Жолон Мамытов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
59-сап:
Акын кыргыз поэзиясынын жанып турган жылдызы эле. Анын “[[Отту сүйөм]]”, “[[Жашыл аалам]]”, “[[Убакыт]]”, “[[Ырлар]]”, “[[Мезгилдин элеси]]”, “[[Буруул таңдын жомогу]]”, “[[Суунун өмүрү]]”, “[[Жарышкан суулар]]”, “[[Атка токум салгыла]]”, “[[Жүз жашка тол кылым]]”, “[[Башат жана Мухит]]” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган.

Айрым чыгармалары орус жана башка элдердин чет элдиктердин тилдерине да которулган, өзү да [[Ф.Тютчев]]дин, [[А.Фет]]тин, [[В.Маяковский]]дин, М.Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

"Издейм сени" ыры

Тексти - Жолондуку; обону - Рыспай Абдыкадыровдуку.

(Бул ырды жаш акын Жолон сүйгөнү Меңди Мамазаировага арнаган экен).

Издейм сени арасынан элдердин,

Бактарынан бардык кооз жерлердин.

Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,

Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.

Акпы, көкпү же сарыбы жоолугуң,

Жоолугуңдун түсүн билбей оорумун.

Күзгө калган жалбырактын өңүндөй,

Ажарынан азууда ден соолугум.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,

Гүлзарынан күндөй кооз жерлердин.

Сен ааламга кыйноо үчүн жаралсаң,

Мен түбөлүк кыйналууга келгенмин.

Кызыл бекен, пушту бекен көйнөгүң,

Мынча оңой алоолонтуп ойнодуң.

Мүмкүн ушул зор бактынын өзүдүр,

Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң.

==Сыйлыктары==