Бишкек (шаар): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
тактоо
85-сап:
== Экономикасы ==
 
Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык жактан башка дубандарга салыштырмалуу жогору деңгээлде өнүккөн, саясий жактан [[Кыргыз Республикасы|Кыргыз Республикасынын]] борбору катары өзгөчөлөнгөн аймак. Шаарда өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш жана элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактар өнүккөн.<br />
 
Кийинки жылдары, Кыргызстанда жана анын аймактарында өндүрүштү рыноктук шартка ылайыкташтыруу максатында, чарбанын бардык тармактарында экономикалык реформа жүргүзүү башталган. Натыйжада, өндүрүшкө структуралык өзгөрүүлөр киргизилип, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар көбөйдү. 2003-жылдын 1-январына карата, статистикалык бирдиктин мамл. регистрине киргизилген ээлик кылуучу (юридикалык жактар) ишкана, уюм жана мекемелердин катталган саны 23531 (а.и. иштегендери 19902) болгон. Алардын ичинен менчиктин формалары боюнча 1240 (842) мамлекеттик, 399 (240) коммуналдык, 21956 (8820) жеке менчикке таандык. Ал эми жалпы 23531 субъектилердин түрлөрү боюнча: 21813 (8527) чакан ишканалар, 1049 (771) орто жана 669 (604) ири ишканалар.<br />
 
Рыноктук шартка ылайыкташкан ушул ишканалар – өнөр жай, курулуш, транспорт, соода же тейлөөнүн башка тармактарына таандык. Өндүрүштү базар экономикасынын шартына ылайыкташтыруунун натыйжасында шаардын өнөр жайында дагы эң ири структуралык өзгөрүүлөр болду.<br />
100-сап:
 
Бишкектин ири өнөр жай ишканалары:
ТЭЦ (
* 2000-жылы 454,3 млн сомдук продукция өндүргөн),
* «РЕЕМТСМА – Кыргызстан» АК (386,6 млн),
145-сап:
* Бишкек–Балыкчы–Каракол,
* Бишкек–Алматы (Казакстан),
* Бишкек – Карабалта–Тараз (Казакстан)–Ташкен (Өзбекстан) автоунаа жолдору ж.б.<br />
 
Чалдыбар бекетинен Балыкчыга чейин кеткен темир жолу Бишкек шаары аркылуу өтөт. Шаардын ортосунда жүргүнчүлөрдүн темир жол бекети, батыш жана чыгыш четинде «Бишкек» жана «Аламүдүн» аттуу жүк түшүрүп, жөнөтүп туруучу темир жол бекеттери бар. 2000-жылы темир жол транспорту менен 978,7 миң т жүк жана 590,3 миң жүргүнчү ташылган. Бишкек шаарынын түндүк тарабынан 30км аралыкта Борбор Азиядагы ири аэропорттордун бири «Манас» аэропорту жайгашкан. Бул аэропорт шаарды, ошондой эле Чүй дубанынын чет өлкөлөр жана Республиканын дээрлик бардык региондору менен аба жолдору аркылуу байланыштырат. 2000-жыды Бишкек шаарынын аба жолдору менен 1173,5 миң жүргүнчү ташылган. Шаарда 2 автобекет (Чыгыш жана Батыш) иштеп, 24 автотранспорттук, 1 троллейбустук мекемелерде 2,5 миң автобус (а.и. жеке менчик 705), 51 миңге жакын жеңил машина (а.и. 48,5 миңи жеке менчикте), 203 троллейбус болгон. 2002-жылы автотранспорт менен 4,1 млн т жүк, 60,5 млн жүргүнчү, троллейбус менен 62,7 млн жүргүнчү ташылган. Бишкекте калкты соода жана тиричилик жактан тейлөөчү тармактардын өнүгүү деңгээли дагы Республиканын орто көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору. 2002-жылы шаарда товарларды соодалап жүргүзүүнүн көлөмү 23,0 млрд сом, калкты тейлөөнүн көлөмү 4,7 млрд сом, а.и. калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 477,6 млн сомго жеткен. Башкача айтканда Республиканын орто көрсөткүчүнө салыштырганда Бишкекте соода жүргүзүүнүн көлөмүн адамдын санына эсептегенде 1,5 эсеге, ал эми калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 6,0 эсеге жогору болгон. 1995-жылы Бишкек шаарында Эркин экономикалык аймак (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө борборунун жери, илгертен «Акчий» деп аталып келген Чүй дубанынын Аламүдүн районундагы азыркы Мрамор айылынын чет-жакасындагы жерлер кирет. «Бишкек» ЭЭАнын жалпы аянты 489га. 2002-жылдын башталышында «Бишкек» ЭЭАда 412 ишкана катталып, анын 172си иштеген. Аларда 2814 адам эмгектенген. «Бишкек» ЭЭАда 2001-жылы 1181,8 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, сыртка сатылган продукциянын көлөмү 12,6 млн АКШнын долларын жана сырттан келген инвестициянын көлөмү 1,2 млн долларды түзгөн.