Кан айлануу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м Reverted edits by 92.62.66.250 (talk) to last revision by KLBot2
1-сап:
--[[Атайын:Contributions/92.62.66.250|92.62.66.250]] 11:06, 29 март 2014 (UTC)Кан айлануу — жүрөк-кан тамыр системасы аркылуу кандын жүрүшү. Кан айлануунун жардамы менен организмдин ички чөйрөсүндөгү зат алмашуу, жылуулукту жөнгө салуу, ткандарга керектүү заттарды жеткирүү, [[зат алмашуу]]дан чыккан организмге керексиз заттарды бөлүп чыгаруу ишке ашат жана анын негизинде кандын транспорттук (ташыгыч) кызматы аткарылат. Байыркы грек окумуштуусу [[Гален]] кан жүрөктүн оң жагы менен [[вена]]ларда кочкул, сол жагында жана [[артерия]]ларда — ачык кызыл түстө болот деп байкоо жүргүзгөн. 1628-ж. англиялык врач [[У. Гарвей]] айбандарга тажрыйба жүргүзүп, кан жүрөк жана кан тамырлар түзгөн туюк тегерек менен тынымсыз жүрүп турарын, Кан айлануунун негизги закондорун аныктаган. Бирок кан артериядан венага кантип өтөрүн ал түшүнгөн эмес. Бул эки кан тамырды байланыштырып турган [[капилляр]]лар экенин М. Мальпиги 1661-ж. ачкан.
 
Кан тамырлар аркылуу кандын жылышы жүрөктүн кагуусуна байланыштуу. Кан айлануунун чоң жана кичине тегереги бар. Чоң Кан айлануу тегереги жүрөктүн [[сол карынчасы]]нан башталып, кан толтого, андан кийин артериялар аркылуу бардык органдарга таралып, алардан вена системасы аркылуу жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө куюлат. Андан кичине тегерегинде кан оң карынчадан чыгып, [[өпкө]] артериясы аркылуу өпкөгө барат. Анда [[газ алмашуу]] жүрөт: [[көмүр кычкыл газы]] бөлүнүп чыгып, кычкылтек канга өтөт. Демек өпкөдөн чыккан кычкылтекке каныккан кан артериялык деп аталып, өпкө веналары аркылуу [[сол дүлөйчө]]гө куюлат.
8-сап:
 
1 минутада жүрөктүн сол карынчасынан толтого чыккан кандын көлөмү орто эсеп менен чоң кишиде 5 лге жакын. Дагы бир ченем — жүрөктүн систолалык көлөмү, бир систола учурунда жүрөктөн чыккан кандын өлчөмү орто эсеп менен 70 млге жакын. Эгерде жүрөктүн бир минутадагы соккон санына систолалык көлөмдү көбөйтсө, минуталык көлөм чыгат. Айтылган көлөмдөр жүрөктүн иштешине жараша дайыма өзгөрүп турат. Кандын минуталык көлөмү Кан айлануунун чоң жана кичине тегерегинде бирдей эле өлчөмдө болот, башкача айтканда. чоң кан айлануу тегереги менен бир минутада 5 л кан өтсө, ушул эле убакытта ошол эле кан кичине тегерек аркылуу өтөт. Жайчылык учурда минуталык көлөм 5 л болсо жумуш аткарууда (мисалы, чуркоодо) минуталык көлөм 20 лге чейин жетет, демек 4 — 5 эсе көбөйөт. Ал эми жүрөк жапкычтары жакшы иштебесе, минуталык көлөм ылдыйлап, жүрөк кемтигине алып келет. Кан айланууну [[нерв системасы]] жөнгө салып турат. Борбордук нерв системасына толто, ири кан тамырлардагы нерв учтарынан (рецепторлордон) Кан айлануунун абалы, кан басымы, кычкылтектин, көмүр кычкыл газынын жана [[суутек ионунун]] концентрациясы жөнүндөгү сигнал; ички органдардан канга муктаждык жөнүндө кабар түшөт. Нерв импульстарынын таасиринен кан тамырлар өзүнүн диаметрин, жүрөк өзүнүн жыйрылуу күчүн, ылдамдыгын өзгөртөт.
 
Колдонулган адабияттар:
 
*Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категориялар: ]]
 
Даарылар‎
Дары өсүмдүктөр
Витаминдер
Медицина
Ден-соолук
Дарыгерлик
 
{{Link FA|de}}
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кан_айлануу" булагынан алынды