Жүрөк-кан тамыр тутуму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Жүрөк-кан тамыр системасы''' жүрөктөн жана кан толгон кан тамырлардан турат. Ага лимфа системасы да кирет. Жүрөктүн иштешинин натыйжасында кан тынымсыз жылып турат (к. Жүрөк). Кан тамырлар [[Артериялар| артерия]], артериола, капилляр, венула жана [[Веналар|веналарг]]а бөлүнөт. [[Артериялар]] канды жүрөктөн ткандарга жеткирет, алар [[Организм|орган]]дарда органдарда ырааттуулук менен майда кан тамырларга бутактанып, акырында артериолаларды, алар болсо эң майда [[Кан-тамырлар| кан тамыр]]лардытамырларды (капиллярларды) түзөт. Капиллярлардан эң майда [[Веналар|веналар]] (венулалар) башталып, акырындык менен бир-бирине биригип, чоңураак веналарга айланат. Жүрөккө кан эң ири [[Веналар|веналар]] менен келет. [[Организм|Орган]]дан өтүүчү кандын өлчөмүн артериолалар жөнгө салат. Органдын керектөөсүнө жараша артериолалар ичкерип же кеңейип, орган ткандарды кан менен камсыз кылууну өзгөртүп турат (Артериялар, Веналар).
 
== Функциясы ==
Жүрөк-кан тамыр системасы кан айланууну, ошону менен бирге ткандарга азык заттарды, кычкылтекти жеткирүү жана зат алмашуунун продуктуларын, көмүр кычкыл газын чыгарууну камсыз кылат. Андан тышкары кан гормондорду, ферменттерди жана башка заттарды ташып, организмдин химиялык (гумордук) жөнгө салуусуна катышат. Кан айлануу системасынын борбору — жүрөк, андан кан айлануунун чоң жана кичине тегереги башталат (Кан айлануу). Кан айлануунун кичине тегерегинин [[Артериялар|артериялар]]ына өпкө сөңгөгү, веналык канды өпкөгө алып баруучу оң жана сол өпкө артериялары кирет. Кичине тегеректин веналарын артериялык канды өпкөдөн жүрөктүн сол дүлөйүнө жеткирүүчү эки оң жана эки сол өпкө [[Вена|вена]]сы түзөт. Кан айлануунун чоң тегерегинин [[Артериялар|артериялар]]ына жүрөктүн сол карынчасынан чыгуучу толто, анын догосу, андан тараган жалпы күрөө тамыры, сол жана оң күрөө тамырлары, акырек [[Артериялар|артерия]]сы, толтонун жогорку бөлүгү (оң жана сол жүрөк артериясы), төмөнкү бөлүгү (көкүрөк толтосу) жана анын бутактары (жалпы жамбаш [[Артериялар|артериялар]]ы, алардын оң жана сол бөлүктөрү) кирет. Чоң тегеректин веналары дененин бардык жеринен канды кабыл алып, акырында эки ири жогорку жана төмөнкү көңдөй веналарга биригип, жүрөктүн оң дүлөйүнө кирет. Ага жүрөк капталынын веналары кирүүчү жүрөктүн синусу да кошулат. Боордун дарбаза венасынын системасы өзгөчөлөнүп бөлүнөт. Ал [[Вена|вена]] аркылуу ич көңдөйүнүн [[Организм|орган]]дарынан келген канды чогултат. Көңдөй веналар менен дарбаза веналардын куймалары биригип кызыл өңгөчтүн ылдый жагында, көтөн чучукта веналык анастомозду түзөт. Алар чоң [[Веналар|веналар]]да кан айланууга тоскоол болгондо (мисалы, дарбазалык вена өт жолдорунун таштары менен басылып калганда же боор циррозунда) кошумча жол катары чоң роль ойнойт. [[Веналар]] [[Артериялар|артериялар]]дан көп, алар артерияларды коштоп жүрөт. Дени соо кишиде жүрөккө келген кандын көлөмү андан чыккан канга барабар.