Исак Бекбоев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
19-сап:

'''Бекбоев Исак''' (10.1.1930-ж. т., [[Ат-Башы району]], Кара-Суу айылы) — педагог, [[педагогика]]лык илимдеринин доктору (1994), профессор (1983), [[Кыргызстан]] [[КР улуттук илимдер академиясы|УИАнын]] корреспондент мүчөсү (1997), Педагогикалык илиминин эл аралык академиясынын мүчөсү, [[Кыргыз Республикасы]]нын эмгек сиңирген мугалими (1983), Кыргыз республикасынын эл мугалими (2005).
==Кыскача өмүр таржымакалы==
== Өмүр жолу ==

Исак Бекбоев 1930-жылы 10-январда Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган.
===Бала чагы. Жаштык курагы ===
1952-ж. [[Кыргыз мамлекеттик университети|КМУнун]] физика-математика факультетин бүткөн. 1952—55-ж. мектепте математика мугалими (Ат-Башы айылы, [[Фрунзе]] ш. №5 орто мектеби), 1955—75-ж. [[Кыргыз педагогика илимий изилдөө институту|Кыргыз Педагогика илимий изилдөө институтунда]] улук илимий кызматкер, сектор башчысы, директорго орун басар, 1975—84-ж. КМУда факультеттин деканы, окуу иштери боюнча проректор, 1984-жылдан [[Кыргыз билим берүү институту|Кыргызстан билим берүү институтунун]] директору.

Анын илимий ишмердиги негизинен билим берүүнү башкаруунун аспектисине, педагогиканын жалпы проблемаларына, мектеп сабактарын өтүүнүн ыкмаларына, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого багытталган.

1930-жылы үчтүн айынын 10-күнү [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Нарын облусу|Нарын облусунун]] Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн.
Бекбоев Республикада билим берүү тармагына көрүнүктүү салым кошту, математиканы окутуу методикасы проблемаларын изилдөөнүн илимий мектебинин негиздөөчүсү. Ал 120 илимий жана илимий-методикалык эмгектин (анын ичинде 8 [[монография]], 18 окуу китеби) автору.

Анын негизгилери "Физика-математика адистери эместер үчүн жогорку математиканын жалпы курсу", "Сабак даярдоо менен өтүү методикасынын оптималдуу варианты" жана башка болуп эсептелет. Бекбоев жана анын шакирттери 1-, 2-, 3-, 4-, 5- класстар үчүн 1-жолу математика окуу китебин түзүштү. Илимдин 17 кандидатын даярдаган (1997).

Ал [[Чүй облусу|Чүй облусунун]] Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш орто мектебинде окуп, аны 1948-жылы күмүш медалы менен аяктаган.

Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математикалык факультетине экзаменсиз кабыл алынып, ал факультетте Сталиндик стипендия менен окуп, аны (азыркы Жусуп Баласагын атындагы [[Кыргыз Улуттук Университети|Кыргыз улуттук университетин]]) 1952-жылы бүтүргөн.
===Эмгек чыйыры ===

1952-1959-жылдары И.Бекбоев Нарын облусунун Ат-Башы айылындагы В.И.Ленин атындагы №1 жана Фрунзе шаарынын А.С.Пушкин атындагы №5 орто мектептерде жогорку класстардын математика мугалими болуп иштеген.

1955-жылы Бишкекте №5 мектепте мугалимдик кызматта иштеп турганда аны мугалимдик кызматын таштабастан Кыргызстан педагогикалык илим-изилдөө институтунда да кошо иштөөгө чакырышкан.

Бул институтта И.Бекбоев адегенде кенже илимий кызматкерлик кызматтан баштап андан соң улук илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп 1975-жылга чейин он жыл чамасында эмгектенген. Бул жылдары ал окутуунун методикасы тармагындагы илим-изилдөө иштери менен алектенген.

Андан кийинки 1975-жылдан 1984-жылга чейинки он жылдыкта И.Бекбоев СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргызстан мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) адегенде орто мектептердин директорлорунун квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканы, андан соң университеттин биринчи проректору болуп иштеген.

1984-жылы И.Бекбоев кайрадан Кыргызстан педагогикалык илим- изилдөө институтунун жана 1992-жылы анын «Кыргыз билим берүү институту» аталган институттун директору болуп 2003-жылдары иштеген.

2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз билим берүү академиясынын (КАО) билим берүү жана илим Борборунун директору болуп иштеп жатат.

==Илимий-педагогдук жана агартуучулук ишмердиги ==

И.Бекбоев - Кыргызстандагы көрүнүктүү педагог окумуштуулардын бири. Анын ысымы биздин республикабыздын бардык булуң бурчтарында гана эмес башка өлкөлөрдө да таанымал.

Ал көптөгөн окуу китептердин жана методикалык колдонмолордун, атайын илимий эмгектердин автору: анын калеминен 200дөн ашык басылмалар, алардын ичинде 12 монография, 44 окуу китеби, 34 окуу- методикалык колдонмолор жарык көргөн.

Алардын жалпы көлөмү 400дөн ашуун басма табакты түзөт.

Алардын айрымдары:

1. К вопросу осуществлении связи обучения математике с жизнью. - Фрунзе: Мектеп, 1964. - 6, 72 п.л.

2. Задачи с практическим содержанием как средство раскрытия содержательно-прикладного значения математики в восьмилетней школе.
-Фрунзе: Мектеп, 1967. - 7, 99 п.л.

3. Применение принципов программированного обучения на уроках математики (на кыргызском языке ). - Фрунзе: Мектеп, 1970.-6 п.л.

4. Ориентация на личность. - Бишкек: Педагогика, 2000.- 13 п.л.

5. Сабактын оптималдуу вариантын даярдап өткөрүүнүн методикасы, Фрунзе, 1988, 12. б.т.

6. Общий курс высшей математики для не физико-математических специальностей (учебное пособие для студентов вузов на киргизском языке). - Фрунзе: Мектеп, 1984, 2000 г.г. - 15 п.л.

7. Педагогический процесс: старые привычки и новые взгляды (на кыргызском языке). - Бишкек, 2005.- 10 п.л.

8. Теоретические и практические вопросы технологии личностно=ориентированного обучения (на кыргызском языке). - Бишкек, 2003, 2004, 2012. - 24 п.л.

2006-2009-жылдары проф. И.Бекбоевдин башкы авторлугу астында Казакстан Республикасынын окумуштуу-методистери менен биргеликте Казакстандын мектептери үчүн 8 окуу китеби жана мугалимдер үчүн 6 методикалык колдонмолор түзүлүп алардын ар бири: казак, орус, өзбек жана уйгур тилдеринде басылып чыгарылып колдонулуп жатат.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу профессор И.Бекбоев өзүнүн окуучулары менен бирдикте I, II, III, IV, V, VI, VII, VIII, IX, Χ, XI класстар үчүн математика окуу китептерин түзүп чыгарды. Алардын бардыгы ар тараптуу эксперименталдык талдоодон өткөрүлүп министрлик тарабынан стабильдүү окуу китептер болуп бекитилген. Бүгүнкү күндө ал китептер боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жүздөгөн окуучулары окуп билим алып жатышат.

Билим берүүнүн өсүшүнүн ар түрлүү этаптарында педагогдордун астына келип чыгуучу окуу-таанып билүүчүлүк жана практикалык кечиктирилгис маселелерди чечүүгө байланыштуу болгон алардын муктаждыктарын оптималдуу жана оперативдүү камсыздоонун илимий-методикалык жолдорун изденүүгө И.Бекбоев өтө көп күч жумшаган.

Мисалы өткөн кылымдын 50-60-жылдарында мектептин турмуш менен байланышын чыңдоо жана өлкөдөгү билим берүүнү андан ары өнүктүрүү деген жалпыга белгилүү программаларды иш жүзүнө ашыруу планына ылайык И.Бекбоев мугалимдерге практикалык жардам көрсөтүүгө арналган китептердин төмөнкүдөй сериясын жазып чыгарган: «Өндүрүштүк мазмундагы арифметикалык маселелер» (1959-ж.), «Өндүрүштүк мазмундагы алгебралык маселелер» (1961-ж.), «Практикалык мазмундагы геометриялык маселелер» (1962-ж.).

Анын бул эмгектеринде математиканын мектептик курсунун политехникалык маани-маңызын ачып көрсөтүүнүн жана окуучулардын математикалык даярдыгынын деңгээлин көтөрүүнүн илимий жактан негизделген конкреттүү сунуштары берилген.

Бул китептер И.Бекбоевдин 1966-жылы ийгиликтүү жактаган «Практикалык мазмундагы маселелер сегиз жылдык мектептеги математиканын прикладдык мазмунун ачып көрсөтүүнүн каражаты катарында» деген кандидаттык диссертациясына карата жасалган чоң даярдык болгон.

Бул изилдөөдө баяндалып берилген теориялык корутундулар жана практикалык сунуштар изилдөөчүнүн бир катар төмөнкүдөй монографияларында жана окуу-методикалык колдонмолорунда андан ары өнүктүрүлүп тереңдетилген, алар: «Математиканы турмушка байланыштырып окутуу» (1964-ж.), «Практикалык мазмундагы маселелер» (1967-ж.), «Элементардык математика боюнча маселелерди чыгаруунун ыкмалары» (1988-ж.), «Программалаштырып окутуунун принциптерин математика сабактарында пайдалануу» (1970-ж.), «Окуучулардын математикалык билимин тереңдетүү маселелери» (1974-ж.).

И.Бекбоевдин жетекчилиги астында өзүнүн окуучулары менен жазган бир топ китептердин сериясы республикабыздын ЖОЖларынын окутуучуларына жана студенттерине арналган. Алардын арасында: «Алгебранын мектептик курсу боюнча маселелердин чыгарылыштарын системалаштыруу» (1976-ж.), «Планиметриянын мектептик курсу боюнча маселелердин чыгарылыштарын системалаштыруу» (1978-ж.), «Стереометриянын мектептик курсу боюнча маселелердин чыгарылыштарын системалаштыруу» (1982-ж.), «Физика-математикалык эмес адистиктер үчүн жогорку математиканын жалпы курсу» (1984-ж.) ж.б.

Бирок, профессор И.Бекбоев окумуштуу катарында да жана педагог- практик катарында да жалаң эле окутуу методикасынын проблемалары менен чектелип калган жок. Ал жалпы педагогиканын жана дидактиканын принципиалдуу маселелерин изилдөөнү да көңүлүнөн чыгарган эмес.

И.Бекбоев билим берүүнү башкарууунун илимий негиздерин иштеп чыгуу, окуучулардын окуу-таанып билүү ишмердүүлүгүн активдештирүүнүн оптималдуу методдорун: проблемалык окутууну, программалаштырылган окутууну, дифференциялап окутууларды ишке ашыруу маселелерин конкреттештирип өркүндөттү. Анын ушул изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары массалык басылмаларда ошондой эле өзүнчө китептерде дайыма жарыяланып турду.

Анын «Азыркы сабакка коюлуучу дидактикалык талаптар жөнүндө» (1975-ж.), «Окуучулардын сабакты өздөштүрбөй калууларын жана класстан көчпөй экинчи жылы ордунда калууларын алдын ала эскертүүнүн жолдору» (1975-ж.), «Инсандын профессионалдуулугун калыптандыруунун илимий негиздери» (1989-ж.), «Окуучуларды эмгекке тарбиялоонун теориялык- методологиялык негиздери» (1992-ж.) ж.б. эмгектери педагогдор тарабынан мыкты бааланып такай пайдаланууда.

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында жана 90-жылдарынын башталышында И.Бекбоевдин изилдөөлөрүнүн башкы багыты мектеп окуучуларынын математикалык үзгүлтүксүз даярдыгынын деңгээлин билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык жогорулатуу проблемаларын комплекстүү чечүүнүн жолдорун изденүү болуп калды.

Бул проблеманы И.Бекбоев үзгүлтүксүз билим берүүнүн жалпы системасынын контектинде билим алуучуларды курчап турган спецификалык шарттарга (этникалык, регионалдык, социалдык, профессионалдык) таянуу менен окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн жана алардын реалдуу окуп-таанып билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алып ар тараптан карап иликтеп чыккан.

Изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча И.Бекбоев «Үзгүлтүксүз математикалык билим берүү системасында маселелерди иштеп чыгуунун жана аларды чыгарууга көнүктүрүүнүн илимий негиздери» - деген темадагы докторлук диссертация даярдап аны 1994-жылы ийгиликтүү жактаган.

И.Бекбоев аспирантурада да, докторантурада да күндүзү , өзүнүн милдеттүү кызматын иштеп жүрүп эле, илимий жетекчисиз, эч кимден илимий консультация албай кандидаттык жана докторлук диссертацияларын өз алдынча эмгектенип коргогон.

Профессор И.Бекбоевди биздин өлкөнүн билим берүү мекемелеринде математиканы окутуунун методикасын изилдөөчү окумуштуулардын кыргыз мектебинин таанымал негиздөөчүсү деп эсептешет.

Профессор И.Бекбоев көрүнүктүү окумуштуу, билим берүү облусундагы жогорку квалификациялуу адист катары педагогика боюнча илимий кадрларды даярдоодо да иштиктүү кам көрүп эмгектенди.

Анын жетекчилиги менен педагогикалык илимдердин 9 доктору жана 25 кандидаттар даярдалган.

Кыргызстанда гана эмес алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө И.Бекбоевдин жасаган докладдары, педагогиканын актуалдуу проблемалары боюнча анын мугалимдердин мектеп жетекчилеринин, билим берүү бөлүмдөрүнүн башкармаларынын, ата-энелер коомчулуктарынын алдында окуган лекциялары, берген сунуштары аларга өтө жагымдуулугу менен ошондой эле угуучулардын муктаждыктарын канаатандыруусу менен кызыктуу.

Профессор И.Бекбоевдин ишмердүүлүгүнүн өзгөчө аспектиси - бул анын педагогикалык уюштургучтугунда. Өз учурунда ал республикалык педагогикалык илимдин структурасын уюштуруучу жана жаңылоочу болуп иш кылды.

Мында ал радикалдуу реформа жасады, анын негизинде республикадагы мурунку Кыргызстан педагогикалык илим-изилдөө институтунун (КирНИИП) базасында оригиналдуу илимий-билим берүүчү мекеме - Кыргыз билим берүү институту (КИО) түзүлүп анын составына мурдагы үч структуралык компоненттер: изилдөөчү, квалификацияны жогорулатуу жана педагогикалык кадрларды кайра даярдоо, педагогикалык уюштуруучулук структуралар интеграцияланып камтылды.

Ушундай интеграциялаштыруунун натыйжасында илимий изилдөөлөр менен алардын жыйынтыктарын апробациялоо жана пайдаланууга киргизүүлөрдүн арасында ырааттуу органикалык байланыш түзүлдү.

==Коомдук ишмердиги ==

И.Бекбоев жогорку класстагы профессионал гана эмес, ал ошондой эле республиканын коомдук иштеринин да активдүү катышуучусу:

15 жыл бою ал элдик контролдун республикалык комитетинде штаттан тышкаркы кызматчы болуп иштеген; 1982-жылдан 1985-жылга чейин Фрунзе шаардык советинин депутаты; 1960-1994-жылдары илим жана окуу жайлар кызматкерлеринин республикалык профсоюзунун Президиумунун мүчөсү; 1984-жылдан баштап 12 жыл бою Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министрлигинин коллегия мүчөсү, кыргыз энциклопедиясынын редакциялык советинин мүчөсү (педагогика боюнча ред.советтин торагасы, КРнын педагогикалык энциклопедиясынын жооптуу редактору. И.Бекбоев 700 терминден турган биринчи «Кыргыз педагогикасынын энциклопедиясын» түзүү боюнча жумушту уюштуруп башкарып, анын кириш сөзүн (5 б.т.) жана 80 макаласын (5 б.т.) жазган. Ал энциклопедия 2004-жылы басылып чыккан.
Коомдук башталышта И.Бекбоев көп жылдар бою КРнын жогорку аттестациялык комиссиясынын педагогикалык адистиктер боюнча докторлук (кандидаттык) диссертациялык кеңештин жана эксперттик советтеринин төрагасы болуп иштеп келүүдө.

Мына ошентип, окумуштуу-изилдөөчү катары да, педагог- практик катары да, педагогикалык илимди уюштуруучу катарында да, билим берүүнү башкаруучу адист-окумуштуу катарында да жана коомдук ишмер катарында да Исак Бекбоев Кыргыз Республикасынын, барынан мурда анын Эл агартуусун өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон жана ал азыр да аны улантып келүүдө.

== Иштеген кызматтары ==