Баткен облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
{| border="1" cellpadding="2" cellspacing="0" align="right" style="margin-left: 1em"

! colspan="2" align="center" | [[File:Batkenpr.png|center|250px|Баткен областыоблусу]]

! bgcolor="#f9f9f9" colspan="2" align="center" | Баткен областы

| [[Негизделген]]: || [[12-октябрь]] Октябрь [[1999 -жыл]]

| [[Борбору]]: || [[Баткен шаары]]

| [[Административдик бөлүүнүсү]]: || 3 район,
4 шаар,
5 шаарча,
30 айыл өкмөтү,
189 айыл

| [[Аянты]]: || 17 миң км²

| [[Калкы]]: || 382401,43 миң адам (24.03.19992002)

| [[Калкынын жыштыгы]]: || 22.5/км²
Line 18 ⟶ 20:
| [[ISO 3166-2]]: || KG-B

| [[Автоунаа коду]]: || А
| [[Административдик бөлүүнүсү]]: || 3 район,
4 шаар,
5 шаар тибиндеги айыл,
29 айыл кеңеши,
189 айыл

| [[Губернатору]]: || ЖенишбекЖеңишбек Раззаков

'''Баткен облусу''' – [[Кыргызстан]]дын түштүк-батышындагы дубан. Облус Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан. Ал 1999-ж. 12-октябрда [[Ош облусу]]нан [[Баткен району|Баткен]], [[Кадамжай району|Кадамжай]], [[Лейлек району|Лейлек]] райондорун жана [[Кызылкыя]], [[Cүлүктү]] шаарларын бөлүп, облус уюштурулган. 2000-ж. райондун борбору [[Баткен]] жана 2001-ж. [[Исфана]] кыштактары шаар статусун алган. Облустун аймагында 3 район, 4 шаар, 5 шаарча (Восточный, Cовет, Кадамжай, Айдаркен, Чабай) жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар. Облустун борбору – Баткен шаары.
[[Кыргызстан]]дын түштүгүндөгү дубан.
Облустун түштүк-батыш жана түндүк-батышынан [[Тажикстан]], түндүгүнөн [[Өзбекстан]], чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече [[анклав]]дар (архипелагдар) бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана анклавдар аркылуу өтөт. Бул болсо облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. Аянты 17,0 миң чарчы километр же республиканын аймагынын 8,5%ын түзөт. Калкы 401,3 миң (2002) же республиканын калкынын 8,0%ын түзөт.

== Табияты ==
Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түш. өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түн. капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолор-дун кырлары деңиз деңг. 4000—5000 мбийиктиктен ашык көтөрүлөт; облустун эң бийик жерлери Түркстан кырка тоосунда (Кожобакырган суусунун башатында) 5580 м, Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында — Тилбеде) 5880 м. Облустун аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кырг-ндын эң жапыз жери жайгашкан; ал деңиз деңг. 401 м бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү б-ча облустун аймагы төмөнкү геоморфологиялык зоналар-га бөлүнөт: тоо этектериндеги түздүктөр зонасы, тоо арасындагы ойдуңдар зонасы, орто бийиктиктеги тоолор зонасы, бийик тоо зонасы. Тоо этектериндеги бир аз '''жантайыңкы түздүктөр''' облустун эң жапыз жайгашкан бөлүгү. Фергана өрөөнүнүн чет-жакасын (өндүрүн) түзөт. Түздүктөр негизинен антропогендик чөкмө тектерден (шагыл таштардан) түзүлүп, үстүн түрдүү калыңдыктагы лёсс сымал кумай топурактар жаап жатат. Бул зонага Кастакөз-Кулунду, Төөмоюн, Кызылжар ж. б. түздүктөр кирет. Ан-дан жогору '''адырлар зонасы''' жатат. Адырлар Фергана өрөөнү м-н орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абс. бийикт. 1000—1300 метрге жетет. Адырлар бийик тоолордун кырынын ж-а капталдарынын жайпагыраак түзүлүштөгү рельефи м-н айырмаланат. Адырлар Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун этектеринде — Шаймерден-Cох суу бөлгүчтүрүндө, Кожобакырган-Аксуу суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Аксуунун алабында зор аянттарды ээлейт. Адырлардын эң бийиги ж-а өзгөчөсү Белисынык жалдары болуп саналат. Анын түн. капталы узун ж-а жазы, Кастакөз өрөөнүн карай жантайып түшөт; түш. капталы кыска ж-а аскалуу, узатасынан созулган жазы Ташрабат ойдуңуна тик түшөт. Белисынык ж-а Чимион адырлуу жалда-ры жайпак-ийилген, кургак колоттор-сайлар м-н тилмеленген чөлдүү жалдар болуп са-налат; алар шагыл-таш басымдуулук кылган борпоң чөкмө тектерден турат. Чимион жалы жаңы тектон. кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Бул аймактын адырларынын төмөнкү бөлүктөрүн палеоген-неогенде пай да болгон конгломерат, жогорку бөлүктөрүн дислокацияга дуушарланган байыркы антропогендик конгломерат тектери түзөт. Неоген конгломераттуу катмарларынын айрым жерлерин андан мурдараак пайда болгон түрдүү түстөгү мергель, кумдук ж-а чопо тектери жиреп чыгып, ал аймактарда өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди — чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. '''Тоо арасындагы ойдуңдар''' адырлар, этек тоо кыркалары, о. эле негизги кырка тоолордун аралыктарынан орун алган. Алар рельефтин төмөн ийилген формасын пайда кылып, кеңдик б-ча созулган эки тилкени түзүп жатат. Анын түн. тил кеси түш. тилкесине караганда гипсометриялык деңгээли төмөн (900—1000 мабс. бийиктикте) жайгашкан (мис., Кожобакырган суусунун алабындагы Т ашрабат ойдуңу). Ички ой-дуңдардын түш. тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессияны пайда кылат, абс. бийиктиги 1500—1800 мге жетет. Бул тилкеге Исфана, Чарку-Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуңдар кирет. Ички ойдуңдардын рельефин бир аз жантайыңкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Ойдуңдар негизинен антропогендик конгломерат, шагыл таш ж. б. тектерден түзүлүп, үстүн топурак каптап жатат. Тоо аралык ойдуңдардан жогору '''орто бийиктиктеги тоолор''' зонасы жатат. Ал бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыңкы жалдарын камтыйыт. Бийикт. 2000—2500 м ж-а 3000 метрге чейин. Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун курамына кирген бийик этек тоолор өтө ж-а терең тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Бул токол тоолор м-н адырларды кеңдик багытта узатасынан (40°- параллел б-ча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуңдар бөлүп турат. '''Бийик тоолуу зонага''' ири Түркстан ж-а Алай кырка тоолору кирет. '''Түркстан кырка тоосу''' айрым кырка тоолордон ж-а жалдардан турат. Алар негизинен кеңдик багытта жайгашып түндүктү (Фергана өрөөнүн) ж-а батышты карай акырындап жантаят. Жалдар өрөөндөр м-н бөлүнгөн, ал эми өрөөндөр - туурасынан кеткен кууш капчыгайлар м-н тилмеленген. Облустун аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 мбийиктикке чейин жетет. Мөңгүлөр, көп жылдык карлар бар. Кар чеги негизинен 4000—4500 метр бийиктиктен өтөт. Кыры аска-зоокалуу. Бийик тоолуу бөлүгү өтө тилмеленгендиги, капталдары тик, терең ж-а кууш өрөөндөрдүн жыштыгы, аскалардын, корум таштардын, куюлма шагылдардын көптүгү м-н өзгөчөлөнөт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын '''Алай кырка тоосу''' түзөт. Ал узатасынан созулган жазы өрөөндөр м-н бөлүнгөн, туурасынан кеткен терең капчыгайлар м-н тил-меленген кырка тоолуу аймакты түзөт. Кырка тоонун көп бөлүгүнүн башкы кар сызы-гын ж-а негизги багытын так аныктоо өтө кыйын. Алай кырка тоосунун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргызата) тоо массиви бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү облустун аймагында. Кичи Алай кырка тоосунун абс. бийиктиги Алай кырка тоосунукуна тең чамалашат. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстан-дыкындай эле асимметриялык түзүлүштө. Т үндүк капталдары туурасы 80—100 кмге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Алай кырка тоосунун түн. капталда-рында азыркы мөңгүлөр ж-а байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган. МөңгүлөрТүркстан кырка тоосунун бийик (5400 м) чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасында эрозиянын аракетинен терең ж-а татаал тилмеленген рельеф түзүлгөн. Дарыя өрөөндөрүнүн — капчыгайлардын төр тарабында байыркы ж-а азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен тепши сымал рельефтин формалары пай-да болгон. Тепши сымалөрөөндөрдү курчап турган тоолордун чокуларынын бийикт. ал өрөөндөрдүн таманынан 1000 мге чейин гана көтөрүлүп, өрөөндөрдөн төмөн капчыгай-лар кууштап, тепши сымал өрөөндөрдүн, капчыгайлардын капталдарында корум ша-гыл-таштардын зор аянттары кездешет. Геоструктуралык жактан облустун аймагы гер-цин бүктөлүү структурасына байланыштуу Түш. Теңиртоо тектон. облусуна кирет.

Облустун климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деңиздик климатка окшош. Жайкы нымы жетишсиз, мелүүн жылуу, кышы мелүүн-суук. Облустун 2500 мге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында январдын көп жылдык орт. температурасы –3,3°Cден –6,9°C, июлдуку 25,3 –15°C. Деңиз деңг. 3000 м бийиктикте жайгашкан Теминген станциясында январдын орт. температурасы –8,9°C (абс. минимуму –30°C), июлдуку 10°C (абс. максимуму 38,7°C). Алай кырка тоосунун «орографиялык ыктоодо» жайгашкан түн. капталында Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталына караганда жыл ичинде жаан-чачын 2,5 эсе аз жаайт. Түркстан кырка тоосунун түн. капталына 1200—1500 мбийиктикте туран тибиндеги чөл климаттуу Фер-гана өрөөнүнүн таманындагыдай эле жылына 120—140 мм гана жаан-чачын жаайт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталдарында, Исфара суусунун ала-бында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200—600 ммден Кожобакырган ж-а Аксуу суу-ларынын алаптарында 300—800 ммге чейин көбөйөт. Алай кырка тоосунун түн. каптал-дарында, орто бийик ж-а бийик тоолуу зоналарда жылдык жаан-чачындын өлчөмү 600—800 ммге, чанда 900 ммге чейин жетет, ал эми жаан-чачындан ыктоо жайгашкан жерлер-де тоолор м-н курчалган туюк чуңкурчактарда жаан-чачындын өлчөмү 300—400 ммге чейин төмөндөйт. Алай кырка тоосунун эң батыш бөлүгүндө, Cох суусунун алабында, тоо кыры 5000 мден ашык көтөрүлүп, түштүктү карай бир аз ийилген жеринде гана жогорку зонада жаан-чачын жылына 1000—1200 ммге чейин жаайт.

Облустун суулары Cырдарыянын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түн. каптал-дарынан башталган ири сууларга — Исфайрамсай, Шаймерден, Cох ж.б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга — Исфара, Исфана, Кожобакырган, Аксуу ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cырдарыянын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында ж-а кургак сайларында жерге сиңип кетет. Бул суулар негизинен эриген кар ж-а мөңгү сууларынан куралат. Алай ж-а Түркстан кырка тоолорунун капталдарында тоо көлдөрү да арбын, алардын ирилери: Тегермеч (жеЗоркөл), Гезарт, Түзашуу ж. б. (Исфайрамсайдын алабында), Курманкөл (Көксуунун алабында), Аугул (Cохтун алабында), Каракөл-Катта (Исфананын алабында) ж. б. Облустун аймагында жалпы аянты 720 чарчы километрден ашкан 530дай мөңгү бар. Алардын бардыгы Алай (568,1 чарчы км) ж-а Түркстан (151 чарчы км) кырка тоолорунун түн. капталдарында.

Облустун аймагынын топурак өсүмдүктөрүнүн таралышы ж-а алардын жалпы арид-дик мүнөздө болушу жылуулукка ж-а нымдалуу шарттарына түздөн-түз байланыштуу. Облустун аймагынын эң жапыз бөлүгү болгон тоо этегиндеги шиленди ж-а пролювий текте-ринен түзүлгөн түздүктөрдү чөл өсүмдүктөрү (баялыш, шыбак, крокустар, жылган ж. б.) ээлеп, алардын астында ачык боз, шортоң топурактар өөрчүйт. Андан жогору, 1000—1300—1500 мбийиктиктердеги этек тоо-адырлуу зонага кадимки ж-а күңүрт боз топурактуу жа-рым чөл (эфемерлүү жылган-ыраңдуу, бадалчалуу) өсүмдүктөрү мүнөздүү (айрыкча Түркстан кырка тоосунун түн. капталдарына). Кадимки боз ж-а бозомук күрөң топурактуу лёсс түзүлүшүндөгү жапыз ж-а орто бийик тоолорду (1300—1500—2000—2200 м бийиктик-терде) субтропик ландшафтына окшош талаанын ар кандай түрлөрү ээлейт. Орто бийиктик-теги ж-а бийик тоонун төмөнкү бөлүгүндөгү (2000—3400 м бийиктикте) күрөң, куба күрөң, тоо-шалбаалуу талаа топурактуу жерлерде арча токою, сейрек токой, талаа ж-а шалбаа-луу талаанын ар кандай типтери басымдуу. Арчалуу токой тилкесинин нымды, топурак кыртышын сактоодо, селге каршы ж-а санитария-гигиеналык мааниси зор. Бул токойлорду корукка айландыруу, коргоо режимин жакшыртуу, жаш токой көчөтүн отургузуу ж-а токой чарба жумуштарын жүзөгө ашыруу зор маанидеги маселелерден болуп эсептелет. Тоолор-дун бийик бөлүктөрүнүн (3000 мден жогору) табияты катаал, дайыма суук, аска-мөңгүлүү альп тибиндеги рельеф кеңири таралган. Cубальп ж-а альп шалбаасы (шалбаалуу талаа ж-а чымдак өсүмдүктүү, жапалак арчалуу бийик тоо талаасы кошо кездешет) 3800—4000 м бийиктикке чейинки жантайыңкы капталдарды ээлейт. Андан жогору түбөлүк тоң, кар, мөңгү ж-а жылаңач гляциалдуу-нивалдуу зона жатат. Алай ж-а Түркстан кырка тоолорунун түн. капталдарындагы мөңгүлүрдүн жалпы аянты 872,2 чарчы км. Тоо этегиндеги түздүктөр м-н тоо арасындагы ойдуңдарды ж-а тоо этегиндеги адырлар м-н жапыз ж-а орто бийиктик-теги тоолордогу дарыя өрөөндөрүнүн жайылма тектирлерин негизинен сугат ж-а кайрак жерлер ээлейт, жайыт катары да пайдаланылат. Мында калктуу жайлар, ө. ж. борборлору, сугат тармактары жайгашкан. Орто ж-а бийик тоолордогу талаа ж-а шалбаа ландшафтта-ры түрдүү сезондогу (көбүнчө жайкы ж-а кышкы) жайыт катары пайдаланылат.

== Калкы ==
1999-жылкы эл каттоо б-ча 382,4 миң киши же респ-нын калкынын 7,9%ын түзгөн. Шаар калкы 100,2 миң киши (облустун жалпы калкынын 26,2%ын түзөт), айыл калкы 282,2 миң (73,8%). Калктын жыштыгы 1 чарчы км жерге 22,5 киши (респ-да 24,1 киши). Шаарлары: Кызылкыя (калкы 31,8 миң), Cүлүктү (13,6 миң), Исфана (15,9 миң), Баткен (11,0 миң); шаарчалары: Айдаркен (9,1 миң), Кадамжай (8,9 миң), Восточный (6,9 миң), Чабай (1,6 миң), Cовет (1,3 миң); ири айылдары: Үчкоргон (12,9 миң), Орозбеков (7,5 миң), Кулунду (7,2 миң), Бужум (6,7 миң), Караван (6,0 миң), Карабак (6,0 миң), Cамаркандык (5,6 миң), Марказ (5,0 миң), Андарак (4,7 миң) ж. б.

Облустун калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыздар (облустун жалпы калкынын 74,3%), өзбек (14,4%), тажик (6,9%), орус (2,2%), түрк (0,3%) ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт.

Облустун калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору (2000-ж. респ-да 19,7 ‰ болсо, облуста 23,4 ‰ болгон), өлүм-житимдин коэффициенти (респ-да 7,0‰, облуста 5,7 ‰) төмөн. Бул болсо жергиликтүү улуттун басымдуулук (74,3%) кы-лышы м-н түшүндүрүлөт. Облустун калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2000-ж. өсүш ар 1000 кишиге 17,7 (респ-да 12,8) адамды түзгөн.

Облустун калкынын өзгөчөлүгү мында аялдарга караганда эркектердин санынын көптүгүндө. 1000 аялга 1002 эркек (респ. б-ча 975) туура келет. Облустун эмгекке жа-рамдуу жалпы калкынын ичинен өспүрүмдөр (0—15 жаш) 43,3%ды (респ-да 38,1%), ал эми эмгек курагынан өткөндөр 7,7%ды (респ-да 9,2%) ж-а эмгекке жарамдуулар 50,0%ды (52,7%) түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын санынын азайышы респ-дагы базар экон-сына өтүүдөгү өткөөл мезгилдеги социалдык-экон. реформага байланыштуу өндүрүш-түн деңгээлинин төмөндөшү ж-а ө. ж. ишканаларынын иштебей калышы себеп болууда. Натыйжада шаарлар м-н шаарчаларда иштебей калгандардын саны көбөйүп, миграция өскөн. Айрыкча эмгекке жарамдуу калктын ичинен, мигранттар көбүнчө Бишкек ш-на ж-а Чүй облусуна келишкен. Мына ушуга байланыштуу Кызылкыя ш-нын калкы 1989-ж. 36,8 миң болсо, 1999-ж. 31,8 миңге азайган, Cүлүктүдө 14,8 миңден 13,6 миңге, Айдаркенде 11,1 миңден 9,1 миңге, Чабайда 2,1 миңден 1,6 миңге кыскарган.

1999 ж-а 2000-ж-дагы облустун аймагына кирген душмандарга, эл аралык террористтерге каршы согуш аракеттери да калктын миграциясынын күчөшүнө алып келди. Өлкөнүн башка райондоруна кеткен мигранттардын саны 2000-ж. 6 миңден ашуун болду.

Жумушсуздардын санынын жогорку деңгээлде болушу орчундуу проблема бойдон калууда. Каттоодо турган жумушсуздардын саны 2001-жылдын 1-январына карата об-лус б-ча 8,2 миң киши болгон. Бир жумушчу ордуна мында 186 киши туура келүүдө. Мындан тышкары облуста катталбаган «көмүскө» жумушсуздар да бар.

== Экономикасы ==
Респ-нын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экон-сы маа-нилүү орунду ээлейт. Облустун сейрек ө. ж. потенциалы (Айдаркендин сымабы, Кадам-жайдын сурьмасы, Кызылкыя м-н Cүлүктүнүн көмүрү), калыптанган а. ч. өндүрүшү (өрүк, тамеки, жүн, эт, сүт), кал ктын эмгекчилдиги экон-нын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бирок ошого карабастан облустун социалдык-экон. өнүгүү деңгээли, респ-нын орт. деңгээлинен төмөн. Айрым гана тармактар м-н сфералардын көрсөткүчтөрү респ-нын орт. көрсөткүчүнөн тиги же бул жакка өзгөрүлүп турат. Бул болсо облустун аймагынын геогр. жактан татаалдыгы, тоолуу рельеф, анча жагымдуу эмес топурак-климаттык шарты, аймагынын эң алыс жайгашышы, саясий-геогр. абалына байланыштуу. Буга кошумча базар экон. жүргүзүүдө мурунку союздук респ-лар м-н традициялык чарбалык байла-ныштардын түзүлүшү Баткен облусуна да таасирин тийгизди. Натыйжада ө. ж. өндүрүшү кыскарып, көп ө. ж. ишканалары иштебей калды. Ошондуктан, облус респ-дагы артта калган ж-а жарды региондордун катарына кирет.

2001-жылдын 1-январына карата облуста чарбалык субъекттердин саны (физика-лык жактар м-н) 8738 болгон. Анын ичинде айыл чарбасына 3840 (43,9%), соода ж-а коомдук тамактанууга 2807 (32,1%), өнөр жайга 601 (6,9%), транспорт м-н байланышка 293 (3,4%), калганы 1197 (13,7%) субъект тейлөө чөйрөсүнө туура келген. Чарбалык субъекттердин жалпы санынан (8738), физ. жактардын саны 7408 же 84,8%ти түзгөн, жеке ишкерлердин саны 3667 же 49,5%, дыйкан (фермер) чарбаларда 3741 же 50,5%. Бардык катталган 8738 чарбалык субъекттердин ичинен 1330 же 15,2% юридикалык жактар, алардын ичинен мамл. ишканалар 11,6% (154 ишкана), юридикалык жактагы субъекттерден коммуналык 15,9% (211) ж-а жеке менчик 72,5% (965 ишкана); типтери б-ча болсо кичи ишканалар 75,1% (999), орто 16,5% (219) ж-а чоң ишканалар 8,4%ти (112 ишкана) түзөт.

2000-ж. катталган юридикалык жактардын 1330 чарбалык субъекттеринен иштеп жаткан ишканалар 688 же 51,7%, а. и. менчиктин түрү б-ча мамл. ишканалар 104, ком-муналык 175 (25,4%), жеке менчик 409 (59,4%), ишкананын типтери б-ча кичи ишкана-лар 425 (жалпы иштеген субъектин 61,8%), орто 156 (22,7%), чоң ишканалар 107 (15,5%).

Өнөр жайы облустун экон-нда гана эмес, респ-да да маанилүү орунду ээлейт. Бул региондо сурьманын (2000-ж. 2407,89 т), сымаптын (591,5 т) бүт көлөмү, көмүрдүн 20,4% (97,0 миң т), ферменттелген тамекинин 19,6%и (5,5 миң т), улуттук килем буюмда-рынын 35,5%и (622 даана) өндүрүлөт.

Cурьма ж-а сымап өндүрүү б-ча Кырг-н дүйнөлүк өндүрүүчөлөрдүн катарында турат. Облус дүйнөлүк керектөөчүлөрдү сурь ма м-н 20,0%, сымап м-н 15,0% камсыз кыла алат. Кадамжайда алынган сурьма 1958-жылдан сапаты жагынан дүйнөлүк ры-нокто эталон катары бааланып көп өлкөлөргө экспорттолот. Натыйжада облус товар-ларды жогорку экспорттоочу болуп калат. Экспорттук продукциянын суммасы 2001-ж. 17,7 млн долларды түзүп, импорттон (2,8 млн доллар) бир кыйла же 6,3 эсе ашкан.

2001-жылдын 1-январына облуста катталган субъекттердин саны (юридикалык жак-тарды кошкондо) 601ге жеткен. Анын ичинен өз алдынча балансада иштеген ишканалар 45. 2001-ж. бул ишканаларда 1195,5 млн сомго (респ. көлөмдүн 2,2%) ө. ж. продукциясы өндүрүлгөн, а. и. эл керектөөчү товарларды өндүрүү 343,1 млн сом (3,1%), азык-түлүк товарлары 300,6 млн сом (4,7%), азык-түлүк эмес товарлар 38,2 млн сом (1,2%) ж-а алкоголдук ичимдиктер 4,3 млн сомду (0,3%) түзгөн.

Облустун ө. ж. тармактык структурасында түстүү металлургия (2001-ж. жалпы ө. ж. продукция көлөмүнүн 28,5%ы), тамак-аш (39,6%), ун тартуу-акшак ж-а аралаш тоют (17,7%), курулуш материалдар (9,2%) ө. ж. тармактары жалпы облустун ө. ж. продукция-сынын 95,0%ин өндүрөт. Облустун башка ө. ж. тармагы отун ө. ж. анча чоң эмес үлүштү (2,3%) ээлейт. Ага карабастан ал өнөр жайдын район аралык мааниси бар. Үч ишкана-сы: «Кызылкыя көмүр» акционердик коому (АК), «Кызылкыя шахта курулуш» ж-а «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому иштейт. Мында 2001-ж. респ-да казып алынган көмүрдүн 20,4%ы же 97,0 миң ткөмүр өндүрүлгөн. Облустун отун ө. ж-да акыркы жылдарда мунайзат ж-а газ өндүрүү тармагы пайда болду. Анын базасын көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келет, жаңыдан
облуска өткөн Арка ж-а Бүргөндү массив-дериндеги кендер түзөт. Алардын изилден-ген запастары: Арка массивинде мунайзат – 1,3 млн тонна, газ – 1,8 млрд куб метр, Бүргөндүдө - мунайзат 0,6 млн т, газ 2,8 млрд куб метрди түзөт. 2001-ж.облуста жаңыдан уюшулган Баткен мунай-газ башкармалыгы 20,5 миң тонна чийки мунайзат, 1,4 млн куб метр газ өндүргөн.

Облустун ири өнөржай ишканалары: «Кызылкыя тамекиси» акционердик коо-му (2001-ж. 96,6 млн сомго продукция өндүргөн), «Айдаркен сымап комбинат» мамл. акционердик коому (116,3 млн сом), «Кадамжай сурьма комбинаты» акционер-дик коому (1 30,9 млн), «Нур» акционер-дик коому (20,4 млн), «Кызылкыя шахта курулуш» (1 6,4 млн), «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому (16,4 млн), «Кызылкыя көмүр» акционердик коому ( 6 ,3 млн), «Кызылкыя дан азыктары» (1, 7 млн) акционердик коому, «Кызылкыя машза-вод» (5,0млн сом) ж. б.

Айыл чарбасы экон-нын реалдык секторундагы өнөр жайга ж. б. тармактарга караганда дүң продукцияны бир кыйла күбүрөөк (2001-ж. 3,1 эсе көп) бере турган тармак. 2001-ж. а. ч. продукциясынын дүң продукциясы 2901,9 млн сомду (ө. ж-ыкы 93,7 млн сом) түзгөн. Ошол эле убакта регион республика чыгарган а. ч. дүң продукциясынын ичинен эң акыркы орунда турат. Тармактык структурада мал чарбасы маанилүү орунду ээлейт. А. ч. продук-циясынын 51,7%ы мал чарбасына, 47,5%ы дыйканчылыкка, 0,1%ы а. ч-га тиешелүү.

Дыйканчылыктын ичинен негизги тармагы тамеки (2001-ж. респ-дагы тамекинин 8,0%), мөмө-жемиш (10,3%), жүзүм (27,9%) өстүрүү; мал чарбасында кой (10% жүн өндүрүлөт), уй (8,0%) ж-а үй куш (8,3%)
чарбасы бар. Бардык өндүрүлгөн а. ч. про-дукциянын үлүшү респ-нын 5,7%ин түзгөн. Дан эгиндери, картөшкө, жашылча ж. б. облустун калкынын суроо талабын кана-аттандыруу үчүн өстүрүлөт.

Облустун жалпы аянтынан (2001-ж. 1699,6 миң га ) а. ч. жарактуу жери 680,0 миң га (облустун жалпы аянтынын 40,9% же респ-нын а. ч. жарактуу жеринин 6,4%). Айыл чарбага жарактуу жерден 69,0 миң
гасы айдоо (облустун а. ч. жарактуу жери-нин 10,1% ж-а респ-нын айдоо аянтынын 5,6%), 9,4 миң гасы чабынды (1,3 ж-а 5,5), 10,4 миң га сы көп жылдык мөмө-жемиш-тер (1,5 ж-а 27,0), 2,6 миң гасы дың жер (0,4 ж-а 12,1), 508,6 миң гасы жайыт (86,5 ж-а 6,4%) болгон.

2001-ж. облуста айдоо аянты 69,0 миң га (жалпы респ-нын айдоо аянтынын 5,6%) болгон, анын ичинен дан эгиндери (буу-дай, арпа, үрөн үчүн жүгөрү, күрүч) 42,3 миң гага (облустун айдоо аянтынын 63,2% ж-а респ-нын дан эгиндер аянтынын 6,4%), пахта 0,8 миң га га (1,1 ж-а 0,9%), тамеки 1,1 миң га га (1,6 ж-а 10,3%), май берүүчү өсүмдүктөр 4,0 миң гага (6,0 ж-а 5,6%), картөшкө 1,6 миң гага (2,8% ж-а 2,3%), жашылча 2,4 миң га га (3,6% ж-а 4,9%), бакча өсүмдүктөрү 0,3 миң га га (0,4% ж-а 7,3%), тоют өсүмдүктөрү 14,1 миң га га (23,0% ж-а 5,9%) өстүрүлөт. Мындан сырткары мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 10,7 миң га(21,1%) ж-а 3,3 миң гага жүзүм (42,3%) отургузулган.

Бул аянттардан 2001-ж. 85,1 миң тдан (респ-да алынган дандын 5,0%и), а.и 50,3 миң т(4,2%) буудай, 27,4 миң т(6,2%) дан үчүн жүгөрү, 5,4 миң т (32,5%) күрүч, 23,5 миң т (1,9%) картөшкө, 38,7 миң т (4,6%) жашылча, 23,6 миң т (12,9%) мөмө-жемиш, 9,4 миң т (33,6%) жүзүм алынган.

Мал чарбасында агрардык-жер реформасын жүргүзүүнүн 1-этабында (1991—95) малдын башы азайып кеткен. Кой, эчкилер 44,0% (респ. б-ча 49,04%), уй 20,0% (23,7%), жылкы 7,4% (4,4%), чочко 90 (70,1%) кыскарган; кийинки мезгилде (1996—2000) мал-дын башынын көбөйгөнү байкалат. 2001-жылдын 1-январына карата бардык чарбалар-да кой, эчки 431,5 миң (респ-дагынын 11,4%), уй 96,3 миң (10,2%), сааны 54,7 миң (10,4%), жылкы 11,8 миң (3,3%), чочко 1,0 миң (1,0%), үй кушу 187,3 миң (6,1%) болгон. 2001-ж. 28,1 миң тэт (респ-да өндүрүлгөн эттин 8,1%), 93,3 миң т(8,1%) сүт, 1,1 миң т (9,4%) жүн, 18,8 млн даана (8,6%) жумуртка алынган.

Азыр базар экон-нын шартында мал чарбасынын дээрлик бардык продукциясы жеке менчик чарбаларда, дыйкан (фермер) чарбаларында даярдалууда. 2001-ж. жалпы өндүрүлгөн эттин 55% жеке менчик чарбаларда ж-а 44% дыйкан (фермер) чарбасында өндүрүлгөн. Ушундай эле тартипте сүт 45 ж-а 55%, жумуртка 48 ж-а 52%дан алынган..

Облустун азыркы транспорт тармагы: автомобиль, темир жол, аба ж-а куур (трубопровод) транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош—Кызылкыя—Пүлгөн—Ай-даркен—Баткен—Исфана—Cүлүктү; Кызылкыя—Дарооткоргон; Кызылкыя—Кувасай (Өзбекстан); Баткен—Исфара (Т ажикстан); Кызылкыя—Маркамат (Өзбекстан)—Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын облустун аймагы б-ча нормалдуу, эркин жүрүшүнө тоскоол-дук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт ж-а документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор облустун ыраак жайгаш-кан калктуу пункттарын райондун борбору, о. эле Ош шаары м-н транспорттук-экон. жактан байланыштырып турат.

Облустун аймагындагы автомобиль жолунун уз. 1,2 миң км, анын 414 кми асфальт-танган, 466 кмташ төшөлгөн жол. Бул жолдордун басымдуу бөлүгү айылдык жерлерде жайгашкан. Каржылоо каражатынын жетишсиздигинен жолдорду реконструкциялоо ж-а капиталдык ремонт жүргүзүү кыйынга турууда. Буга байланыштуу коңшулаш мамле-кеттердин «анклавдарынан» айланып өтүүчү жолдорду куруу облустун гана эмес респ-нын да маанилүү экон. ж-а саясий проблемасы болуп калууда.

Автомобиль транспорту жүк ж-а жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт. 2001-ж. 1,8 миң тжүк (респ-ныкынан 7,4%), 13,8 миң жүргүнчү (5,5%) ташылган. Алар-дын ичинен 383,5 миң тже 16,4% жүк, 433,3 миң же 31,4% жүргүнчү ж-а менчик авто-транспорттор м-н ташылган.

Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчи 1907-ж. Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров (азыркы Тажикстандагы Пролетарск бекети) бекетинен 37 км аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында рекон-струкцияланган. Экинчиси 1928-ж. курулуп, Кызылкыя шаарын Өзбекстандын темир жол системасы м-н туташтыруучу Фергана—Кувасай (Өзбекстан)—Кызылкыя темир жол тармагы. Уз. 42 км.Бул темир жолдор неги зинен көмүр ташуу үчүн курулган. Алар тоолуу жерлер м-н өтөт, айрыкча Драгомиров—Cүлүктү кууш темир жолун эки капта-лынан тоонун тик капталдары тосот. Анын уз. облустун аймгында 30 километрдей. Ушуга карабастан бул жолдордун (айрыкча Кызылкыя темир жол бекети) облустун аймагында чоң жүктөрдү ташууда айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоң.

Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ. Аэро-порттор Баткенде (1950-ж. курулган), Исфанада, Кызылкыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп жатат. «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош шаарына күнүгө, Бишкек ш-на 2—3 авиарейстери болуп турат. Жайында Чолпоната шаарына (Ысыккөл) каттайт.

Облустун аймагында куур транспорту бар. Фергана (Өзбекстан) — Кадамжай (1972) ж-а Урсатьев (Өзбекстан) —Айдаркен (1973) газ кууру курулган. Газ куруу ө. ж. ишка-наларын ж-а калкты газ м-н камсыз кылат.

'''Маданият''' тармагында 2000-ж. 1 млн нуска китеби болгон китепканалар, облус-тук драма театры, 2 райондук элдик театр иштеген. Облустук радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүүлөр кыргыз, орус, тажик тилиндеринде жүргүзүлөт. Облустук гезит ж-а 3 райондук гезит чыгарылат.

'''Билим берүү''' облустун аймагында 5 негизги стадияга бөлүнөт: мектепке чейинки, башталгыч, орто , атайын орто ж-а жогорку билим берүү. Облуста 18 (2353 орундуу) мектепке чейинки мекеме (2001-ж. 2454 бала тарбияланып, 135 тарбиячы иште-ген) иштейт. 2001/02-окуу жылында 188 жалпы билим берүүчү мектеп (103,0 миң окуу-чу), а. и. 14 башталгыч мектеп (2,0 миң), 16 негизги мектеп (3,7 миң), 156 (95,6 миң) орто мектеп, 2 (232) акылы кем балдарды окутуучу мектеп иштеген. Мектептердин бардыгын мамлекет каржылайт. 101,3 миң окуучудан (акылы кем балдардан башкасы) 75,4 миңи (74,3%) кыргыз тилинде, 15,4 миңи өзбек, 7,3 (7,2%) миңи орус тилинде, 3,1 миңи (3,1%) тажик тилинде окушат. Мектептерде иштеген мугалимдердин саны 7474 болгон, а. и. 4687 (62,7%) жогорку билимдүү, 425 (5,8%) толук эмес жогорку, 1517 (20,3%) атайын орто ж-а 835 (11,2%) орто билимдүү. Бир мугалимге 13 окуучу (респ-ка б-ча 15) туура келет. Облуста 2001-ж. 10 кесиптик-тех. окуу жайы (2,5 миң окуучу), 3 атайын орто (1,3 миң студент) окуу жайы болуп, анда 114 окутуучу (а.и. 108 жогорку билимдүү) иштеген. 2001/02-окуу жылында облуста жалгыз жогорку окуу жайы болуп (13,3 миң студент), анын күндүзгү бөлүмүндө 2,5 миң, кечки бөлүмүндө 0,3 миң, сырттан окуу бөлүмүндө 6,0 миң студент окуган. Анда 286 профессор-окутуучулар (а. и. 10 илимдин доктору, 34 илимдин кандидаты) иштейт.

Облустун '''саламаттык сактоосу'''нда 2001-ж. 810 койкалуу 3 борборлоштурулган оорукана, 66 койкалуу 2 шаардык оорукана, 963 койкалуу 19 участ-калык оорукана, 21 врачтык амбулатория, 72 фельдшер акушердик пункт болгон. Алар-да 616 врач, 3003 медициналык кызматкер иштеген. Мындан тышкары 43 үй-бүлөлүк врачтар тобу (Кадамжай р-нунда - 21, Лейлекте -8, Кызылкыя ш-нда - 8, Баткенде - 3 ж-а Сүлүктүдө -3) уюштурулган.

Облустун аймагында көптөгөн '''тарыхый-маданий объектилер''' бар. Биздин замандын 1—6-к-дарына таандык Аирбаз, Баткен, Кайрагач, Каракамар, Кожо-бакырган, Обишир тургун жайларынын калдыктары, 9—16-к-дардагы Булакбашы, Ис-фана, Карабулак шаар чалдыбарлары, Кокон мезгилиндеги чептердин калдыктары — Кан, Кыштут ж-а Кайрагач айылында архитектуралык эстелик-мечит бар. Рабат айы-лынан түштүгүрөөк тарапта аты уйкаш байыркы кен казуучулардын тургун жайы, Cамаркандык айылында тарыхый рудник, Канигут үңкүрү сакталган.

== Райондору ==
=== Баткен району ===
{{main|Баткен району}}
Район 1933-ж. уюшулган. Облустун борб. бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай р-ндору, түш.- чыгышынан Ош облусунун Чоң Алай р-ну м-н чектешет. Райондун чыгышында Сох (Өзбекстан), борб. бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавдары бар. Аянты 6,2 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 36,2% түзөт). Кал-кы 64,6 миң (2002). Район 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары.

=== Кадамжай району ===
{{main|Кадамжай району}}
Кадамжай району 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен р-ну, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аян-ты 6,1 миң чарчы км. Калкы 151,0 миң (2002). Борбору – Пүлгөн кыштагы..

=== Лейлек району ===
{{main|Лейлек району}}
Баткен облусунда-гы адм. район. Район 1928-ж. уюшулган. Түн.-батышынан ж-а түштүгүнөн Т ажик-стан, чыгышынан Баткен р-ну м-н чекте-шет. Аянты 4,7 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 27,4%и түзөт). Калкы 105,5 миң (2002). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), Восточный (Кошбулак) шаар-часы ж-а 8 айыл өкмөтү бар. Борбору - Исфана ш.

== Шаарлары, шаарчалары жана райондун борборлору ==

== Эскертүүлөр ==.

== Колдонулган адабияттар ==.

* Кыргызстан географиясы - энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 2004. 448-466 беттер. ISBN 9967-14-006 2