Өпкө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 117 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q7886 (translate me)
9-сап:
Анатомиялык түзүлүшү боюнча оң өпкө сол . Өпкөдөн айырмаланат. Себеби оң өпкө үч, сол өпкө эки бөлүктөн турат. Ал эми жалпы көлөмү жана салмагы боюнча оң өпкө сол өпкөдөн 10%ке чоңураак келет. Өпкөнүн ар бир бөлүгү өзүнчө дагы бөлүктөргө ажырайт: оң өпкө 10 —11, ал эми сол өпкө 9 —10 бөлүктөн турат. Бул бөлүктөр өпкөнүн сигменти деп аталат. Ар бир сигменттин өзүнчө артерия, вена кан тамырлары жана бронхиолдору бар. Бул бронхиолдор акырындап дем алуучу бронхиолдорго бөлүнөт.<br />
Ал эми ар бир дем алуучу бронхиолдор альвеола жолчолоруна ажырайт. Бул альвеола жолчолорунун керегесинде эң эле көп былжырлуу исиркектер бар. Ал исиркектер альвеола баштыкчалары деп аталып, алардын саны 300 млрдга чейин жетет. Бул дем алуучу бронхиолдор, альвеола жолчолору жана альвеола баштыкчалары сыртынан эң эле майда капиллярлар менен курчалып, дем алган абадагы кычкылтекти канга, ал эми кандагы көмүр кычкыл газын сыртка бөлүп чыгарат. Терең дем алуу учурунда өпкөнүн альвеолалары кеңеет. Ошентип, бир суткада өпкө альвеолалары аркылуу 15 миң лге чейин аба өтөт. Өпкө дем алган газды алмаштыруудан башка организмден сууну, газ абалындагы дарыларды жана алкоголду да бөлүп чыгарат. Ар бир өпкө сыртынан өтө эле жука, жылмакай чел кабык — плевра менен капталган.
== Өпкө оорусун аныктоо жолдору ==
Өпкөнүн оорусун изилдөө негизинен көкүрөк клеткасын манжалар менен кагуу ([[Перкуссия]]), фонендоскоп менен угуу жана рентгендик изилдөөлөрдүн жардамы менен аныкталат.
 
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өпкө" булагынан алынды