каганы деп жарыялаган. Кытай жазма булактарына караганда Сулук «кол алдындагыларына жакшы мамиле кылган. Уруулары улам көбөйүп 200 000ге жетип, батыш аймактарда кайра күчтүү болуп калган» дейт. Түргөштөрдүн Согдиянага, Тохаристанга жасаган жортуулдары ийгиликтүү аяктайт. Жортуулдун бирин каган өзү жетектеп барган. 730 жылы ал Аму-Дарыядагы чабышта арабдардан жеңилет. Согуштун улана бериши түргөш ак сөөктөрүнүн нааразылыгын туудургандыктан, козголоң уюштурулуп, 738 ж. Сулук каган өлтүрүлгөн. Каганаттын ичинде кара жана сары түргөштөрдүн ортосунда өз ара согуштар башталган. Түргөштөр арабдар менен согушту уланта беришет, бирок, алардын каганы Күл-Чор бага-тархан 744 ж. туткунга түшүп, анын сөөгүнүн өрттөлүшү менен түргөштөр үчүн өлүмдөн да катуу сокку болот. Түргөштөрдүн начарлашы Жети-Сууга батыштан арабдардын, чыгыштан кытайлардын жылышына түрткү болгон. 751-жылы Талас суусунун боюнда халифаттын жана Тан империясынын аскерлери кездешип, 5 күнгө созулган салгылаш болуп өтөт. Натыйжада, карлуктардын кийлигишүүсү менен кытайлар талкаланып, Жети-Суудан сүрүлүп чыгарылган. Жети-Сууда кара жана сары түргөштөрдүн чабышы улана берген маалда, 766 ж. карлуктар Жети-Сууну толугу менен өздөрүнө багындырышып, Суябды ээлешет.
 
=== Карлук мамлекети (766-940) ===
{{Main|Карлук каганаты}}
Карлуктар байыркы түрк рун жазууларында "карлук бодун" жана "үч-карлук" деген ат менен белгилүү. 744- жылы басмыл, уйгурлар жана карлуктар биригип экинчи Чыгыш түрк кагандыгын талкалашкан. Карлуктардын жол башчылары 746-жылы өз урууларын жетектеп Жети-Сууга көчүшөт. 751-жылы Таласта кытайлар менен араб аскерлеринин ортосунда болгон чечүүчү салгылашууда кытайлардын тылынан карлуктар чабуулга өтүп, кытайлар толук талкаланат. 766-жылы карлуктар Жети-Сууну, Таласты, Чу дайрасынын боюн багындырып, Батыш Теңир-Тоого чейин жетишкен. IX кылымдын башында кыргыздардын жана карлуктардын башкаруучуларынын ортосунда сулалелик (династиялык) союз түзүлгөн. Карлук башкаруучусу "Гэлу Шехунун" кызы кыргыз ажосунун аялы болуп калган. 840-ж. кыргыздардын Уйгур каганатын талкалап, Улуу дөөлөттү курушу, карлуктарды чыгыш тараптагы коркунучтан арылткан. Кыргыздардын аскерлери Теңир-Тоонун чыгышына жетип, Бешбалык, Куча шаарларын ээлейт.
 
Line 65 ⟶ 72:
 
=== Караханийлер мамлекети ===
{{Main|Караханийлер мамлекети}}
Ушул эле 840-жылы карлук ябгусу Билге Күл Кадыр-хан Борбордук Азиядагы көчмөн калктардын үстүнөн жогорку бийлик жүргүзүүгө теңтайлашып, каган наамын алат. Окумуштуу С.Г. Кляшторный Карахандар династиясынын баштоочусу болуп, өзүн 840-ж. каган деп жарыялаган карлук ябгусу - Билге Кадыр - каган болгон деп эсептейт.
 
Line 75 ⟶ 83:
 
=== Каракытайлар, Селжукийлер жана Наймандар ===
{{Main|Каракытайлар мамлекети}}, {{Main|Улуу Селжук мамлекети}}, {{Main|Күчлүк найман}}
XII к. экиичи чейрегинин башында азыркы Кыргызстандын аймагы чон саясий окуяларга туш болот. 1130-ж. чыгыш тараптан каракытайлардын башчысы Елүй Даши Жети-Сууга келип, Баласагун шаарын каратып, аны өз байтактысы (ордо шаары) катары жарыялаган. Каракытай гурхандары Караханийлердин ички ишине кийлигишпей, салык жыйноо менен гана чектелген.
Кийин чыгыштан моңголдордон качып келген найман канзаадасы Күчлүк кара-кытайлардан бийликти тартып алат. 1218-жылы Жебе нойон баштаган моңголдор Алмалык, Баласагун, Кашкарды ээлеген учурда, Күчлүктөн запкы жеген калктын жардамы менен моңголдор мамлекетти кулатып, Кыргызстан Моңгол империясынын ичинде калат.
 
== Моңгол доору ==
{{Main|Улуу Моңгол империясы}}
XIII-кылымдын башынан тарта Чыӊгыз-хан жетектеген моӊгол жапырыгынын натыйжасында Кыргызстан жана жамаатташ жайгашкан аймактар тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк масштабдагы Моӊгол империясынын катмарына кирген.
Чагатай баштаган моӊгол хандары башкарган Кыргызстан бул империянын эӊ маанилүү экономикалык жана маданий чордондорунун бири болгону дүйнөлүк тарыхта таасын чагылдырылган. Айрыкча Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун бул доордогу ролу абдан күч алып тургандыгы белгилүү.
 
=== Чагатай улусу (1227-1348) ===
{{Main|Чагатай улусу}}
 
=== Хайду мамлекети ===
{{Main|Хайду мамлекети}}
 
=== МоголистанМоголстан мамлекети (1345-1514) ===
{{Main|Моголстан мамлекети}}
 
== Теңиртоолук кыргыздардын доору ==
 
=== Кыргыз урууларынын экилтик мамлекеттүүлүгү (XVI-XVIIIкк.) ===
{{Main|Кыргыз экилтик этносаясий бирикмаси}}
Байыркы энисейлик кыргыздардын урпактары болгон Алтай жана Эртыш боюндагы кыргыз уруулары XV кылымдын ортосунан тарта Моголистан мамлекетинин кулашынан пайдаланып, Теңир-Тоонун тоолуу-токойлуу чөлкөмдөрүнө көчүп келишип, бул жерде «Оң Канат» жана «Сол канаттан» турган экилтик этно-саясий структураны түзүшөт. Дал ушул экилтик структуранын алкагында Тенир-Тоону атамзамандан бери байырлап келе жатышкан түрк тектүү уруулар жана кийинчерээк монгол доорунда чыгыштан көчүп келишип, түрктөшүп кетишкен моңгол тектүү уруулар кыргыздар менен аралашып, Теңир-Тоо кыргыздарынын калыптанышына чоң салым кошкон.
 
=== Жуңгар хандыгы жана Кыргыз ээлиги ===
{{Main|Жуңгар хандыгы}}
 
=== Батыш жана Чыгыш кыргыздары ===
{{Main|Ичкилик-кыргыз конфедерациясы}}, {{Main|Аркалык-кыргыз конфедерациясы}}
 
=== Кокон хандыгы ===
{{Main|Кокон хандыгы}}
 
== Орусиянын тушунда ==
=== Орусия иимпериясынын курамында ===
{{Main|Орусия империясы}}: {{Main|Түркстан генерал-губернаторлугу}}
Түркстан хандыктарынын бытырандылыка учураган мезгилдеринде түндүк-батыштан Орусия империясынын Орто Азияга умтулуу саясатынын натыйжасында Кыргызстан XIX-кылымдын ортосунда Россиянын букаралыгына кирет. Ушундан тарта Кыргызстан аймагына Батыш маданиятынын таасири арта баштаган.
 
=== Кеңештик биримдиктин мезгили (СССР) ===
{{Main|КСРБ|КСРБ (орус. СССР)}}: {{Main|Кыргыз КСРы}}
[[Файл:Flag of Kyrgyz SSR.svg|thumb|Кыргыз ССРинин желеги]]
 
Line 110 ⟶ 127:
 
== Эгемендик мезгил ==
{{Main|Кыргыз Республикасынын тарыхы}}
XX-кылымдын соӊунда СССРдин кыйрашы менен жетишкен эгемендик доорунда Кыргызстан алгачкы жолу БУУнун жана башка абройлуу эл аралык жана регионалдык уюмдардын мүчөсү болуп, эл аралык мамилелердин субьектисине айланды. Кыргызстандагы дүйнөлүк маданияттын таасирин негизинен англис тилинин ургалдуу түрдө жайылышы жана интернет желесинин кеӊири таркалышы аркылуу күч алып бараткандыгын байкоого болот.