Түндүк: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
Olaf Studt (талкуу | салымы) |
||
1-сап:
Түндүк - [[
Айрым чеберлердин түндүк узануу дүкөнү — тегерек дөңгөлөк. Оболу, талды, же теректи кыйып келет. Жогоруда айтылгандай, корго салып кызытып алат. Түндүк жыгачы жоон болгондуктан, кызытууга эки-үч саат убакыт кетет. Тигил дөңгөлөк дүкөнүн төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Жаактык жыгачты кызыткандан кийин дөңгөлөккө алып келип чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай кылып, керип бекитилет. Ал бир ай бою жаткан жеринде кургатылат. Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушул ыкма дал өзүндөй кайталанат. Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу ыктымал. Ошентип, түндүктүн тегерегин (айланасын) бүткөндөн кийин анын [[чамгарак|чамгараг]]ы салынат. Түндүк [[чамгарак|чамгараг]]ы үч-төрт чыбыктан турат. Анын уук көздөрү тегерете көзөлөт.
|