Иоанн Дунс Скот: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
6-сап:
== Чыгармалары тууралуу ==
Дунс Скот чыгармалары түшүнүүгө да, ошондой эле кабылдоого да оор болгон жазуучу жана ойчул. Анын чыгармачылыгынын бул сапаты софист, схоласт дегенди билдирген «дунс» деген ат менен белгиленген. Ал «кылдат доктор» деген ардактуу титул алган, бул анын аргументтеринин кылдаттыгын жана анын ойлорун кабылдоонун татаалдыгын билдирген. Ошол эле убакта америкалык философ Ч.Пирс аны «мурда болуп көрбөгөн эң терең метафизик катарында баалаган. Айрым изилдөөчүлөр Дунс Скоттун философиялык чыгармаларынын спецификалык мүнөзүн — анын так логикалык-гносеологиялык терминологияга умтулганын белгилеп көрсөтүшөт. Мисалы ал абстрактуу жана конкреттүү түшүнүктөрдү айырмалаган. Скот «интеция» түшүнүгүн иштеп чыгат, бул аң-сезимдин таанылып-билине турган обьектиге же таанымдын өзүнө багытталгандыгын билдирүүчү түшүнүк. Ошондой эле ар түрдүү терминдердин маанилерин алмаштыруунун мүмкүнчүлүгүн билдирүүчү суппозиция да «интенция» түшүнүгүнүн предмети болгон.
Дунс Скоттун көз карашы томизмге карама-каршы көз караш катарында мүнөздөлөт. Ал теология менен философияны так айырмалайт: Философия, Скоттун пикири боюнча, билимдердин теориялык тармагын түзөт, ал эми теология — теориялык билим, башкача айткандаадамдын ишмердигин диний жоболорду аткарууга багыттоочу билим болуп саналат. Философияны, же метафизиканы, Дунс Скот жогорку билим катарында карайт. Философия бытиениболмушту — бардык бар болуп жашап турган нерселерди, алардын ичинде Кудайды да кучагына алып турган абсолютту изилдеп-үйрөнөт.<br />
 
== Томисттик метафизикага болгон мамилеси ==
Дунс Скот томисттик метафизикага каршы чыгып, жашоо (существование) менен маңыздын (сущностью) ортосундагы айырмачылыкты танган. Маңыз жашоонун актысы болуп саналат, ошондуктан жеке нерселерди жаратуу үчүн Кудайдын өзгөчө кийлигишүүсү талап кылынбайт деп эсептейт.<br />