Исак Бекбоев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
415-сап:
<br>9. 1993-жылдан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын педагогикалык адистиктер боюнча докторлук (кандидаттык) илимий даражаны изденип алуудагы диссертацияларды коргоо боюнча КРнын ЖАКнын диссертациялык кеңешинин (же эксперттик кеңешинин) төрагасы.
 
 
==Илимий-агартуучулук мектеби==
 
Учурда Кыргызстандын билим берүү системасынын стратегиясын, методикалык технологиялык жактан камсыздоо маселелерин иштеп чыгуу милдетин татыктуу аркалап келе жаткан кут даарыган Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлерин негизги курамын да Исак Бекбоевдон таалим алган илимпоздор түзөт.
 
Алар С.Байгазиев, А.Абдиев, А.Муратов, С.Рысбаев, С.Иптаров, З.Мамбетова, В.Мусаева, Г.Сейдекулова, Д.Акматов, А.Касымов, М.Иманкулов сыяктуу бүгүнкү мектептин окуу-методикалык ресурстарын аларсыз элестете албай турган педагогикалык журтчулукка аттын кашкасындай таанымал окумуштуулар.
 
Предметтик билим сфераларынын ар түрдүү экендигине карабастан баардыгы түгөлү менен өздөрүн Исак Бекбоевдин шакирттерибиз деп эсептешет. Муну адабиятты окутуунун методикасы боюнча адис окумуштуу А.Муратов "орустун көптөгөн жазуучулары Гоголдун "шинелинен" өсүп чыкканбыз дегендей, кыргыздын көптөгөн методист окумуштуулары Исак Бекбоевдин мектебинен өсүп чыктык" деп ырастаган.
 
== Үй-бүлөсү ==