Симеон Бекбулатович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
44-сап:
}}
 
Симеóн Бекбулáтович (чокундургуча Саин-Булат хан, тат. ساین بولاط, монахчылыкта Стефан; 1616 -жылы 5 [[Үчтүн айы|январьда]] Москва шаарында каза болгон) — 1567-1573 жылдары [[Касыйм хандыгы|Касыйм ханы]], султан [[Бек-Булат]]тын баласы, [[Улуу Ордо|Улуу Ордону]] башкарган [[Ахмат хан]]дын чебереси. Атасы менен бирге [[Иван Грозный|Иван IV Васильевич Грозныйга]] кызматка өткөн. 1570жылдары [[Ливон согушу|Ливон чабуулдарына]] катышып жүргөн. [[Опричнина]] жылдары Иван Грозный Симеонду Бүткүл Русь Улуу князы (1675-1676) кылган. [[Чыңгыз-Хан|Чыңгыз-Хандын]] урпагы саясатта Ивандын адамы болуп, эч кандай салмакка ээ болгон эмес.1576 жылдан тарта [[Улуу Тверь князьдыгы|Улуу Тверь князы]].
 
== Өмүр баяны ==
1573-жылдын [[Теке айы|июль]] айында Иван IV айтуусу менен Саин-Булат Симеон ат менен чокундурулган. Ошол эле жайда аялдыкка мурунку [[Земство|земщиктин]] башчысы, князь [[Мстиславский, Иван Фёдорович|Иван Фёдорович Мстиславскийдин]] жесир калган кызы Анастасия Черкасскийди алат. Ал падышалык фамилиянын [[София Палеолог|София Палеологтун]] тууганы болгон. Алардын никесинде 6 бала: 3 уул — Федор, Дмитрий, Иоанн жана 3 кыз Евдокия, Мария, Анастасия болгон. Жазылган маалыматтарга караганда бул балдар [[Иван III Васильевич|Иван III]] жана София Палеологтун акыркы урпактары болгон. Симеон Бекбулатович өзүнүн балдарынын жана аялынын өлүмүн баштан өткөргөн.
 
1575-жылы падыша Иван Васильевич тактан баш тартып, Симеон Бекбулатовичти такка отургузуп койгон.Симеон Бекбулатович 11 ай Бүткүл Русь Улуу князы болгон. Анын аынан жазылган грамоталар да белгилүү. 1576-жылы Иван Васильевич Симеон Бекбулатовичти Улуу Тверь князы кылып, өзү кайра такка отурган.
 
1575-жылдын күзүндө [[Москва Кремли|Кремль]]дин Успенск соборунда Симеон Бекбулатович такка отургузулган:
{{цитата| «…посадил царем на Москве Симеона Бекбулатовича и царским венцом его венчал, а сам назвался Иваном Московским и вышел из города, жил на Петровке; весь свой чин царский отдал Симеону, а сам ездил просто, как боярин, в оглоблях…»}}
 
Симеон салатанаттуу түрдө такка отургузулуп, земсктик боярлардын председатели болуп, өзунүн атынан мамлекеттик буйруктарды берип турган. Нрозный Петровкада чакан абалда жашап жаткан учурда Симеон Москвада чоң жерде турган. Иван Грозный Симеонго жиберилген кайрылууларында падышага берилген сый-сыйпаны көрсөтүп турган. Формальдык түрдө мамлекет Улуу князь Симеондун ээлиги жана Ивандын удели болуп экиге бөлүнүп турган. Чындыгында бийликтин баары иван Грозныйга тиешелүү болгон.
Москвада Симеон Бекбулатович 11 ай гана мамлекетти башкарып турду. Андан соң Улуу Тверь князь наамы менен [[Тверь]]ге жөнөтүлгөн.
== Адабияттар ==
* Шикман А. П. Ата-мекендик тарыхтын ишмерлери. Биографиялык справочник. — М., 1997.