Арстанбек Буйлаш уулу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Арстанбек Буйлаш уулу''' <big><br /> Жалпы маалымат</big> 1824-жылы Ысыккөл облусунун Сырты аттуу жери..."
 
No edit summary
3-сап:
<big><br />
Жалпы маалымат</big>
 
1824-жылы Ысыккөл облусунун Сырты аттуу жеринде туулган, 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Ташкыя бейитине коюлган.
Ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. «Замана» агымынын эң ири адамдарынын бири. Эл ага «булбул» аттуу атак берген.
Line 9 ⟶ 10:
<big><br />
Басып өткөн жолу</big>
 
Арстанбек ырчы катары 16га чыкканда элге тааныла баштаган. Ал Фергана тарапта бир жылга жакын убакыт жүрүп, Наманган жана Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, акындык өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерине чоң ырчы атыгып кайткан. Акындын чыгармаларын жыйноо маселесине 1920-жылы көңүл бурулуп, 1922-жылы Каюм Мифтаков Каракол жана Нарын уездинен жыйнап келип, ИАнын Колжазмалар фондуна өткөргөн, азыр да сакталып турат.
 
<big><br />
Чыгармачылыгы</big>
 
Арстанбектин чыгармачылыгында олуттуу теманы заман ырлары түзгөн. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген «Тар заман» да үзүндү түрүндө колго тийген, көптөгөн, санат термелери белгисиз бойдон калган. «Тар заман» акындын турмуштук, социалдык жана коомдук көз карашынын натыйжасы болуп саналат. Айтылган чыгарма бир учурда эмес, болжол менен 1852-1870-жылдары түзүлүп, калыптанган.
 
Line 26 ⟶ 29:
 
Колдонулган булактар:
 
http://kyrgyzinfo.ru/yrlar/arstanbek-bujlash-uulu.html
 
http://tyup.net/publ/biografialar/arstanbek_bujlash_uulu/21-1-0-1145