Добулбас: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Stamps of Kyrgyzstan, 2011-35.jpg|220px|right]]
'''Добулбас''', доолбас (арабча-иранча дабылнуваз — барабанчы, барабан согуучу) — астыңкы, үстүңкү бетине төөнүн, пилдин териси менен тартылган цилиндр түспөлүндөгү негизинен согуштарда, мергенчиликте пайдаланылуучу барабан түрүндөгү урма музыкалык аспап. Казактын даулпазына окшош. Согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу үчүн Д-ты колго же ээрдин кашына илип коюп тоголок баш таяк менен ургулап кагышкан. Кыргыздын байыркы музыкалык бул аспабы "Манаста" да кеңири колдонулган.
 
Line 28 ⟶ 29:
 
Күлөөчүгү күлдүргөн, Добулбасты бир салып, Жоо келерин билдирген Добулбас колго алганы, Жез чокморду көтөрүп Ортого чапты балбаны. Кулак тунуп кыйкырып Жоо келгенсип калганы ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 2. 45),— деп душмандын келерин кабар салса, бирде жоокерлерди чогултууга, бирде жоого жүрүшкө аттанганда, бирде жеңишти салтанаттаганда кагылган, бирде "Добулбас кагылып, тууга байрак тагылган". Ошентип, Д. согуштук музыкалык аспап болгон. "Манас" варианттарында чагылдырылган Д-тын добул, доол деген түрлөрү болгонун, алар бири-биринен көлөмү, жасалышы жагынан айырмаланарын жана Д-тай эле милдетти аткарарын музыка изилдөөчү Б. Алагушов белгилейт (Б. Алагушов, Ырдагы өмүрлөр. — Фр., 1988, 188-б.).
 
==Колдонулган адабияттар==
*[["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
 
{{no iwiki}}
 
[[Категория: "Манас" эпосу]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Добулбас" булагынан алынды