Биз тобу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
3-сап:
Бул топ алгач 1988-жылы Политехникалык институтунун атынан кароо конкурстарда катыша баштайт. 1989-жылы кыргыз тилин өркүндөтүү боюнча атайын чыккан мыйзам кыргыз тилинде ырдаган "Биз" тобуна окшогон коллективдерге чоң түрткү болот.
Ошол чыккан мыйзамдан кийин "Биз" тобунун алгачкы курамына институттун ректораты атайын бөлмө бөлүп берет. Алгачкы курамында Бактияр Токторов, Насиридин Жуманов, Алмаз Кудайбердиев, Улан Исканов жана Ильяз Машабаевдер болгон.
=== Алгачкы кадамдар ===
1990-жылы январь айында белгилүү тележурналист Мыктыбек Арстанбектин чакыруусу менен КТР аркылуу элге биринчи "Баластан" жана "Жоогазын" аттуу ырлары менен таанылган.
Ошол жылы өтө популярдуу болуп турган "Мыскыл жана тамаша" көрсөтүүсүнүн жаңы жылдык программасына тартылууга уруксат берилет. Биринчи чоң сахнага Жаныбек Алыкулов алып чыккан. 1991-жылы Политехникалык институтунун студенттик тобу белгилүү тележурналист Бакыт Букаевдин "Жаштык ыры" теледолбоорунун алгачкы катышуучуларынан болушуп, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татып байге жеңип алышкан.
Эстрадалык топ катары биринчи концерти 1992-жылы 1-апрелде "Алдамчы күнүң менен, периштем" деген ат менен мурдагы Кыз-келиндер институтунун салтанат залында студенттерге коюлган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Биз_тобу" булагынан алынды