Нарын дарыясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
38-сап:
 
== Кыргызстандагы эң чоң дарыя ==
'''Нарын, дарыя''' — [[Кыргызстан]]дагы эң чоң жана суусу мол дарыя. Сыр дарыянын оң курамы. Узундугу 534 км ([[Чоң-Нарын|Чоң Нарынды]] кошкондо 807 км), алабынын аянты 5837058 км2370 км². Алабы түндүктөн Тескей , Кыргыз, [[Талас Ала-Тоосу|Талас Ала-Тоолору]], түштүктөн Какшаал, чыгыштан Ак-Шыйрак, батыштан Фергана кырка тоолору менен чектешет.
[[Ак-Шыйрак тоосу|Ак-Шыйрак кырка тоосунун]] түндүк-батыш капталындагы Петров мөңгүсүнүн этегинде 3730 м бийиктикте жайгашкан көлдөн Кумтөр деген ат менен башталат да, Арабел суу менен кошулуп , Тарагайды (Жаакташ) түзөт. Тарагай менен Карасай кошулгандан кийин Чоң-Нарын деп аталып, тектирчелүү жайык өрөөн менен батышты карай агат. Жогорку Нарын өрөөн үнүн борбору бөлүгүндө салааланып , нугу кеңейип , батышында кайра кууштайт. Бул бөлүгүндө дарыяга Каракол (чыгыш) жана Улан суулары кошулат. Улан суусунун чатынан Ай рысуунун (оң куймасы) кошулушуна чейин өтө кууш капчыгай менен агат. Орто Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө Чоң-Нарын, Кичи-Нарын менен кошулат да, Нарынды түзөт. Мында дарыя Нарын өрөөнүнүн сол жак чети менен кеңдик багытта агат. Бул бөлүгүндө өрөөн кенен , тектирчелүү. Сол куймасы Текесекирик кошулган жерде гана Нарындын сол жээгиндеги карбондун аки таш теги менен оң жээгиндеги палеоген-неогендин кызыл түстүү тектери жакындашып, кууш өрөөндү пайдакылат. Аламышыкты кууш Аккыя капчыгайыаркылуу жандап өтүп, түндүк-батыш багытты карай шар агат. Андан төмөн бирнече кмге чейин өрөөнү кенен , жээктери жапыз, нугунун туурасы 80–100 мге жетет.