Мерцбахер көлү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
11-сап:
| '''Узундугу''' || 3 км
|-
| '''Терең жери''' || 70 кмм
|-
| '''Деңиз денгээлинен бийиктиги''' || 3304 м
17-сап:
 
Мөрцбахер көлү<br><br>
Мөрцбахер көлү- Борбордук Теңир тоодогу Кантеңир тоосунун батыш капталындагы бийик тоо көлү. [[Ысык-Көл областы]]нын [[Ак-Cуу району]]ндагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктикте жайгашкан. Эңилчек өрөөнүнүн батышында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө жайгашкан. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км<sup>2</sup>, тереңдиги 60-70 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте жатат. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары(айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагы муз менен капталып ылдый жагы суу болуп агып турат.<br>
 
Август–сентябрда көл чанагы сууга толуп, мөңгү бузулганда Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жаракалары аркылуу 5-7 күндүн ичинде суу агып кетип, көлдө майда чөөттөр гана калат. Кээ бир жайы салкын жылдарда көл чанагы сууга толбогондуктан көлдөн суу агып чыкпай калган учурлар болот. Андан башталган суу Эңилчек суусуна куят. Жээктери муз менен чектелгендиктен, анын узундугу жана аянты өзгөрүп турат. Көлгө 1903-жылы немис саякатчысы Г.Мөрцбахер келген. <br>