Тогуз коргоол: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
3-сап:
[[орус|Орустун]] изилдөөчүлөрү «Байлардын кылаарга иштери жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан» дешет. Ал эми кыргызда малчылар балдардын [[логика|логикасын]] тарбиялоо үчүн ойлоп тапкан. [[казак|Казактарда]] Каныкеев деген [[окумуштуу]] «Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол [[улуттук оюндар|улуттук оюну]] пайда болгон» деген.
 
==Тогуз коргоол оюнунун эрежеси==
 
Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же андан көп коргоол утуп алуу керек. Уткан оюнчуга 1 упай берилет. 81 коргоол уткан болсо оюн тең чыгуу менен аяктайт. Жүрүштү баштоо укугу чучукулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат. Өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрүп олтурат. Ашып калган коргоолдорду атаандашынын үйүнөн 2-3-катары менен саналат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казанына салып алат. Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду жыйнай турган чөйчөкчөнү казан дейбиз.<br>
[[Файл:Taimawuu.png|250px|thumbnail|left|[[Карпов, Анатолий|Карпов]] менен таймашуу]]
Line 15 ⟶ 14:
 
== Тогуз коргоол тууралуу легенда==
Жолоочулар төөлөрүнүн үстүна ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатып бир жерге түнөөгө мажбур болушуп конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп ушул оюнду ойлоп чыккан деген пикирлер да бар. Төөнүн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты тогуз коргоол деп аталып калган деген бир имиш бар.
 
== Кол өнөрчүлүк ==
Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму. <br />
Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда чоңураак жанаша эки казынасы (казан чара) бар сүйрүлөнгөн такта. Анын жердиги [[карагай|карагайдан]] да, [[арча|арчадан]] да, талдан да, теректен да, өрүктөн да, жаңгактан да болот. Чеберлер аны жасоодо араа, керки, бычак пайдаланышат. Чуңкурун, казынасын чебердеп оюу-жонуу үчүн атайын кичинекей ийгиси бар. Эгер кыйып келээри менен дароо чаба койсо, ага каймак, же сорпо майын «ичирип» (аябай сыйпап) көлөкөдө кургатуу керек. Тогуз кумалактын көлөмү койдун коргоолундай 162 коргоолу да жыгачтан бипбирдей тоголок жасалат.
 
== Кызыктуу фактылар==
Line 47 ⟶ 50:
 
7. Бүткүл Дүйнө боюнча интеллектуалдык оюндардын эл аралык [[олимпиада|олимпиадасынын]] манкала секциясында 2010 жылы [[Европа|Европадагы]] Тогуз Коргоол клубу сунуштап киргизген.
 
==Маалыматтын булагы==
[http://bizdin.kg/component/k2/item/173-kyrgyz_kol_onor Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9]
 
[http://www.facebook.com/groups/toguzkorgool/ Фейсбуктагы Тогуз коргоол оюнуна арналган группа]
Line 56 ⟶ 62:
[http://www.kyrgyzstan.pl/pl/artykuly/biblioteka/151-toguz-korgool.html Toguz Korgool - Kirgiska gra typu Mankala]
 
[[Category:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]
 
[[Category:Этнография]]
[[Category:Элдик оюндар]]