Жүрөк-кан тамыр тутуму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
11-сап:
== Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары ==
Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары негизинен жүрөктү (мисалы, [[ревматизм]], [[миокардит]] жана башка), айрымдары артерияларды (атеросклероз) же [[Веналар|веналар]]ды (флебит), калгандары бүт бойдон Жүрөк-кан тамыр системасын жабыркатат (мисалы, гипертония оорусу). Бул оорулар өөрчүүнүн тубаса кемтигинен, травмадан, сезгенүүдөн, уулануудан, зат алмашуунун патологиялык өзгөрүүлөрүнөн жана башка келип чыгат.
== Жүрөктүн тубаса кемтиги ==
== Тубаса кемтигин ==
Жүрөктүн тубаса кемтигин врачтар бала эмчекте кезинде эле жүрөкжүрөктүн тушундагысогушунун дабышы жана өңүнүн көгөрүүсүнөн аныктайт. Мындай өзгөрүүлөрөзгөрүүлөрү байкалбаган тубаса кемтиктер да болот. Аларды адистер гана таап билет. Жүрөктүн жана кан тамырлардын тубаса кемтиктерин табууда жана операция жасап айыктырууда азыркы хирургиянын тажрыйбасы чоң. Бирок операция өз убактысында, башкача айтканда жүрөк кемтиги ички органдарда (өзгөчө өпкөнүн кан тамырларында) кайтакайра калыбына келгис өзгөрүүлөрдү пайда кылганга чейин жасалса пайдалуу. Эгерде врач баланы адистештирилген кардиохирургиялык ооруканага изилдөөгө жиберсе, ата-энеси андан баш тартпоо керек.
 
== Сезгенүүдөн болгон оорулар ==
Сезгенүү процессинин натыйжасында келип чыккан жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары да кездешет. Чанда бул сезгенүүнү бактериялар пайда кылат. Аларга перикардит, эндокардит кирет. Бул ооруларды дарылоодо антибиотиктер көп убакыт бою жана чоң өлчөмдө колдонулат. Жүрөк булчуңунун кээ бир сезгенүү процесстери иммунитет системасынын айрым функциясынын бузулушунан келип чыгат. Бул бузулууларга жүрөктүн өзүнө тиешеси болбогон ангина, грипп себеп болот. Иммунитет системасында өзгөрүлгөн реакциялардын ([[Аллергия|аллергия]]лык) пайда болуу механизми татаал. Алардын негизинде жүрөк ревматизми, миокардит, эндокардит жана башка оорулар пайда болот. Кээде башка органдар сезгенүүгө учураганда бактериялардын токсиндери канга өтүп, аны менен жүрөккө жетип, жүрөк булчуңун жабыркатат; ошондой эле гормондордун өлчөмүнүн өзгөрүшү (мисалы, калкан сымал бездин ооруларында, климактерий мезгилинин патологиялык өтүшүндө) миокардга таасир этет. Жүрөк булчуңу аракечтикте абдан бузулуп ([[Аракечтик|Аракечтик]]), миокарддын дистрофиясына алып келет. Жүрөк булчуңунун бул жабыркоосу ичкиликти ичпей, уулануу токтогондо эле өзүнөн-өзү оңоло баштайт.