Ибраимов Осмонакун: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
17-сап:
1999–2000-жж. кайрадан Президенттин пресс-катчысы жана 1-жардамчысы,

2000–2005-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болгон.

2006-2014-жж. КРСУнун профессору жана Кыргыз-Турк Манас университетинин болум башчысы.

О.Ибраимовдун адабий сын-макаларлары 1975-жылдан баштап жарыяланып келген. Жазуучунун биринчи адабий-сын макалалар жыйнагы 1983-жылы «Адабий классиканын азыркы өмүрү» деген ат менен китеп болуп чыккан. Саясат, мамлекеттик турмуш, тарых, эл аралык мамилелер боюнча көптөгөн макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарык көргөн. Учур маселелери боюнча публицистикага да көп кайрылган автор. Ал ошондой эле илимий жана көркөм котормо менен да алектенет. Ал тарабынан А.П.Чеховдун, К.Чуковскийдин, В.Астафьевдин А.Алексиндин ж.б. чыгармалары кыргыз тилине которулган.

1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Манас» орденинин ээси (2003).