Ханафий мазхабы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
7-сап:
== Өкүлдөр ==
Абуханифанын дээрлик бардык мурасы андан оозеки түрүндө окуучуларына өткөн, алар болсо анын мазхабынын жоболорун жазып алышкан жана системалаштырышкан. Абуханифанын мектебинин сакталышы, системалаштырылышы жана жайылышында көрүнүктүү ролду анын эң белгилүү эки окуучусу (сахибайн) — Абуюсуф менен Мухаммад аш-Шайбани ойногон.
* [[Абуюсуф]] (735—795) Куфада кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Ал хадистерди окуп үйрөнүп жүрүп, хадис илиминдеги билинип-турган илимпоз болуп чыгат. Андан кийин тогуз жыл Куфада мадиналык белгилүү бир сахабанын уулу болгон Имам Ибни Абилайладан (765-ж. өлг.) фыкых үйрөнөт. Кийинчерээк Абуханифадан тогуз жылдай сабак алат, а Абуханифа өлгөндөн кийин Мадинага барып, бирнече убакыт Имам Маликтен сабак алат. Абуюсуф кезегинде аббасий халифтери: Ал Мади (775—785), Ал Хади (785—786) жана Харун ар-Рашиддер (786—809) тарабынан башкы мамлекеттик казы болуп дайындалган. Башкы казы болгон соң, ал ар кайсы шаарларга да казыларды дайындаган жана алардын бардыгы (ал аркылуу дайындалгандар) Ханафий Мазхабынын жолдоочулары болушкан. Бул болсо, бул мектептин пикирлерин Мусулман империясынын Араб халифаты боюнча жайылышына жардам болгон факторлордун бири болгон<ref>{{книгакитеп|автор=[[Шах Валиуллах ад-Дехляви]]|заглавиеаталышы=Аль-Инсааф фи баян асбааб аль-ихтилаф|изданиебасма=2-е издбас.|местожери=Бейрут|издательствобасмакана=Дар ан-Нафаис|годжылы=1978|страницыбеттери=39}}</ref>.
* [[Мухаммад ибни ал-Хасан аш-Шайбани]] (749—805) Васитте төрөлгөн, бирок Куфада өскөн. Абуюсуфтукундай эле анын алгачкы изилдөөлөрү Хадистерге тиешелүү болгон. Бир канча убакыт Абуханифада окуп, анын өлүмүнөн кийин Абуюсуфтан сабагын уланткан, анан Мадинага жөнөп, ал жактан үч жылдай имам Маликтен сабак алат. Бул учурда ал Маликтин «Эл-Муатта» китеби боюнча хадис айткандардын негизгилеринин бири болуп чыгат. Имам аш-Шафиинин өзү Багдаддан Мухаммад ибни ал-Хасандан көп сабак алгандардын бири болгон. Мухаммад ибни ал-Хасан дагы халиф [[Харунурашид|Харунуррашиддин]] башкаруу мезгилинде Казы кызматына дайындалууну кабыл алган, көп өтпөй бул кызмат көптөгөн компромисстерди (ымалаларды) талап кылгандыктан мындан баш тарткан, жана Багдаддагы мугалимдик кызматына кайткан.
* [[Зуфар ибни ал-Хузайл]] (732—774) Абуханифанын көрсөтүүлөрүн жолдогондордун бири болгон жана ага жасалган көптөгөн жагымдуу жана кызыктыруучу сунуштарга карабай казы кызматына дайындалууну кабыл алуудан баш тарткан. Ал сабак берүүнү ылайык көрүп, ал менен Басрада өлгөнгө чейин алектенген.